Сириядагы согуш: Анкара Европага эскертүү берди

Сүрөттүн булагы, AFP
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын түндүгүндө коопсуз зона түзүү долбооруна колдоо болбосо, сириялык мигранттарга Европаны көздөй жол ачарын эскертти.
Эрдоган Түркия "логистикалык жардамга" муктаж экенин айтты.
"Бизге колдоо көрсөткүлө же биз мигранттарга жолду ачууга аргасыз болобуз",-деди ал.
Түркиянын президенти коопсуз зонага бир миллиондон ашуун качкынды жайгаштыруу планын билдирди. Учурда Түркияда үч жарым миллиондон ашуун сириялык качкын бар. Анкара "коопсуз зонаны" келечекте күрд куралчандарга каршы "буффер зона" катары колдонгон жатат.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Мындай аймакты түзүүгө АКШ да кызыкдар экенин ырастаган. Бирок өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзгөн, Вашингтондун өнөктөшү катары белгилүү болгон күрд куралчандары Анкаранын долбооруна тынчсызданып турат. Алар "коопсуз зонага" түрк аскеринин келишин каалабайт.
"Биздин максат бир миллионго чукул сириялык тууганыбызды коопсуз зонага көчүрүү. Мындай зонаны 450 чакырымга созулган чек арага чектеш аймакта курабыз. Бизге логистикалык колдоо көрсөткүлө. Биз Сириянын түндүгүндө чек араны көздөй отуз чакырым кирип барып, качкындарга турак-жай курабыз",-деди Эрдоган.
Түркия менен Европа биримдиги 2016-жылы мигранттар боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Түркия чек араны катуу көзөмөлдөп, качкындарды Европага өткөрбөйт. Ал эми Европа Биримдиги Анкарага алты миллиард евро төлөп бермек. Эрдоган 5,6 млрд евро которулду деп Биримдик маалымдаганына карабастан, Анкара үч миллиард евро алганын гана айтты.
Идлиб качкындары
Түркия "коопсуз зонаны" америкалык аскерлер менен бирге кайтаргысы келет. Сириянын түндүк-батыш тарабындагы Идлиб провинциясында салгылашуулар күчөсө, Анкара качкындардын саны кыйла өсөрүн жоромолдоп жатат.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency
Идлиб - президент Башар Асадка оппозиция болгон күчтөрдүн көзөмөлүндөгү эң акыркы провинция. Ошол эле маалда Идлибдин чоң бөлүгү оппозиция эмес, радикалдуу жихаддык топтор тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
АКШ армиясынын жогорку даражалуу генералдарынын биринин болжолунда, Идлибде 20-30 миңдин тегерегиндеги куралдуу жоочу бар. Ушундай эле санды БУУ дагы ырастап жатат.
Сириянын бийлиги Идлибде 100 миң жихадчы бар дейт. Ошондуктан "экстремизмдин очогун" жок кылуу зарыл деп жатат.
Ошол эле маалда Идлиб сириялык оппозициянын миңдеген жактоочуларынын баш калка жайына айланды.
БУУнун маалыматына таянсак, учурда Идлибде үч миллион чамалуу жайкын тургун бар жана алардын ар бир үчүнчүсү бала. Булардын 40% чамалуусу мурда оппозиция көзөмөлдөгөн башка райондордо жашаган. (AT)












