Астана Нур-Султанга айланды: Коомдук сайттардагы тамашалар

Казакстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Касым-Жомарт Токаевдин сунушу менен өлкө баш калаасы Астанага биринчи президент Назарбаевдин ысымы берилди.

Астана

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Астананын атын үч ирет өзгөртүштү

Эми шаар Нур-Султан деп аталат. Албетте, коомдук сайттарда таң калган, муну күлкүгө айланткан пикирлер жайнап чыкты.

Назарбаевдин отставкасынан бир күндөн кийин эле анын ысымы баш калаага берилди. Конституциялык кеңеш бул сунушуту колдоду. Ушул эле күнү жогору жана төмөнкү палатанын биргелешкен жыйынында баш калаанын атын өзгөртүү боюнча мыйзамды колдоп чыгышты.

Бул мыйзам күчүнө кириш үчүн ага президент кол коюш керек. Бирок 2008-жылы ушундай сунушка Назарбаев өз каршы болуп койгон эле.

Пост в "Твиттере"

Сүрөттүн булагы, Twitter

"Нурсултан шаарындагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко куш келиңиздер! Нурсултан Назарбаевдин эстелигине барыш үчүн Нурсултан Назарбаев университетин көздөй басыңыз",-деп какшык ыргытат "Фейсбук" колдонуучулардын бири Рустам Кыпшакбаев.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 1

Дагы бир колдоонучу казакстандык футболду Нурболго айлантууну сунуштап жиберди.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 2

Шаардын атын биринчи жолу өзгөртүп жатышкан жок. Айталы, падышалык Орусиянын карамагында турган учурундагы Акмола кийин Хрущевдин учурунда Целиноград болуп өзгөргөн. Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Акмола ысымын кайра алды. 1997-жылы баш калаа жылдырылганда Астана болуп өзгөргөн.

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 3

Айрымдар башка өлкөлөрдө деле биринчи президенттин ысымын борборго берген мисалдар бар экенине көңүл бурушту. (AbA)

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 4
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

X посттун аягы, 4