Иранда каршылык акциялар уланууда

Nighttime photo shows fires in a Tehran street

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тегеран шаарында демонстрациялар уланууда

Ирандын бийлиги каршылык акцияларга "маани бербегени менен", өлкө аймагында беш күндөн бери өкмөткө каршы демонстрациялар уланууда.

Баш калаа Тегеранда өкмөткө каршы акция учурунда унаалар өрттөлүп, полиция бир кызматкери шаардын борборунда каза тапканын маалымдады.

Президент Хасан Рухани нааразылык акцияларды "коркунуч" катары сыпаттаган жок. Жетекчи демонстрацияларды "мүмкүнчүлүк" деп баалап, бирок мыйзам бузгандар жоопко тартылат деп белгиледи.

Демонстрациялар өткөн аптанын бейшембисинде Мешхед шаарында башталып, кийин башка аймактарга тарады. Демонстранттар өлкөдө азык-түлүк кымбаттап жатканына жана коррупцияга каршы акция уюштуруп, Ирандын башка өлкөлөргө кийлигишип жатканына кыжырдануусун да билдирди.

Hassan Rouhani

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Хасан Рухани нааразылык акцияларды "коркунуч" катары сыпаттаган жок.

"Газа эмес, Ливан дагы эмес, менин жашоом - Иран!" деп кыйкырышты акцияга чыккандар. Муну менен алар өлкө бийлиги ички көйгөйгө эмес, сырткы маселелерге көңүл буруп жатканына нааразылыгын билдиришти.

Нааразылык акциялар кайсыл шаарларда уланууда?

Соңку жаңылыктарга ылайык, полиция баш калаа Тегеранда коопсуздук чараларды күчөттү. Mehr агенттиги такси өрттөлүп, полиция көздөн жаш агызган газ жана суу атып демонстранттарды таратууга аракеттенгенин маалымдады.

crowds carrying flags

Сүрөттүн булагы, IRINN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мамлекеттик телеканал нааразылык акцияга чыккандарды көрсөттү

Мамлекеттик маалымат агенттиги Нажафабад шаарында полицияга каршы ок атылганын, бир кызматкер каза таап, үчөө жаракат алганын билдирди.

Reuters агенттиги болсо Кехдерижан шаарчасында полиция бекети өрттөлүп, коопсуздук кызматкерлери менен демонстранттар кагылыша кеткенин кабарлады. Тастыкталбаган маалыматка ылайык, бул окуяда бир нече адам каза тапты.

Social media image of protest in Kermanshah
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Керманшах шаарындагы демонстрация

Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөр жана маалымат өлкөнүн чыгышындагы Биржанд, батышындагы Керманшах жана Ирандын түштүк-батышындагы Шадеган шаарларында демонстрациялар башталганын көрсөтөт.

Мамлекеттик телеканал түнү менен уланган демонстрацияларда 10 адам каза тапканын кабарлаган. Бирок аймактык губернатор бул сан 13кө чыкканын маалымдады.