You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аялдар укугу: «Зерелер» эмнеге умтулууда?
- Author, Наргиза Рыскулова
- Role, Би-би-си, Бишкек
Бириккен улуттар уюмунун эсебинде, ар бир төртүнчү кыргызстандык аял өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу зомбулукка кабылган. Ар бир бешинчи аял ала качуу жолу менен турмушка чыккан.
Би-Би-Си Кыргызстанда аялдар кантип кырдаалды жакшы жагына өзгөртүүгө умтулуп жатканы тууралуу айтып берет.
Зеренин ырына тартылган клип
Бир аптадан бери интернетте кыргызстандык колдонуучулар кызыл-чеке болуп талашып, эки жээк бөлүнүп кайым айтышып эле жатып калды. Мындай чоң талаш-талкууга эмне себеп болду дейсиз? «Кыз» деген ырга тартылган клип!
Айрымдар Зеренин "Кыз" аттуу ырына тартылган клипти жактырып, коомдук сайттарга бөлүшүп жатса, аны сынга алып, жекире тилдегендер четтен чыкты.
19 жаштагы Зере "Кыз" аттуу ырына тартылган клипте ич кийимдин сыртынан эле күрмө кийип, кыска юбка менен тартылган. Клипте улуттук кийим кийген, хиджаб менен жүргөн, ачык кийинген дагы кыздар тартылган. Бул аркылуу Зере: «кандай кийинет, кандай өзүн алып жүрөт кыздар өзү билет, эч ким сөөмөй кезеп үйрөтпөсүн» деген ойду бергиси келген.
Бул ырчынын алгачкы чыгармасы экен. Ырдын өзү бир ай мурун жарыяланган. Бирок клип чыккандан кийин гана интернетте топ жарды. «Кыргыз кызы мындай болбош керек» деп, ызырына тилдеп жаткандардын көбү клип же ырдын маани-маңызын эмес, кыздын кебетесин сынга алууда. Өлкөнүн мурдагы премьер министри Феликс Кулов дагы бул боюнча пикирин айтып чыкты.
Зерени жактагандар клиптегидей болуп сүрөткө түшүп, «Фейсбук» аркылуу флеш-моб дагы өткөрсө, аны жактырбагандар коркутуп-үркүтүп, «жок кылабыз» дегенге чейин барышты.
«Мындай катуу реакциялар болорун албетте, күткөнбүз. Мен клипте дал ушундай образ аркылуу коомду бир силкинтүүгө мүмкүн болорун түшүнгөм»,-деди Зере.
Анын үй бүлөсү клиптеги кийингенин колдогон эмес экен. Бирок атасы кызынын көз карашын колдой турганын айтты. Өзүнүн «Фейсбук» баракчасына «Зере эркин Кыргызстандын эркин кызы» деп жазды атасы.
Зере бул ырды өзү менен жашташ Бурулайдын кайгылуу өлүмүнөн кийин жараткан.
Бурулайдын өлүмү
19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын трагедиялуу өлүмү бир эле Зерени эмес, бүтүндөй кыргызстандыктарды нес кылды. Бурулай өзүн ала качып бараткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн.
Кызды ала качып бараткан учурда 29 жаштагы жигит кармалып, бирок кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган. Оор жарат алган Бурулай эсине келбей ооруканадан жан берген. Бул кылмышка жол берген беш милиция кызматкерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул окуя боюнча иликтөө иштери дале уланууда. 23 кызматкерди административдик жоопкерчиликке тартышкан. Кыздын ата-энеси жана укук коргоочулар буга жол бергендердин баарын сот жообуна тартууну талап кылып жатат. Кылмыш иши боюнча бир гана жолу соттук угуу өткөрүлдү.
«Биздин адвокаттар кыздын атасы менен биргелешип иш алып барууда. Башында шектүүнү «адам өлтүрүү» беренеси менен жоопко тартуу сунушталган, азыр муну менен бирге эле "адам уурдоо" фактысы боюнча дагы айып тагуу жагы каралып жатат»,-деп түшүндүрдү БУУнун гендердик программасы боюнча координатору Умутай Даулетова.
Кыргызстанда 2014-жылы коомчулуктагы кызуу талаш-талкуулардан кийин кыз ала качуу кылмыш катары каралып, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилген. Кыз ала качкандар үчүн жаза 5 жылдан 10 жылга чейин чектелип, бул адам уурдоо кылмышына теңелген эле. Буга карабастан кыз ала качуу көрүнүшү тыйылбай келүүдө. Акыркы үч жылда укук коргоо органдарына кыз ала качуу боюнча 80 арыз түшкөн. Бирок кийин арыздардын көбүн кайра артка кайрып алышкан. Дагы бир бөлүгү соттук териштирүү учурунда токтотулган.
