Эрдоган күрттөр эгемендик жарыяласа, ачка калышарын эскертти

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эгерде эле дүйшөмбүдө болгон референдумдан кийин Ирактын Күрдистан аймагы эгемендигин жарыяласа, анда анын тургундарын ачкачылык коркунучу күтүп турганын билдирди.

Эрдоган Ирактын Күрдистан аймагынын лидери Масуда Барзанини "чыккынчы" деп айыптады. Түрк президенти эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабастан, көөшөрүп рефрендум өткөргөнү үчүн Барзанини сынга алып, «мындай авантюрадан баш тартышы» керек деди.

Мындан алдын Анкара Ирактын Күрдистан аймагынан Жейхан портуна ташылган мунайдын түтүктөрүн бууп салам деп коркуткан эле. Ошондой эле Эрдоган Ирактан ташылган мунайды Түркиянын чек арасы аркылуу өткөрбөй коюшу мүмкүн деп билдирүү жасаган.

Түркиянын бийлиги Ирактын Күрдистан аймагынын көз карандысыздык боюнча референдуму түркиялык күрттөрдүн жикчилдик маанайын күчөтөт деп кооптонууда.

25-сентябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланган жок.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 25-сентябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланган жок.

25-сентябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланган жок. Бирок болжолдуу маалыматтарга караганда шайлоочулардын көпчүлүгү эгемендик үчүн добуш беришкен.

Ирактын Күрдистан аймагынын лидерлери белгилегендей, референдумдун тыянагы күтүлгөндөй болгон күндө деле тез арада жыйынтыкты жарыялоо ниеттери жок.

Алар референдумдун жыйынтыгын Күрдистан мамлекетин түзүү үчүн Ирактын жана коңшу өлкөлөрдүн өкмөтү менен сүйлөшүүдө мандат катары карап жатышат.

Ирактын премьер-министри Хайдер Абади референдумду мыйзамсыз деп атады.

___________________________________________________________________________

Марк Лоуэн, Би-би-си, Турция

Видеонун түшүндүрмөсү, Ирактын Күрдистан аймагындагы референдум

Бул Эрдогандын күрт рефрендуму тууралуу айткан кескин билдирүүлөрү болду. Ал референдумдун өтүшүнүн өзүн «чыкынчылык» жана «улуттук коопсуздукка коркунуч» деп атады. Эрдоган аскердик жана экономикалык чараларды колдоном деп коркутту. Бирок кандай чаралар экенин ачык айткан жок.

Түрк бийлиги Ирактын Күрдистан аймагынын көз карандысыздык боюнча референдуму түркиялык күрттөрдүн жикчилдик маанайын күчөтөт деп кооптонуп жатат.

Анкара ошондой эле ирактык күрттөр өзүнүн аймагы эсептеген Киркук шаарында жашаган этникалык түркмөндөрдүн тагдырынан кооптонот. Бирок Эрдогандын айткандарынын көбү ички аудитория үчүн багытталды.

Анкаранын ирактык күрттөр менен тыгыз мамилеси бар. Алардын ортосундагы чек ара аркылуу мунай түтүгү өтүп, Түркиянын энергетикалык керектөөлөрүнүн бир бөлүгүн жабат.

Ирактын Күрдистан аймагынын жетекчилери дагы Түркиядагы көз карандысыздык үчүн күрөшкөн Күрдистан Жумушчулар партиясына каршы. Ирбил ошондой эле өз аймагына Түркиянын аскер базасын кармоого да макул болуп жатат.

Эрдоган мунай түтүгүн бууп салам деп коркутканы менен азырынча андай боло элек. Түркиянын президенти өзүнүн катуу билдирүүлөрү менен белгилүү. Бирок кийин анын баары эле иш жүзүндө аткарыла бербейт.

_________________________________________________________________________________

Ирактын Күрдистан аймагы

Шейшембиде кайрылуу жасаган президент Эрдоган «акыр аягына чейин» Масуд Барзани добуш берүүнү жылдырат деп күткөнүн айтты.

"Эч кандай кеңешпей туруп рефрендум өткөрүү бул - чыккынчылык»,-деди Эрдоган.

Ирактын Күрдистан аймагынын өкмөтүнүн маалыматына караганда, Түркия менен транс чек аралык соода-сатык ушул жылдын биринчи алты айлыгында 5 млрд долларды түзгөн. Күн сайын чоң көлөмдөгү мунай түркиялык Жейхан портуна келет.

Учурда ирактык аскер күчтөрү Түркия менен биргеликте күрт автономиясына жакын чек арада биргелешкен аскер машыгуусун өткөрүүдө.

Күрттөр Биринчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн тарта эле өзүнүн мамлекетин курууга умтулуп келет. Алар 37 миллионго чамалаган Ирактын калкынын 15тен-20 пайызга чейинкисин түзөт. (AbA)