"Реал Мадрид" - "Ливерпуль": Финалда Жеймс Милнер эң маанилүү оюнчубу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Футбол күйөрмандары Чемпиондор лигасынын финалына көңүл буруп турган кези. Финалда быйылкы сезондун эң көп гол тепкен, дүйнөдөгү эң мыкты чабуулчулары бар эки команда беттешет.
"Реал Мадрид" Чемпиондор лигасын 13-жолу утуп алууну көздөп турат. Эгерде испаниялык команда максатына жетсе, алар үчүнчү жолу катары менен чемпион аталмакчы. Ал эми "Ливерпуль" Киев шаарында жеңишке жетсе "Бавария" жана "Барселонадан" озуп өтүп, Чемпиондор лигасын эң көп жолу уткан үчүнчү команда болгон.
Бул беттешүүдө көп голдор болот деп айткандар арбын. Быйлкы сезондо "Реал Мадрид" менен "Ливерпулдун" голдорун санасак, эки команданыкын кошкондо токсондон ашат. Ал себептен футбол күйөрмандары финалды Криштиану Роналду менен Мо Салахтын ортосундагы кармаш деп аташууда. Эки чабуулчу "Алтын топ" сыйлыгы үчүн көрсөтүлөрү калетсиз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок статистиканы кылдат карасак, оюнда эң маанилүү оюнчулардын бири Жеймс Милнер экенин байкаса болот. Жарым коргоочу жарым финалда "Ромага" каршы беттеште мыкты чеберчилигин көрсөтүүгө жетишти. Ал жарым финалда голго алып келген пасты сегизинчи жолу берип, 2016-2017-жылы бразилиялык чабуулчу Неймар койгон рекордко жетти.
"Реал Мадриддин" жарым коргоочулары - Лука Модрич, Тони Кроос, Иско, Марко Асенсио жана Каземиро биригип туруп сегиз гана жолу голго алып барган пас беришкен.
Жеймс Милнер Премьер-лигада 588 мүнөт сайын голго алып барган пас берсе, Чемпиондор лигасында 99 мүнөт сайын чабуулчуларга мыкты пас берип, гол кирген.
Бирок Милнер оюнда пас бергенден тышкары дагы олуттуу роль аткарат. Чемпиондор лигасында Милнер коргонууда дагы мыкты көрсөткүчтөргө ээ. Атаандаштарынан топту алып алууда дагы биринчи орунда турат.
"Реал Мадриддин" коргоочулары көп ката кетиргендиктен, Милнер эң маанилүү оюнчулардын бири катары саналууда.
Кимдин коргоочулары эң көп ката кетирет?
Англиянын Премьер-лигасы башталып жатканда "Ливерпулдун" коргоочулары сынга алынган. Бирок январь айында команда Виржил Ван Дейкти өткөрүп алган соң, "Ливерпуль" азыраак гол өткөрүп калды.
"Ливерпуль" чемпиондор лигасында 13 жолу гол өткөрдү, анын ичинде жарым финалда "Ромага" каршы беттеште командага алты гол кирген. Бирок "Реал Мадридге" салыштырмалуу "Ливерпулдун" коргоочулары азыраак ката кетирген.
"Реал Мадрид" болсо Чемпиондор лигасындагы 12 беттеште 15 гол өтөрүп, коргоочулары кескин сынга алынган. Буга чейин бир дагы команда 13 голдон көп гол өткөрүп туруп финалга жеткен эмес.
Ага карабастан оюн акыркы мүнөттөргө чейин чечилбесе "Ливерпуль" чоң каталарды кетириши ыктымал. "Ливерпуль" соңку алты оюндун акыркы 15 мүнөтүндө алты гол өткөрүп жиберген.
Бирок футбол адистери эки команданын чабуулчуларын эске алып, оюндун жыйынтыгы акыркы мүнөргө чейин эле чечилет деген пикирде.