«Бул жердеги негизги маселе - ушундай кырдаалга кабылган кыздардын жана алардын жакындарынын укугун билбегендиги. Алар ала качуу фактысы боюнча айткан күндө дагы, тергөөчүлөр кылмыш ишин ачкысы келбейт. Кыз ала качууга туш болгон кызды ошол үйдө калтырууга аракет кылышат. Эптеп сотко өтүп калган күндө деле жабыркаган тарапты арызын алдыртууга кысым болот. Ошентип бул айлампа улана берт. Кеп бул жерде коомдук аң-сезимде»,-дейт «Ачык байланыш» деп аталган уюмдун жетекчиси Мунара Бекназарова.
Аталган фонд кыз ала качууга дуушар болгон кыздар менен 9 жылдан бери иш жүргүзүп келүүдө. Өлкөнүн борбор шаарына салыштырганда, алыскы аймактардагы кыз ала качуу көрүнүшү бир нече эсеге көп дейт Мунара.
Кызды ала качып кетип, зордуктап салган дагы учурлар болот. Мына ушундай тагдырга кабылган кыздын катын «Ачык байланыш» кыз ала качуу мыйзамы талкууланган парламент жыйынына алып чыккан.
Гүлмира (ысымы өзгөртүлдү) ала качып кеткен жигиттин үйүндө он күн кармалып, зордукталгандан кийин өз жанын кыюуга аракет кылып, таблеткаларды ичип алган. Оор абалда үч ай ооруканада жатып, майып болуп калды. Ала качып кеткен тарап кызды эс-учун жоготкон абалда ата-энесине алып келип берген. Учурда Гүлмира ишке жарабай, майыптык пенсия менен олтуруп калды.
«Биз Гүлмиранын катын үйлөнүү үлпөтүндө кыздар колуна кармап чыкчу гүлдестеге ороп жөнөткөнбүз. Ал катында «эми мындай гүлдүн кереги жок» экенин, ала качуудан бүтүндөй тагдыры талкаланып, майып болуп калганын жазып, депутаттарды туура чечим кабыл алууга үндөгөн»,-деп айтып берди Мунара.
Кыргызстандагы феминизм
"Бурулайдын өлүмүн ар бир кыргызстандык өзүнүн жакыны - эжеси, сиңдиси, кызы же карындашынын өлүмүндөй кабыл алышы керек. Ошондо гана биз коомдогу аялдарга карата зомбулукка болгон кайдыгерликтен чыга алабыз",-дейт блоггер Алия Суранова.
Бурулайдын өлүмүнөн кийин, Алия бул үрөй учурган окуяга - кыз ала качууга карата катуу каршы туруу чакырыгы менен чыккан. Бирок, ага үн кошкондор аз болду.
«Кишилер чоочун бирөөнүн башына түшкөн кайгы тууралуу айтканды каалабайт. Бирок бул кайгы чоочун бирөөнүнүн кайгысы эмес да. Эгерде муну мамлекет жөнгө сала албай жатса, коомчулук демилге көтөрүп, биздин коомду кыз ала качуу табу болуп калганын айтып чыгышы керек".
Алия аялдарга карата зомбулукка каршы өткөрүлгөн маалыматык өнөктүктөгө такай катышып жүрөт. Анын пикиринде үй бүлөлүк зомбулуктардын көбүн аялдар сыртка чыгарбай, жашырып коюшат.
Учурда Коомдук каналдан Алия «Эже-сиңдилер» деген ток-шоуну алып барууда. Анда аялдарга байланышкан актуалдуу маселелер козголот. Маселен, соңку «Эже-сиңдилер» ток-шоусунда талкууга: « Ар бир кыргыз аялы уул төрөш керекпи?" деген суроо коюлду.
Алиянын программасын көргөн көрүүчүлөр жана окурмандары ар кандай пикирлерин жазып калтырышат. Жеке өзүнө асылып, орой пикир жазгандар дагы болот. "Күйөөгө тийип албайсыңбы (Алия ажырашып кеткен)", "атаң, ага-инилериңди уят кылып жатасың" деген пикирлерден баштап, коркутуп-үркүтүүгө чейин жетишет.
Алия өзүн феминистмин деп эсептейт. Бирок феминизм түшүнүгү жеткиликтүү болбогондуктан, өзүн коомчулук алдында мынтип атабай турганын айтты. Ал өзү жазган пикрлеринин биринде: "Биздин эркектер "феминизм" деген сөздөн «гомосексуализм» дегенге караганда көбүрөөк коркушат" деп жазган экен.
