Эрдоган: АКШнын күрддөр менен союзун Түркия эч качан тааныбайт

Сүрөттүн булагы, EPA
Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен сүйлөшүүсүнөн кийин, ал эч качан АКШнын күрддөр менен союзун тааныбай турганын билдирди.
Жакынкы Чыгышта «террордук уюмдарга орун жок» деди Эрдоган. Ал бул сөзү менен күрддөр тууралуу айтты. Бир апта мурун АКШ Сириядагы «Ислам мамлекети» эстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан күрд топторун курал-жарак менен камсыздоо чечимин кабыл алган.
Мындай келишпестикке карабастан Эрдоган менен Трамп эки тараптуу алакаларды чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча жылуу пикирлерин билдиришти.
9-майда Трамп «Сириянын демократиялык күчтөрү» альянсынын катарында «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлерине каршы күрөшүп жаткан күрддөргө курал жетирүү чечимин колдогон.
16-майда Эрдоган күрддөр менен кызматташууну айыптаган билдирүү таратты. Түркия сириялык күрддөрдү ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Күрдистан жумушчулар партиясынын» бир бөлүгү деп эсептейт. Аталган партияны АКШ жана Британия, бир катар европалык өлкөлөр террордук уюм катары тааныган.
Бирок АКШ сириялык күрддөрдүн «Күрдистан жумушчулар партиясына» эч кандай тиешеси жок деп келүүдө.

Сүрөттүн булагы, AFP
Пентагондогу булактар Би-би-сиге билдиргендей, АКШ күрддөргө ок-дарыларды, ок атуучу куралдарды жана курулуш техникаларын берет.
Америка бийлиги күрддөрдү Ракка шаарын бошотууга жардам берет деген үмүт менен куралдандырууда. Ракканы эки жарым жылдан бери өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун согушкерлери ээлеп турат.
Ак үй АКШ бийлиги чөлкөмдөгү коопсуздук үчүн Түркиянын тынчсызданып жатканын жакшы түшүнө турганын айткан. Ошондой эле АКШ НАТОдогу союздашын ар кандай коркунучтан коргоого ар дайым даяр деп ишендирген. (AbA)












