Месси менен Роналдудан артпаган "Алтын топ" Модричке тийди

Мадриддик "Реал" клубунун жана Хорватия курама командасынын жарым коргоочусу Лука Модрич "Алтын топ" сыйлыгына ээ болду.

33 жаштагы жарым коргоочу бул жылы "Реал" менен Чемпиондор лигасын утуп алды. Дүйнөлүк чемпионатта Хорватия жарым финалга чейин жеткен.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 33 жаштагы жарым коргоочу бул жылы "Реал" менен Чемпиондор лигасын утуп алды. Дүйнөлүк чемпионатта Хорватия жарым финалга чейин жеткен.

2007-жылдан баштап Дүйнөлүк футбол уюмунун бул беделдүү сыйлыгын эки гана оюнчу - Криштиану Роналду менен Лионель Месси алып келген. Алар 2007-жылдан баштап беш жолудан cыйлыкка ээ болушкан.

Сыйлыкты алып жатып, Модрич "Реал" командасына ыраазычылыгын билдирди. Модричке чейин бир дагы хорват футболчусу бул сыйлыкты алган эмес.

33 жаштагы жарым коргоочу бул жылы "Реал" менен Чемпиондор лигасын утуп алды. Дүйнөлүк чемпионатта Хорватия жарым финалга чейин жеткен.

Хорватиянын "согуш балдары"

Модрич "согуш балдарынын" бири. Бул "балдар" хорват спортунун тарыхындагы жаңы баракты ачты. Улуттук футбол командасынын курамындагы бир нече оюнчу 1991-жылы Югославия ыдырагандан кийинки кандуу жаңжалды башынан кечирген. Словения менен Хорватия эгемендигин жарыялаганына серб-югославиялык күчтөр жазалоо операциясы менен жооп берген.

"Согуш балдарынын" кучакташуусу: Лука Модрич жана Иван Ракитич Англияны утуп алган оюндун соңунда.

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лука Модрич жана Иван Ракитич Дүйнөлүк чемпионатта Англияны утуп алган оюндун соңунда.

Модрич жана анын командадагы өнөктөшү Ведран Чорлука өзүнүн өлкөсүндө качкынга айланган.

Болочоктогу футболчулардын көбү Хорватиядан качып чыккан үй бүлөлөрдөн эле. "Барселона" клубунун жылдызы Иван Ракитичтин бүлөсү Швейцариядан башпаанек тапкан. Кийин ал эр жеткенде Хорватия командасын өзү таап келди.

"Балканда эмне болуп жатканын бала кезде түшүнүү кыйын болчу. Ата-энебиз агам экөөбүз менен согуш тууралуу, жакындарынан кантип айрылышканы тууралуу сүйлөшчү эмес. Бизге оңдой берди болгон",-деп айтып берген Ракитич Players' Tribune сайтына.

Модричтин алгачкы топ тээп футболго ынтызар болгон балылыгы порт шаары Задарда өттү. Анда бул аймак сербиялык аба чабуулдарына кабылып турган. Анын чоң атасы мерт болуп, үйүн өрттөп кетишкен. Балалыктын жүрөктө калган дартынан футбол айыктырганын эскергени бар.

Ал учурда ата-энеси "бомбадан жашырынган жертөлөдөн алыс кетпегиле" деп айтчу экен. Балдары талаада минага жарылып кетеби деп кооптонушкан.

"Согуш мени күчтүү кылды"

"Ал учурда мен сегиз гана жашта элем, өтө оор мезгил эле",-деп эскерген 2008-жылы Модрич. Бул анын согуш тууралуу айткан сейрек учурларынын бири эле.

"Согуш мени күчтүү кылды. Бул эскерүүлөр мени өмүр өткөнчө коштоп жүрүшүн каалабайм. Бирок, унутуп да салгым келбейт".

1950-жылдагы Уругвайдын ийгилигинен кийинки футбол чемпионатынын финалына жеткен эң чакан өлкө - хорваттар болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1950-жылдагы Уругвайдын ийгилигинен кийинки футбол чемпионатынын финалына жеткен эң чакан өлкө - хорваттар болду.

Хорватиянын калкынын саны 4,1 млн киши. Дүйнөлүк чемионатта 1950-жылдагы Уругвайдын ийгилигинен кийинки финалга жеткен эң чакан өлкө - хорваттар болду. (AbA)