Владимир Зеленский Жогорку Раданы таратабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын кызматка жаңы киришкен президенти Владимир Зеленский баш калаа Киевде ант берип, Жогорку Раданы таратам деп жар салды.
"Мен сегизинчи чакырылыштагы Жогорку Раданы таратып жатам. Украинага даңк",- деди Зеленский кызматка киришкенден кийинки кайрылуусунда.
Саясатта эч тажрыйбасы жок Зеленский Украинадагы президенттик шайлоодо жетимиш пайыздан ашуун добуш берүүчүлөрдүн колдоосун алып, 2004-жылдан бери бийликте отурган Петро Порошенкону алмаштырууда.
Эффективдүү президент болуу үчүн Владимир Зеленский парламенттин колдоосуна муктаж. Парламенттеги башкаруучу коалицияда Петро Порошенконун блогу бар болчу. Порошенконун өнөктөштөрү жана анын фракциясы Зеленскийге келишкис оппозиция болуп калышы мүмкүн эле. Бирок өткөн аптада башкаруучу коалиция тарап кетти. Мыйзамга ылайык, президент жаңы коалиция түзүү үчүн көпчүлүк орунду ээлеген партияга отуз күн бериши керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Зеленский президент катары биринчи кайрылуусунда Жогорку Раданы таратам деп жар салып, июль айында кезексиз шайлоо өткөрүү керектигин айтты. Ошол эле кезде бул кадамга барууга анын укугу барбы деген суроо чыкты.
Өлкөдөгү айрым саясатчылар Зеленскийдин кадамына таң калган жок, алар тарых кайталанып жатат деген пикирде.
"Беш жыл мурун президент Порошенко кызматка келгенде деле ушундай кылган. Ал дагы парламентти тараткан. Ошол кездеги депутаттар мурдагы президент Януковичти колдогондуктан, Порошенко аларды жактырган эмес. Бирок бир күнү баары өзгөрдү, себеби жараксыз деген парламентке өзүнүн жакындары келди. Тарых кайталанып жатат. Жаңы президенттин бул кадамы мени таң калдырган жок",- деди украиналык оппозициячыл депутат Алексей Рябчин.
Жогорку Рада таратылат деп жарыялоодон мурун Зеленский депутаттарды бир катар мыйзамдарды колдоп берүүгө чакырды. Анын ичинде атайын кызматтын башчысын, Башкы прокурорду жана Коргоо министрин кызматтан кетирүүнү өтүнгөн.
Зеленскийди кандай көйгөйлөр күтүп турат?
Зеленский шайлоодо жеңишке жеткенден бери маалымат жыйынын өткөрүп же журналисттерге интервью берген жок. Ал алгачкы ишти кайсыдан баштаары да белгисиз.
Үгүт иштеринде Зеленский коррупция тууралуу көп сөз кылган эле. Өткөн айда президенттин жардамчылары депутаттардын кол тийбестигин жокко чыгарабыз деп жар салган. Ошондой эле курал-жарактарды сатып алуу ачык өтүшү керек деп белгилешкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок Зеленский Украинанын чыгышындагы согушту кантип токтотот деген суроо чыгууда. Саясатчы Орусияга жан тарткан жикчилдер менен "жаңы мамиле" түзүп, жаңжалды токтотуу үчүн "маалымат согушун" жүргүзөм деп айткан.
"Оор чечимдерди кабыл алуудан качпайм. Тынчтыкка жетүү үчүн популярдуулугумду, рэйтингди, керек болсо кызматымды жоготуудан коркпойм", - деди президент Зеленский парламенттеги кайрылуусунда.
Өлкөнүн чыгышындагы жаңжалдан 12 миң адам каза тапты. Андан тышкары Украина 2014-жылы Крым аймагынан айрылды.
Ал аңгыча шайлоодо Зеленскийди колдоду, эми аны башкарат деп айтылган олигарх Игорь Коломойский эки жыл чет мамлекетте жүрүп, Украинага кайтып келди.
Коломойскийге каршы бир нече тергөө иштери дале жүрүп жатат. Зеленскийди колдогондон кийин анын эсесине эмне алат деген дагы талкуу жаралды.
Владимир Зеленский тууралуу

Владимир Зеленский 1978-жылы Кривой Рогдо туулган. Бала чакта төрт жыл Монголияда жашап калышат.
Анткени атасы техника илимдеринин доктору болгондуктан, ошол өлкөдө иштеп калган. Биринчи жолу мектепке Монголияда жүргөндө барган экен.
Криворож экономикалык институтунун юридикалык факультетин бүтүргөн. Бирок кесиби менен иштеген эмес.
Мектепте жүргөндө эле чыгармачыл даремети көзгө урунуп, кийин "Запорожье - Кривой Рог - транзит" аталышындагы КВН командада ойногон. 1997-жылы достору менен өзүнчө "95- квартал" аталышындагы команда түзүп кетет.
Александр Масляков менен чатакташа кетип, 2003-жылы КВН таштап кеткен. "Кечки квартал" аталышындагы жеке шоу программасын ачып алат.
"Квартал-95" 10 көркөм тасмага продюсерлик кылды. (ATch)












