Каталониянын кызматтан бошотулган лидери "камакка алынбаса, шайлоого катыша алат"

Sacked Catalan leader Carles Puigdemont greets supporters at the entrance of a restaurant in Girona, 28 October 2017

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каталониянын мурдагы лидери Карлес Пучдемон

Испаниянын тышкы иштер министри өкмөттүн саясатын кайра кайталап, кызматтан алынган Каталониянын мурдагы лидери декабрь айындагы шайлоого катыша алат деп белгиледи. Бирок министр Пучдемон камакка алынбаса гана шайлоого катышууга укуктуу деп маалымдады.

Испаниянын тышкы иштер министри Алфонсо Дастис кайрылуусун Барселона шаарында Испаниянын биримдигин колдогон демонстранттардын алдында жасады.

Каталония көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин, Мадрид аймактын автоном макамын жокко чыгарып, тикелей башкаруу киргизип, Пучдемонду кызматтан алган.

Учурда Испаниянын борбор өкмөтү Каталониянын мекемелерин түздөн-түз башкарып жатат. Ал тапта Испаниянын башкы прокурору Пучдемон жана Каталониянын башка лидерлерине каршы кылмыш ишин козгойт деп күтүлүүдө. Алар Испаниянын мыйзамдарын одоно бузду деп айыпталууда.

карта

Кылмыш иши дүйшөмбүдө, көз карандысыздык жарыяланган кийинки биринчи иш күнүндө ачылышы ыктымал.

Пучдемон мырза болсо Мадриддин буйругун аткарбайм деп билдирип, анын кызматтан алынганын кабыл алган жок.

Испаниянын ички иштер министри болсо Каталониянын коопсуздук кызматкерлерин "лоялдуулукка" чакырып, аймакта "жаңы доор" башталат деп маалымдады. Министри Мадрид Каталонияны түздөн-түз башкарууга алганын жана полиция өкмөттүн буйругун аткарууга милдеттүү экенин эскертти.

People wave Spanish flags from the Casa Batllo during a pro-unity demonstration in Barcelona on October 29, 2017

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Барселона шаарында Испаниянын биримдигин колдогон тургундар нааразылык акция өткөрүштү

Би-Би-Синин Испаниядагы кабарчысы болсо, Пучдемон камакка алынса Барселонада шаарында нааразалык акциялар башталышы мүмкүн деп белгиледи. Ички иштер министри дал ушул себептен Каталониядагы коопсуздук кызматкерлерге кат жолдогон.

Мадрид Каталониянын автоном макамын алып салаардан мурун аймактын өзүнүн парламенти, президенти, өкмөтү жана полициясы бар болчу. Бирок Мадрид түздөн-түз башкарууга алгандан кийин президент менен өкмөт таратылды.

Каталониянын бийлик өкүлдөрү чөлкөмдүн көз карандысыздыгын жактап референдумда дээрлик 90 пайыз тургундар добуш бергенин билдирген. Бирок шайлоого катышуу күтүлгөндөн аз болгон. Шайлоочулардын 42 пайызы гана добуш берүүгө келген. Референдумду испан бийликтери мыйзамсыз деп атаган жана ал дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган эмес. (AT)