Индияда эми көзгө чөп салуу кылмыш эмес. Башка өлкөдө кандай?

Мумбаи

Сүрөттүн булагы, Reuters

Индиянын Жогорку Соту жолдошунун көзүнө чөп салуу кылмыш эмес деп тапты. Мындан 158 жыл мурда кабыл алынган мыйзам жокко чыгарылды.

Колониялык мезгилде эле пайда болгон мыйзамга ылайык, күйөөгө чыккан аял менен жолдошунун уруксаты жок төшөк мамиледе болгон эркектер кылмышкер деп саналган.

Андан бери канча эркек бул берене менен айыпталып, жазага тартылганы белгисиз.

Эски мыйзамды жокко чыгарып жатып, башкы судья Дипак Мисра "ойнош адам балким ажырашуунун себеби болушу мүмкүн, бирок ал кылмышкер эмес" деди.

Бул мыйзамды ким жокко чыгаргысы келди?

Эски мыйзам эркектерге гана тиешелүү болуп келген. Аялдар жоопкерчиликке тартылган эмес.

Өткөн жылдын август айында Италияда жашаган кырк бир жаштагы индиялык ишкер Жозеф Шайн Жогорку Сотко кайрылып, бул мыйзамды чакыртып алууну талап кылган.

"Бул мыйзам аялдарды кыйыр түрдө басмырлайт. Төшөгүн тебелеткен үй-бүлөлүү аялдардын эркектерден айырмасы жок",-деп айтылат Шайндын сотко жазган катында.

Индия

Сүрөттүн булагы, EPA

Шайн өзүнүн 45 барактан турган арызында америкалык акын Ральф Уолдо Эмерсонду, аялдар укугу боюнча активист Мэри Уолстонкрафтты жана БУУнун мурунку баш катчысы Кофи Аннандын гендердик тең салмактуулук боюнча айткандарын келтирет.

Ала жипти аттоо кайсыл өлкөдө кылмыш катары каралат?

АКШнын 21 штатында көзгө чөп салуу кылмыш деп эсептелет. Алардын арасында Нью-Йорк да бар. Массачусетс штатынын мыйзамдарына ылайык, ойнош күткөндөр үч жылга чейин абак жазасын алышы мүмкүн. Айрым сурамжылоолорго ылайык, көптөгөн америкалыктар ала жипти аттагандарды кылмышкер деп эсептебейт.

Бирөөгө ойнош болуу ислам нормаларында күнөө деп айтылат. Иран, Сауд Арабия, Афганистан, Пакистан, Бангладеш жана Сомалиде ойноштук кылмыш катары каралып, өлүм жазасына чейин тартылган учурлар бар.

АКШнын 21 штатында көзгө чөп салуу кылмыш деп эсептелет

Сүрөттүн булагы, Mansi Thapliyal

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын 21 штатында көзгө чөп салуу кылмыш деп эсептелет

Тайванда көзгө чөп салган үчүн бир жылга чейин түрмө жазасы колдонулат. Бул көрүнүш ошондой эле Индонезияда дагы кылмыш деп саналат.

2015-жылы Түштүк Кореянын Жогорку Соту төшөгүн тебелеткен адамдарды эки жылга камаган мыйзамды жокко чыгарды. Соттун айтымында, бул мыйзам адам укуктарынына каршы келген.

Индиялык юрист Калеешвар Раштын билдиришинче, алтымыштан ашык өлкө ойноштук кылган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамын кайра жокко чыгарды. (ErA)