Түркиянын аскерлери күрттөр көзөмөлдөгөн аймакка жакын топтолууда

Сүрөттүн булагы, AFP
Түркиянын президенти Сириянын түндүк тарабындагы күрттөр көзөмөлдөгөн эки аймакка аскерлерин киргизебиз деп эскертти. Түркиянын танкалары жана жөө аскерлери чек арада топтолууда.
Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, Африн жана Манбиж шаарларындагы "террордук түйүндөрдү" жок кылуу үчүн Сириянын козголоңчулары түрк аскерлерине көмөктөшөт.
Бул аймакты күрттөрдүн Элдик коргонуу кошуундары (YPG) аттуу топ көзөмөлдөп келет. Анкара болсо топту террордук уюм катары сыпаттайт.
Буга чейин Түркиянын армиясы Сириянын козголоңчулары башкарган Идлиб провинциясынан Африн шаарын артиллериялык аткылоого алган.

Сүрөттүн булагы, AFP
Аймакты коргоп жаткан күрт расмийи Бахжат Абдо болсо артиллериялык чабуулду айыптап, Африндин калкы Түркиянын аскерлерине каршылык көрсөтөт деп маалымдады.
Күрттөрдүн медиасы Алеппонун түндүк-батышында жайгашкан Афринде 500 миң жайкын тургун бар экенин кабарлады.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Түркиянын президенти бир нече айдан бери Африн шаарында террордук топторду тазалоо операциясын жүргүзөм деп эскертип келген.
Анкара Элдик коргонуу кошуундары тобун тыюу салынган Күрт жумушчу партиясына (PKK) байланышы бар деген пикирде. Күрт жумушчу партиясы Түркиядан бөлүнүү үчүн 30 жылдан бери күрөш жүргүзүп келет.
Элдик коргонуу кошуундары АКШ колдогон "Сириялык демократия күчтөрү" менен бирге он миңдеген чарчы чакырым аймакты басып алганы Түркияны кабатыр кылган.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
2016-жылы Түркия Сириянын козголоңчуларын колдоп, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топту стратегиялык мааниге ээ болгон Жарабулус жана ал-Баб шаарчаларынан сүрүп чыгарган. Ошондой эле Анкара Элдик коргонуу кошуундарын батышты көздөй аракетин токтотуп, Түркияга чектеш аймактарды толугу менен колго алууну көздөгөн.
Өткөн октябрь айында Түркия Орусия жана Иран менен келишип, Сириянын Идлиб провинциясында "деэскалация зонаны" түзүү үчүн аскерлерин киргизген. Бул кадам Сириянын өкмөт күчтөрү менен козголоңчу топтордун ортосундагы салгылашууну токтотмок.

Сүрөттүн булагы, AFP
Президент Эрдоган НАТО уюмун жана АКШны "Сириялык демократия күчтөрүнө" чек ара аскерлерин машыктырбоого чакырды. Буга чейин АКШ "ИМ" тобунун коркунучунан улам Түркия жана Иракка чектеш аймактарда жашаган 30 миң куралчанды машыктыруу долбоорун жарыялаган.
Дүйшөмбү күнү Түркиянын президенти АКШ "террордук армия" курап жатат деп айыптап, бул топту Анкара токтотушу зарыл деп белгиледи.











