Түркия: Вандагы кар көчкү 33 кишинин өмүрүн алды

Куткаруу иштерине туман жана кар тоскоолдук жаратып жатканы айтылды

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куткаруу иштерине туман жана кар тоскоолдук жаратып жатканы айтылды

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван провинциясында экинчи ирет кайталанган кар көчкүдөн кеминде 33 киши каза таап, 53 киши жаракат алды.

Шейшембиде биринчи кар көчкү жүргөндө беш киши көз жумган эле. Кырсык болгон жерге 300 куткаруучусу барды. Экинчи жолу кар көчкү жүргөндө куткаруучулар ошол аймакта болчу.

Түркиялык Hürriyet басылмасы Ван провинциясынын губернаторуна шилтеме берип, каза тапкандар арасында куткаруучулар, полиция кызматкери дагы бар экенин жазып чыкты.

Видеонун түшүндүрмөсү, Ван провинциясындагы кар көчкүдөн кеминде 33 киши каза тапты

Түрк телеканалдары кырсык болгон жерге аскерлер жана жакынкы Бахчесарай шаарынын тургундары жардамга келгенин кабарлады. Куткаруу иштерине туман жана кар тоскоолдук жаратып жатканы айтылды.

Карта

Кар алдында калган 30 кишинин куткарууга мүмкүн болгон. Издөө иштери уланып жатат. Өлкөнүн ички иштер министринин айтымында, унаалардын бирин 4-5 метр казып, анан таап чыгышкан.

Кар алдында куткаруучулардын унаасы жана 50дөй кызматкер калган болушу мүмкүн деп айтылды. Шейшембиде болгон кар көчкүдө микроавтобус жана жол тазалаган унаа кар алдында калган. Эки киши дайынсыз болуп, табыла элек.

Ванда Памирден ооп барган кыргыздар дагы жашайт. Кар көчкү жүргөн жер Вандагы кыргыздар жашаган аймактан 200 чакырымдай алыстыкта деп айтып берди Би-Би-Сиге жергиликтүү тургун Абдулметин Кескин.

"Кыргыздар жашаган аймактан 216 чакырымдай алыстыкта. Биринчи көчкү жүргөндө Ван менен Бахчесарайдын жолунда автобус көчкү алдында калган экен деп айтылды. Аларды куткаруу үчүн баргандар экинчи көчкүдөн жабыр тарканын уктук. 38 киши каза тапты. Көп кишилердин дайыны табылбай жатат. Үчүнчү жолу дагы көчкү жүрөт деп эскертип жатышат",-деп айтып берди Абдулметин Кескин. (AbA)