Москва: Чатырдагы өрт, документи күйгөн кыргыздар

- Author, Калыйнур Калмурза уулу,
- Role, Москва
Москванын чет жакасында Голохвастов деп аталган аймакта коронавирус бейтаптарын дарылоочу оорукананын курулушунда иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын жетөөсүнүн документтери чатырдагы өрт кырсыгында күйүп кетти.
Өрт түнкү саат болжол менен 23:30 башталган . Кыргыздар жашаган бир гана чатыр күйгөнүн ошол аймакта иштеп жаткан биргадир Замир Кулукеев кабарлады:
"Бир бригада, 10 чакты баланын жашап жаткан чатыры күйүп калды. Күйгөн чатырда балдардын документтери калып кеткен. Жумуштан үшүп келишип от жагышкан. Өрт ошол жаккан оттогу мештен чыккан. Булар отту катуу жагып жиберишкен. Негизи катуу суук болуп атат. Чатыр өрттөнгөндө качып чыгышкан. Документтери калып кеткен. Мен өзүм окуя болгон жерде жок болчум. Эртең менен күлү да калбаптыр. Эч нерсе болбогондой таптаза кылып тазалап коюшуптур".
Окуя болгон жерге Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери барып келишти. Өрттөн жабыркагандар жок. Элчилик документтери күйүп кеткен жарандардын тизмесин алып, аларга укуктук жардам көрсөтүп баштады. Ал эми курулуштагы өрттөнүп кеткен чатырлардын ордуна вагон беришти. Жумушчулар иштерин улантууда.

Социалдык тармакта тараган видеолордо оорукананын курулушунда болгон өрттөн эки миңдей кыргыз мигранты жабыркады деген маалымат айтылат. Анын жалган экенин окуя болгон жерге барып келген консулдук бөлүмдүн юристи Мырзапаяз Карагулов билдирди:
"Мен кечээ өзүм барып келдим. Эки миң эмес, ал жерде жети эле кыргыз болгон. Жабырланган эч ким жок, жаракат алган да эч ким жок. Азыр ал балдар иштеп жатышат. Күнүнө 2300дөн 3 миң рублга чейин эмгек акы алышат экен, шарттары жакшы. Кетпейбиз, иштейбиз бизге документтерди даярдап бергиле дешти. Консулдук кызмат иштеп жатат. Ал жерге кырдаалга жараша аскердик чатырлар тигилген экен. Эки эле чатыр өрттөнгөн. Өрт коопсуздугу сакталган, жанында бир өрт өчүрүүчү машинасы, бир тез жардам унаасы турат. Үшүп келген балдар оттуу каттуу жагып жиберишкенде жалын жанындагы палатканы жалмап, өрт чыккан. Эки эле чатыр күйгөн".

Март айынын ортосунда Москванын мэри Сергей Собянин коронавирус пандемиясына каршы даяр туруш үчүн Москванын чет жакасына атайын оорукана курдуруп баштаган. Анын жалпы аянты 43 гектар. 500 орундуу бир кабаттуу 50 корпус салынып жатат. Курулушка сегиз миңге жакын адам тартылган, алардын арасында кыргызстандык мигранттар көп.
Арасулов Союзбек ушул курулушту тейлеген фирмалардын биринде сантехник:
"Жумуш оор деле эмес бирок, биз шаарда жашагандыктан убакыттын көбү жолго кетип калып жатат. Эртең менен саат алтыда туруп автобуска жетишип калыш керек. Жумуш сегизде башталып кечинде жетиде бүтөт. Автобус кайра шаарга кечки сегизде алып кетет. Жол тыгын үйгө жеткиче саат он болот. Батырак бүтүп кетсек жакшы болмок. Уйкудан калып атам".
Ыкчам темп менен иштеп жаткан курулушчулардын коронавирустан коргонуу тууралуу ою деле жоктой. Түштөнүү үчүн келе жаткан жумушчулардын тобунан маска тагынгандары чанда. Тамак берилип баштаганда бочкадагы муздак суу менен самыны жок эле колдорун чайкап жатышты. Бир вагондон тамакты тизме менен таратып жатты. Тамакты эшикте эле тигинен туруп жеп жатышты.












