Сирия: "Ислам мамлекетинин" акыркы чебине сокку

АКШ колдоого алып жаткан Сириянын оппозициялык күчтөрү өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топтун көзөмөлүндөгү акыркы аймакка чабуул койду.

Чабуулдун алдында 20 миңдей жайкын тургун эвакуацияланган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чабуулдун алдында жайкын тургундар эвакуацияланган

Өлкөнүн чыгышындагы Ирак менен чек арада айыгышкан кармаштар жүрүп жатканы кабарланууда. "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" өкүлү Мустафа Бали "Ассошиэйтед пресс" агенттигине "алардын алдында эң тажрыйбалуу жихадчылар каршы турганын" айткан.

"Айыгышкан кармаш жүрүп жатат. Коргонуп жаткан жихадчылар өтө тажрыйбалуу. Ошондуктан кармаштын мүнөзүн элестеттүү кыйын эмес",-деди Мустафа Бали "Ассошиэйтед пресс" агенттигине.

Чабуулдун алдында Мустафа Бали 20 миңдей жайкын тургун эвакуациялангандан кийин "ИМди талкалоо" башталарын жарыялаганы бар. "Сириянын демократиялык күчтөрү" президент Башар Асадга оппозиция.

Мындан эки жыл мурун өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топ Сирия менен Ирактын аймагында чоң жерлерди ээлеп алууга жетишкен эле. Бирок азыр террордук топ Ирак менен чек арадагы Дейр-эз-Зор провинциясынын чакан гана аймагын кармап турат. Акыркы айларда "Сириянын демократиялык күчтөрү" америкалык аба чабуулдарынын колдоосу менен өлкөнүн түндүк-чыгышындагы "ИМ" тобу ээлеп алган аймактарды бошотту.

2014-жылы өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топ чоң аймакты ээлеп алгандан кийин халифат жарыялап жиберишкен. Алар көзөмөлдөп турган аймакта 7,7 млн киши жашачу.

Башар Асадга оппозиция "Сириянын демократиялык күчтөрүн" 2012-жылдан бери АКШ колдоого алууда

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башар Асадга оппозиция "Сириянын демократиялык күчтөрүн" 2012-жылдан бери АКШ колдоого алууда
Presentational grey line

Террордук топтун акыркы коргонуусу деп айтууга болобу?

Би-Би-Си Себастьян Ашер

Акыркы айларда АКШ колдоого алып жаткан "Сириянын демократиялык күчтөрү" өлкөнүн түндүк-чыгышындагы "ИМ" террордук тобу ээлеп алган шаарларды, айыл-кыштактарды чоң кыйынчылыктар менен бошотту. Жихадчылардын көзөмөлүндө өтө чакан жер калды. АКШ президенти Дональд Трамп ушул аптада "ИМдин" толук талкаланганын жар салабыз деп айткан. Бул билдирүү АКШнын аскер күчтөрүн Сириядан чыгаруу боюнча чечимге жакшы үндөштү.

Абу Бакр Багдади

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абу Бакр Багдадини 2014-жылдан бери эч ким көргөн эмес

Бирок бул картинаны толук тартып бере албайт. Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топ чакан болсо да акыркы аймагын кармап турат. Алардын "уйкудагы ячейкалары" эч жакка житип кеткен жери жок. Ушундай эле кырдаал Иракка дагы мүнөздүү. Топтун согушкерлери жашыруун аракетке өтүп, диверсиялык операцияларды өткөргөнгө потенциалы жетиштүү экенин эч ким жокко чыгарбайт.

Бирок барымтага алынгандардын тагдыры белгисиз. Маселен, британдык журналист Жон Кэнтлистин кабары чыкпай турат. Ошондой эле "ИМдин" лидери Абу Бакра Багдадинин өлүү же тирүү экени, ага байланышкан түшүнүксүз жагдайлар бүдөмүк бойдон кала берүүдө.

Presentational grey line

Канча согушкер калды?

Видеонун түшүндүрмөсү, “ИМ” тобунун согуш тилкеси: кармашка тартылган балдар

БУУнун маалыматына караганда, өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топ чоң жоготууларга учурады. Ирак менен Сирияда топтун курамында болжолу 14-18 миң согушкер бар. Алардын ичинде үч миңи чет өлкөлүк согушкер болушу мүмкүн.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топтун жолун жолдоочулар Ооганстанда, Египет, Ливия, түштүк-чыгыш Азияда жана Батыш Африка өлкөлөрүндө көп. (AbA)

Видеонун түшүндүрмөсү, “ИМ” тобунун мурунку мүчөлөрү Европаны көздөй качууда