Ирандагы АКШ элчилигин басып алуу: Окуя кандай болгон?

Ирандагы АКШ элчилигин басып алуу өлкөнү дипломатиялык кризиске кептеп, азырга чейин уланууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандагы АКШ элчилигин басып алуу өлкөнү дипломатиялык кризиске кептеп, азырга чейин уланууда

Аятолла Хомейни бийликке келген 1979-жылдагы Ислам ыңкылабы учурунда бир нече радикалдуу маанайдагы студенттер Тегерандагы америкалык элчиликти басып алышкан. Элчиликтин бир нече кызматкерин барымтага алышкан. Бул окуя өлкөнү дипломатиялык кризиске кептеп, азырга чейин уланууда.

Окуя кандай башталып, кандай өнүккөнү Би-Би-Синин сүрөт баяндамасында.

Шахтын качышы, 1979-жылдын 1-январы

Шах менен жубайы Иранды таштап чыгып баратат

Сүрөттүн булагы, Tasnim

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шах менен жубайы Иранды таштап чыгып баратат

1979-жылдын 1-январында Ирандын шахы Мохаммед Реза Пахлави жубайы менен чогуу өлкөдөн чыгып кеткен. Египетке учуп барып, андан кийин Нью-Йоркко сапарын улаган. Ал өлкөнү 1941-жылдан бери башкарып келген эле.

1-февраль - Ислам ыңкылабынын жеңиши

Шахтын эзелки каршылашы, саясий атаандашы болгон аятолла Хомейни 14 жыл Парижде куугунда жүрүп, Иранга 1-февралда кайтып келген. Анын жактоочулары Батыш менен Чыгышка көз каранды болбогон саясат жүргүзүүнү колдогон. Хомейни элдик биримдик өкмөтүн түзүү боюнча парламенттин сунушун четке каккан.

Тегерандагы имараттардын биринде тартылган граффити. Ислам ыңкылабынын жеңиши жарыяланардан эки апта мурун тартылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегерандагы имараттардын биринде тартылган граффити. Ислам ыңкылабынын жеңиши жарыяланардан эки апта мурун тартылган. Сүрөттө аятолла жана шах

25-февраль: Элчиликке кол салуу

Ыңкылаптын жактоочулары Америкага каршы маанайда эле. Плакатта "Кылмышкер америкалыктар, үйүңөргө кеткиле",-деп жазылып турат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ыңкылаптын жактоочулары Америкага каршы маанайда эле. Плакатта "Кылмышкер америкалыктар, үйүңөргө кеткиле",-деп жазылып турат

Ирандагы солчул радикалдардан турган топ америкалык элчиликке кол салып, аны убактылуу басып алган. Мехди Базарган башында турган убактылуу өкмөт элчиликти басып алгандарды араң чыгарган.

Убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министри Ибрагим Язди бул окуядан кийин америкалык элчиликтин коопсуздугуна кепилдик берген.

1-июнь: Шах Мексикага сапар алды

Шах Реза Пахлави, жубайы жана уулу АКШ президенти Ричард Никсон (солдон экинчи) менен. Мексика, 1979-жылдын июлу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шах Реза Пахлави, жубайы жана уулу АКШ президенти Ричард Никсон (солдон экинчи) менен. Мексика, 1979-жылдын июлу

Шах Реза Пахлави британ өкмөтүнөн саясий башпаанек сурап, бирок тескери жооп алгандан кийин Мексикага келген.

6-октябрда шах Америкага келди

Нью-Йорктогу шахтын ооруканага жатышына каршы болгон демонстрациялар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нью-Йорктогу шахтын ооруканага жатышына каршы болгон демонстрациялар

Чет жакта жүргөндө шахтын ден-соолугу начарлай берген. Айрым чиновниктердин каршы болгонуна карабай, АКШ бийлиги шахтын Нью-Йоркко келип, онкологиялык борборго жатышына шарт түзөт.

Айрым америкалык саясатчылар жана дипломаттар шахтын өлкөгө келиши иран-америкалык мамилелерди курчутуп, Ирандагы радикалдар элди убактылуу өкмөткө каршы чыгарууга шарт түзөт деп эскертишкен.

Лондон: шахты Иранга кайра кайтаруу талабы менен чыккан акция

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лондон: шахты Иранга кайра кайтаруу талабы менен чыккан кишилер

1-ноябрь: Шахты экстрадициялоо талабы

Ибрагим Азгарзаде (солдо) исламчыл-студенттерди жетектеген, Мохаммед Мусави Хоэни (оңдо) колдоо көрсөтүп турган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ибрагим Азгарзаде (солдо) исламчыл-студенттерди жетектеген, Мохаммед Мусави Хоэни (оңдо) колдоо көрсөтүп турган

Тегерандагы АКШ элчилигинин алдына миңдеген киши чогулуп, шахты кабыл алганы үчүн Америкага нааразылык билдиришкен.

Ирандык солчулдар АКШ бийлиги ынандырган жүйөөлөрдү айта албады деп, убактылуу өкмөттү сынга алды. Убактылуу өкмөттү АКШ бийлиги менен кызматташкан деп айыпташты.

Ноябрдын башы: Студенттердин жашыруун жыйыны

АКШ шахты кабыл алгандан кийин Иранда нааразылык толкуну басылбай турду. Ушул күндөрдө Тегерандан алыс эмес жердеги тоодо саясий активдүү беш студент жашыруун жолугуп, чечкиндүү чараларды көрүүнү кеңешет. Алар АКШ элчилигине кол салууну чечет.

"Дүйнө бизди угушун каалаганбыз жана шахтын маселеси аркылуу биз дүйнөгө Американын эл аралык калпын көрсөткүбүз келген",-деп кийин ошол студенттердин бири айтып берген.

