"ИМге" кошулган 5,600 согушкерлер өз мамлекетине кайтып барды

A member of the Iraqi security forces removes a banner bearing the logo of the Islamic State (IS) group in eastern Mosul on 19 January 2017

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ Ирак жана Сирияда көзөмөлдөгөн аймактарынан артка чегинип жатат.

Жаңы баяндамага ылайык, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ Ирак жана Сириядагы аймактардан артка чегинип жатканда, чет жерден кошулган 5600 согушкер өз мамлекетине кайтып барган.

АКШда жайгашкан Soufan Center аттуу аналитикалык борбордун айтымында, эки жылдын ичинде 33 мамлекет экстремисттик топко кошулган согушкерлер кайтып келгенин маалымдаган.

Аналитикалык борбордун баяндамасында артка кайтып барган согушкерлер мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратат.

2014-жылы июнь айында "ИМ" тобу "халифат" жарыялагандан кийин дүйнөнүн булуң бурчунда жайгашкан миңдеген жихадчылар экстремисттик топ көзөмөлдөгөн аймактарга агылып келген.

Өткөн аптада АКШ колдогон Сириядагы күрт жана араб куралчандар "ИМ" тобунун борбору деп саналган Ракка шаарын бошоткон.

Soufan Center 2015-жылдын аягынан тарта экстремисттик топко кошулган чет өлкөлүк согушкерлердин саны кескин азайганын белгилейт. Буга "ИМ" тобунун бир нече аймактан сүрүлүп чыгарылганы жана мамлекеттер шектүү деп саналган адамдарды өлкөдөн чыгарбоо чараларын күчөткөнү себеп болгон.

Карта

Раккадагы экстремисттик топтун администрациясынан табылган маалыматтар изилденип, 40 миң согушкердин ысымы аныкталган. Алардын 19 миңи чет өлкөдөн келген жихадчылар экени такталган. Согушкерлер 110 башка мамлекеттен Ирак менен Сирияга жер которгон.

Бул статистика "ИМ" тобу артка чегинген сайын, айтылган жихадчыларга эмне болгону боюнча маалымат бербейт.

Soufan Center 33 мамлекет жарыялаган статитикага таянып, 5600 согушкер өз мамлекетине кайтып барганын билдирди.

Алардын арасында Орусияга 400 согушкер кайтып барган (3417 жараны "ИМ" тобуна кошулган). Сауд Арабиядан 3244 жихадчы кетип, 760 согушкери кайтып келсе, Франциядан 1910 жараны "ИМ" тобуна кошулуп, 271 кайтып барган.

Статистика

Айрым мамлекеттердин канча жихадчы кайтып келгени тууралуу маалыматы жок болгону дагы ири коркунучтарды жаратат.

Баяндамада "өз мамлекетине кайтып барган согушкерлер канчалык коркунуч жаратаары белгисиз болуп кайчылаш пикир айтылып жатканда, айрымдары "жихаддын" идеологиясына берилип, экстремисттик аракеттерин уланта берери бышык", -деп жазылат.

Ал эми согушкерлерди коштоп кайтып келген аялдар менен балдар дагы ири коркунуч жаратышы ыктымал. Мамлекеттер айтылган жарандарын коомчулук менен кайра аралаштыруу жолдорун издеп жатканда, аларды мурдагы системадагы тааныштары артка азгырышы ыктымал.

Soufan Center Тунистин өкмөтү 2015-жылы 6 миң жараны экстремисттик топко кошулду деген маалыматты 2920 өзгөрткөнүн баса белгилеп, "ИМ" тобуна чет өлкөдөн эң көп Орусиянын жарандары кошулганын айтат.