Казакстан латын арибине өтө турган болду

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак тилин кириллицадан латын арибине өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак тилин кириллицадан латын арибине өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак тилин кириллицадан латын арибине өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкта жаңы латын арибине негизделген алфавит дагы бекитилген.

Президенттин расмий сайтында латын арибине өтүү графиги 2025-жылга барып жыйынтыкталышы керектиги айтылды. Бул үчүн өкмөт атайын улуттук комиссия түзөт.

Документте латын графикасына негизделген жаңы алфавит 32 тамгадан турат.

Буга чейин кайрылууларында Нурсултан Назарбаев 1940-жылдары Казакстандын кириллицага өткөнү көбүрөөк саясый мүнөздө болгонун айтканы бар.

Документте латын графикасына негизделген жаңы алфавит 32 тамгадан турат.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Документте латын графикасына негизделген жаңы алфавит 32 тамгадан турат.

"Латын ариби 1929-1940-жылдары колдонулган. 1940-жылы 13-ноябрда казак тилин латын арибинен орус графикасына негизделип түзүлгөн алфавитке өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Бул жагынан алганда казак алфавитинин өзгөрүшү саясый мүнөзгө ээ болгон",-деген эле Назарбаев.

"Азыркы учурда балдар мектеп босогосунан эле англис тилин окуп жатышат жана эч маселе жок латын тамгаларын үйрөнүп кетишет. Ошондуктан жаш муундар үчүн бул эч кандай маселе эмес. Биз 2018-жылдан баштап жаңы алфавитти үйрөтө турган адистерди жана окуу куралдарын даярдашыбыз керек. Кийинки эки жылда уюштуруу жана методикалык иштерди жасообуз керек".

Учурда казак арибинин латынча варианты Түркиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү казак диаспорасы тарабынан колдонулат. Бирок эч кандай расмий макамга ээ эмес. Латынчага Өзбекстан толук өткөн. Казакстанда 2007-жылдан бери талкууланып келүүдө.

Казакстанда буга чейин 1929-жылдан 1940-жылга чейин латын ариби колдонулуп келген. Бүгүнкү күндө постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдөн латын арбин Молдавия жана Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан колдонуп келет. Латын арбине өтүү маселесин Кыргызстанда дагы байма-бай көтөрүп келе жатышат. (AbA)