Футбол чемпионатынан орус экономикасына түшкөн киреше
2018-жылдагы Орусиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын уюштуруу комитети кирешесин санады. Алардын баасында, мелдешти өткөрүүдөн орус экономикасына 950 млрд рубль (14,5 млрд доллар) акча түшкөн.

Сүрөттүн булагы, Alexander Ryumin/TASS
Отчетту даярдоодо чемпионат учурундагы күйөрмандардын чыгымдары, инфраструктурага инвестиция, ошондой эле даярдык учурундагы башка чыгымдар дагы эсептелген.
Уюштуруу комитетинин эсебинде, каражаттардын агымы 2013-2018-жылдары калктын кирешесин 459 млрд рублга чейин көбөйтүп, бюджеттеги салык киришеси 164 млрд рублга пайда алып келген.
"Бул жылдар ичинде орто жана чакан ишкердиктин пайдасы сезилерлик өсүп, 797 млрд рубль каражатты түздү. Албетте, бул биринчи кезекте курулуш жана туристтик тармакта",-деп айтылат отчетто.
Ички дүң өндүрүм дагы аймактарда жогору болгон. Айталы, Калининград облусунда жана Мордовияда жылдык ички дүң өндүрүмдүн 20 жана 17% түзгөн.
Апрелде ДЧ-2018 уюштуруу комитети McKinsey компаниясы менен биргеликте чемпионаттын алып келе турган пайдасын эсептеп чыккан. Анда азыркыдан бир топ аз каражат тууралуу сөз болгон эле. 867 млрд рубль - болжолу өлкөнүн бир жылдык ички дүң өндүрүмүнүн 1 пайызы тууралуу кеп болгон. Жакынкы беш жылдыкта дагы кошумча жылына 150-210 млрд рубль деп айтылган.
Май айында Moody's агенттиги футбол чемпионаты (2018) орус экономикасына жагымдуу таасирин тийгизерин айткан. Бирок анын натыйжасы кыска жана анчейин чоң эмес болот деп белгиленген. Moody's эсебинде, чемпионаттын мелдештери өткөн аймактар орточо ИДӨнун 1-2 пайызын кошумча алат деп айтылган.
Федералдык программанын алкагында Орусия ДЧ-2018 өткөрүү үчүн 679 млрд рубль (10,3 млрд доллар) коротту. Чыгымдардын 80% чукулу стадиондордун курулушуна, машыгуу талааларына жана транспорттук инфраструктурага жумшалаган.
Мелдешке даярдык учурундагы чыгымдардын бир бөлүгүн аймактар өздөрү моюнуна алышкан. Жалпысы болуп дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн болжолу Орусия 884 млрд рубль (13,47 млрд доллар) чыгымдаган. (AbA)