Элчиликти басып алуу операциясы боюнча бир нече ирет жолугуп, план түзүшкөн. Ага Хомейниге жакын эсептелген Мохаммед Мусави Хоэни дагы катышып турган. Хоэни "бул студенттердин каршылык жүрүшү катары каралат" деп айткан.

Аятолла Хомейниге эч кандай маалымат беришпейт. Элчиликти басып алуу элдик толкундоонун арты менен болгондой көрүнүшү керек эле.

4-ноябрь: Бзежинскийдин убактылуу өкмөт менен жолугушуусу

Збигнев Бзежинский президент Жимми Картер жана Мамдепартаменттин жетекчиси Сайрус Вэнсом менен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Збигнев Бзежинский президент Жимми Картер жана Мамдепартаменттин жетекчиси Сайрус Вэнсом менен

Ирандын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Мехди Базарган, тышкы иштер министри Ибрагим Язди жана коргоо министри Мустафа Чамран алжирлик ыңкылаптын маарекелик датасын белгилөө үчүн уюштурулган иш чарага катышууга кетет.

Алжирде алар АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Збигнев Бзежинский менен жолугушууга аракет кылышат. Аягында бул ишке ашып, сүйлөшүүлөр узакка созулат.

АКШ расмийи менен болгон жолугушуу тууралуу жаңылык ирандык ыңкылапчылардын кыжырын келтирген. Студенттер каршылык жүрүштөрүнө чыгат. Базарган студенттерди тарап кетүүгө чакырган. Муну "саясатчылардын маанайы ыңкылапчыл маанай менен дал келбейт" деп кабыл алышкан.

Оңдон солго: Мехди Базарган, Сириянын тышкы иштер министри Абдул Халим Хаддам, Мустафа Чамран, Ибрагим Язди жана Хафез Асад, Алжирде тартылган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Tarikh Iran

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оңдон солго: Мехди Базарган, Сириянын тышкы иштер министри Абдул Халим Хаддам, Мустафа Чамран, Ибрагим Язди жана Хафез Асад, Алжирде тартылган сүрөт

4-ноябрдын түнү: чабуулга даярдык

Студенттик уюмдарды башкарып жүргөндөр элчиликке кол салууга жоопкер болгондорду эрте мененки саат алтыга чогулууга буйрук берет. Автобуста олтуруп алып, элчиликке байкоо салып олтурганбыз, деп кийин эскерген алардын бири. Элчиликтин алдында активисттер тобу жыйналып турган.

Элчиликке кол салуу

Студенттер 5-ноябрь күнү элчиликке чабуул койгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Студенттер 5-ноябрь күнү элчиликке чабуул койгон
аятоллы Хомейни

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпчүлүгүнүн колунда аятолла Хомейнинин сүрөтү бар эле

Ошентип студенттер элчиликке чабуул жасаган. Күзөтчүлөр көздөн жаш агызган газ колдонот. Бирок студенттер имараттын эшигин бузуп кирип кетишкен. Көпчүлүгүнүн колунда аятолла Хомейнинин сүрөтү бар эле.

Окуя болгон жерге полиция дароо жетип келип, бирок чара көрө алган эмес. Комплексти эки сааттын ичинде басып алышкан.

Студенттер Нью-Йоркто дарыланып жаткан шах Пахлавини берүүнү талап кылган. АКШ дипломаттары, куралын алдырган деңиз аскерлери жана офицерлер, жалпысы болуп 90 киши барымтада калган. Кийин аялдарды, кара терилүүлөрдү жана америкалык жарандыгы жокторду бошотушат. Калган 52 киши туткунда 444 күн болгон.

АКШ "ыңкылапчылардын" талабын четке какты.

АКШ дипломаттары жана элчиликтин кызматкерлери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ дипломаттары жана элчиликтин кызматкерлери

Аятолла Хомейни элчиликтин басып алынышын колдогон. Аятолланын уулу Ахмад Хомейни атасынын атынан басма сөз жыйынын өткөрүп, студенттердин аракетин бүтүндөй иран эли колдогонун айткан.

Ушундан көп өтпөй Мехди Базарган убактылуу өкмөттүн отставкасын жарыялады.

Часть заложников в посольстве США

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Аятолланын уулу Ахмад Хомейни атасынын атынан басма сөз жыйынын өткөрүп, студенттердин аракетин бүтүндөй иран эли колдогонун айткан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аятолланын уулу Ахмад Хомейни атасынын атынан басма сөз жыйынын өткөрүп, студенттердин аракетин бүтүндөй иран эли колдогонун айткан
Элчилик басып алынган 16, 17 күндөн кийин беш кишини барымтадан бошотушкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Элчилик басып алынган 16, 17 күндөн кийин беш кишини барымтадан бошотушкан

9-декабрда шах АКШны таштап чыгып, Панамага өтүп кеткен. Ал жерде деле көпкө турбай, кийин Египетке кайтып келип, август айында оорудан каза тапкан.

АКШ атайын операция аркылуу барымтадагыларды бошотууга аракет кылып, анысы ийгиликсиз болгон. Бороонго кабылган тик учактардын бири кыйроого учурап, өрттөн сегиз аскер кызматкери каза тапкан.

ороонго кабылган тик учактардын бири кыйроого учурап, өрттөн сегиз аскер кызматкери каза тапкан

Сүрөттүн булагы, Khorasannews

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ороонго кабылган тик учактардын бири кыйроого учурап, өрттөн сегиз аскер кызматкери каза тапкан
Барымтага алынгандар 444 күндөн кийин АКШга кайтып келишкен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Барымтага алынгандар 444 күндөн кийин АКШга кайтып келишкен

1981-жылы 19-январда АКШ менен Иран келишимге жетип, барымтада кармалгандар боюнча маселеге чекит коюлган.