Экзит-полл: Токаев 70% ашык добуш менен эң алдыда

Казакстанда жекшембиде болгон президенттик шайлоодо экзитполдун эсеби боюнча Касым-Жомарт Токаев 70% добуш алып, алдыда келатат. Шайлоо күнү санкциясы жок митингге чыкканы үчүн полиция беш жүздөй адамды кармады.

Видеонун түшүндүрмөсү, Шайлоо күнү санкциясы жок митингге чыкканы үчүн полиция беш жүздөй адамды кармады

"Коомдук пикир" уюму жүргүзгөн сурамжылоо боюнча, К. Токаев 70,13% добуш менен эң алдыда баратат. Оппозициянын талапкери Амиржан Косанов 15,39% добуш алып, экинчи келатат.

Айрым басылмалар Нур-Султан шаарындагы нааразылык акциясына 700 чамалуу киши катышканын кабарлады. Ал эми Алма-Ата шаарында 300 киши чогулуп, шайлоого бойкот жарыялоого үндөдү. Нааразылык билдирип жаткандар шайлоо акыйкатсыз жана жасалма өтүп жатат деп, бийликти сынга алууда.

Казакстандын ички иштер минситринин орун басары Марат Кожаев санкцияланбаган митинг өткөргөнү үчүн Нур-Султан менен Алма-Атадан бир нече киши киши кармалганын ырастаган.

Казакстан: шайлоону коштогон митинг, ондогон киши кармалды

Сүрөттүн булагы, AFP

ИИМ уруксатсыз митингдер сот тарабынан экстремисттик деп табылган "Казакстандын демократиялык тандоосу" аттуу кыймыл тарабынан уюштурулуп жатканын айтууда. Аны БТА банкынын мурдагы ээси, азыр чет өлкөдө бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов түзгөн.

Казак оппозициясындагы барандуу саясатчылардын бири катары саналып жүргөн Аблязов 2009-жылы өлкөдөн качып чыккан. Ал сот тарабынан кылмыштуу чөйрөнү түзгөн жана банк каражаттарын уурдаган деп айыпталып, сыртынан жыйырма жылга эркинен ажыратылган.

Мухтар Аблязов 2016-жылы декабрда боштондукка чыкты.

Аблязов коюлган айыптоолорду четке кагып, аны саясий негизде куугунтукка алып жатканын билдирген.

Казакстан: шайлоону коштогон митинг, ондогон киши кармалды

Сүрөттүн булагы, AFP

Президенттик шайлоо өтүп жаткан күнү Казакстандын түрдүү шаарларында митингдер болуп, полиция бир нече кишини кармады

Сүрөттүн булагы, AFP

Жаңы шайланган президентке оңой болбойт

Казакстанда президенттик шайлоо өтүүдө. Шайлоо жарышына жети талапкер катышууда.

Эксперттер Касым-Жомарт Токаевге курч атаандаштык жараткан талапкердин бирөөсүн бөлүп көрсөтүү кыйын дейт. Ошондуктан жекшембидеги шайлоодо Токаев утуп чыгарынан эч ким күмөн санабайт.

Айрым талапкерлер тууралуу кыскача айта кетели. Жамбыл Ахметбеков экинчи ирет шайлоо жарышына чыгууда. 2011-жылы эки пайызга жетпеген добуш алган. Ал элдик коммунисттик партиянын талапкери катары чыкты. 58 жаштагы Дания Еспаева Казакстан тарыхында президентикке талапкер болгон биринчи аял болуп калды. Еспаева Казакстандын мажилисинин депутаты.

"Улут тагдыры" улуттук патриоттук кыймылынан Амиржан Косанов келүүдө, ал коомдук ишмер жана журналист катары таанымал.

Албетте, көптөр "интриганын өзү - өлкө эгемен алгандан бери биринчи жолу башка ысымдуу президент келет" деп тамашалап жатышат. Бирок шайлоо алдындагы жалпы маанай бир кылка эмес. Акыркы айда Казактанда 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого каршы кыймылдар байкалды. Масштабдуу болбосо дагы, каршылык билдирген акциялар орун алып, полиция бир нече кишини камакка алды.

1-май күнү өлкө баш калаасында митинг өткөргөндөрдүн көбүн полиция кармаган эле

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1-май күнү өлкө баш калаасында митинг өткөргөндөрдүн көбүн полиция кармаган эле

Шайлоочулар арасында Касым-Жомарт Токаевден башка альтернатива жок, шайлоодо ким жеңип чыгаары алдын ала белгилүү болуп калды деген сөздөр айтылды. Соңку нааразылык маанайдын дүрт эте калып жатышына бир эле президенттик шайлоо себеп эмес. Активисттер Дарига Назарбаеванын Казакстандын төмөнкү палатасынын спикери болуп шайланышына дагы каршы чыккан. Ошондой эле нааразылык акцияга чыккандар баш калаа Астананы Нур-Султан деп өзгөртүүгө каршы болушту. Мына, өткөн аптада эле Казакстан баш калаасы Нур-Султанда көп балалуу жана жалгыз бой энелер митингге чогулуп, социалдык курчуган маселелерди чечип берүү талабын коюшту. Февралда бир үй-бүлөнүн беш кызы өрттөн каза тапкан кайгылуу окуя катталган эле. Бул Казакстанды солкулдатып, жакырчылык көйгөйүн ашкереледи десек болот. Ошондон бери жүздөгөн энелер көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардамды күчөтүү талабын коюп келе жатышат.

Алмашкыс лидер Назарбаевдин марттагы отставкасы өзгөчө жаштар арасында каршылык акцияларына түрткү болду.

Мындан эки күн мурун Алма-Ата шаарында "Ойгон Казакстан" деген коомдук кыймыл түзүлгөнү жарыяланды. Анын түзүлүшүнө өз алдынча акция уюштуруп, кармалган жаштардын окуясы себеп болду дейт активисттер.

"Биздин бийликке келүү максатыбыз жок. Жөн гана коомдук кыймылбыз. Бирок демократиялык институттарды түзүүнү, ар бир жарандын саясий укгуу үчүн күрөшүүнү максат кылабыз",-деди активисттердин бири, саясат таануучу Димаш Альжанов.

марафон учурундагы плакат

Сүрөттүн булагы, Тамина Оспанова

21-апрелде Алма-Атада өткөн марафон учурунда активисттер Асия Тулесова жана Бейбарыс Толымбеков "Чындыктан кача албайсың!" деген плакатты көтөрүп турушкан. Кийин полиция тарабынан кармалып, административдик жазага тартылган.

Аларга тилектештик билдирүү максатында сүрөтчү Роман Захаров шаардын көчөлөрүнүн бирине "Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы - эл!" деген жазууну илип койгон. Ага да айып пул салышты.

1-май күнү өлкө баш калаасында митинг өткөргөндөрдүн көбүн полиция кармаган эле. (AbA)