Таиландда куткаруу операциясы уланууда, өспүрүмдөрдүн төртөө сыртка чыгарылды

Алгачкы ийгиликтер куткаруучуларга дем берди. Бирок, куткаруу иштери бүтө элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алгачкы ийгиликтер куткаруучуларга дем берди. Бирок, куткаруу иштери бүтө элек.

Таиландда үңкүрдө камалып турган 12 өспүрүмдү жана алардын футбол машыктыруучусун куткаруу операциясы уланууда. Соңку сааттарга алынган маалымат боюнча төрт өспүрүм үңкүрдөн сыртка чыгарылды.

Өспүрүмдөр эки аптадан бери суу толуп калган караңгы үңкүрдүн түпкүрүндө камалып турган эле. Куткаруу операциясы эрте менен башталды. Балдардын арасында сууда сүзгөндү билбегендери көп. Куткаруу операциясынын алдында, аларга суучулдар акваланг колдонууну үйрөтүштү.

Аман-эсен куткарылгандарды дароо эле үңкүргө жакын жердеги атайын курулган лагерге алып келип, талаа госпиталында медициналык жардам көрсөтүшүүдө.

Куткаруу иштерине чет өлкөлүк 13 суучул жана Деңиз-аскер күчтөрүнүн эң мыкты саналган кызматкерлери тартылган. Куткаруу иштери уланууда.

Балдарды үңкүрдөн бирден алып чыгышууда. Суу алдында балдарга өз алдынча кыймыл-аракет кылдырбай, дасыккан суучулдар алып чыгып жатышат. Болгону балдар дүрбөлөң салбай, өзүн колго алышы керек деген кеңеш берилген.

Суу толгон үңкүрдөн балдарды алып чыгып кетүүнүн жолу.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суу толгон үңкүрдөн балдарды алып чыгып кетүүнүн жолу.

Операция абдан кооптуу деди адистер. Кечээ күнү Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурунку старшинасы Саман Гунан үңкүрдөгүлөргө кислород толтурулган баллондорду алып баратып, кайра кайткан жолдо эсин жоготкон.

"Анын тапшырмасы кислород жеткирүү болчу. Бирок, кайра кайткан жолдо өзүнө кислород жетишпей калган",-деди жергиликтүү бийлик өкүлү. Гунанды анын шериги суудан алып чыккан. Өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

38 жаштагы суучул мыкты спортчу болгон. Аскер-деңиз күчтөрүндөгү атайын бөлүктө кызмат кылган экен.

Үңкүрдүн оозунда тез жардам унаалары күтүп туруп, сыртка чыгарылгандарды дароо эле талаа госпиталына алып кетүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үңкүрдүн оозунда тез жардам унаалары күтүп туруп, сыртка чыгарылгандарды дароо эле талаа госпиталына алып кетүүдө.

Окуя болуп жаткан жерден журналист Флориан Витульск кабарлагандай, үңкүрдө балдар менен австралиялык дарыгер иштеп жатат. Ал суучулдардын жардамы менен үңкүргө жеткен. Дарыгердин чечими менен гана куткаруу иштери башталды. Алды менен алсыз болуп калган балдарды алып чыгып жатышат.

Таиланддагы суу толуп калган Тхам Луанг Нанг Нон үңкүрүндө 12 өспүрүм жана алардын футбол машыктыруучусу 23-июндан бери бери камалып турат. Мындан эки күн мурун расмийлер басма сөз жыйынында үңкүрдөгү кислород акыркы күндөрү 15 пайызга чейин төмөндөгөнүн айткан эле.

Үңкүрдүн картасы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үңкүрдүн картасы

11-16 жаштагы өспүрүмдөр жана алардын 25 жаштагы футбол машыктыруучусу Тхам Луанг үңкүр комплексине экскурсияга чыгышкан. Нөшөрлүү жаандан кийин үңкүр сууга толуп баштаганда, алар аргасыз өйдө көтөрүлүп олтуруп, үңкүрдүн оозунан төрт чакырым алыс кетип калышат. 9 күндөн кийин гана суучулдар алардын турган жерин таап алышты. Бирок куткаруу иштери кыйынга турууда.

Буга чейин куткаруучулар балдар бир нече айга чейин кармалышы мүмкүн экенин айтып жатышкан. (AbA)

Видеонун түшүндүрмөсү, 12 өспүрүм жана машыктыруучу тартылган жаңы видео жарыяланды