Бул жолу «Биз сени күткөнбүз, Зере!",-деген пикирин билдирип чыкты. Ал Зеренин чечкиндүүлүгүнө ыраазы болуп, сындагандарга көңүл бурбоого чакырды.
Феминизмдин жаңы толкуну
Барган сайын Кыргызстанда жаш феминисттердин катары калыңдап, үнү катуу угула баштады. 17 жаштагы Бактыгүл Ракымбаева феминист экенин тартынбай айтууда. Ал беш жылдан бери "Кыргызстандын активдүү кыздары" деп аталган кыймылдын мүчөсү. Бул кыймылдагы 14-17 жаштагы кыздар аялдарга карата зомбулуктарга каршы күрөшөт.
Айыл-апада кыздар бир бүлөнүн турмушун өткөрүп, чоңдорго жардам берип, чарбалык иштерден тарта, баарын кылат. Эгерде жакыр бүлөдөн болсо, окуп билим алалбай, бүлөсүндөгү эркек балага орун бошотууга аргасыз болот дейт активст кыздар. Ошондуктан алар элеттик курбалдаштарынын үнүн жеткирүү үчүн "Биз уккан окуялар" деген блог алып барышат. Ал жерде бири-бирине башынан өткөндөрүн, максаттарын айтып, кеңеш беришип, алар жалгыз эмес экенин көрсөткүлөрү келет.
«Мен үч уулдун арасында чоңойдум. Бала кезде эле бизге бирдей мамиле жасалбаганын сезет элем. Мага велосипед тепкенге, бокс менен машыгууга уруксат беришкен эмес. Биз бирге ойносок дагы, соңунда баарын жыйып-терип, жайгаштырууга мени мажбурлашат эле".
Активдүү болууга умтулган кыздарга карата көз караш бир кылка эмес. Аларды жактырбай тескери пикир айткандар көп. Мына ушундай абалга көп туш болгондордун бири - Ош шаарындагы «Новый Ритм» уюмунун кыздары. Борбор шаардан алыс, Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Ош шаары маданияты, салт-санаасы, көз караштары менен албетте, башка аймактардан өзгөчөлөнүп турат. Чөлкөмдө жашы жете элек кыздарды турмушка берүү көрүнүшү кеңири жайылган. Оштогу «Новый Ритм» уюмунун кыздары мына ушундай көрүнүштөргө каршы туруп келүүдө. Атайын долбоордун алкагында 20дай кыз иш алып барат.
Демилгелүү топтун аткарган иштеринин бири - көрүнө жерлерге лозунгдарды илүү. Алар ушул аркылуу үй бүлө зомбулуга каршы чакырык таштоодо.
Ѳздөрүнө жасалган үй бүлө зомбулугу, жумушсуздук, кодулоо аялдарды ар кандай нааразылык билдирген топторго, диний радикалдуу уюмдарга тартылышына себеп болуп жатканын белгилегендер көп. Үй бүлө зомбулуганан коргоого алган мыйзам өлкөдө өткөн жылы кабыл алынды.
2017-жылдагы ПРООН иликтөөсү боюнча, 2012-2015-жылдардагы сексуалдык жана гендердик зомбулукка байланышкан 1029 иштин 60 пайызы кыскарып кеткен. Анын негизиги эле себеби - жабыр атрткан тараптын арызын алып салганы. Аялдар ачыкка чыгып, сотошконду каалабайт. Бул окуя ачыкка чыгып кетишинен кооптонот.
Мына ушундай абалда айрым активисттер сексизмди позитивдүү мисалдар менен дагы жеңсе болот деген ишенимде.
Спутник учуруу кыялындагы кыздар
Бул ошондой позитивдүү мисалдардын бири.
23 жаштагы Анастасия студент, бир кыздын энеси. Түйшүгү көп болсо дагы, учурда жан дилин коюп, ар бир элементти кылдаттык менен үйрөнүп жатат. Настя көп учурда кызын жанына ээрчитип, өзүнүн активдүүлүгү менен ага тарбия бергиси келет. Ал айымдар бала төрөп, үй жумуштары менен гана чектелип калбашы керек деп эсептейт.
"Аял киши бала багып, тамак жасап үйдө отурушу керек деген түшүнүктөн арыла албай келебиз. Атүгүл айымдарга болгон ишеним дагы азыраак. Биз мындай көз караштан кутулушубуз керек. Кыздар дагы инженердик, илимий-технологиялык жактан мыкты экенибизди далилдегибиз келет", - дейт Анастасия Мухамеджанова.
Спутник куруу үчүн IT технологиясын мыкты өздөштүргөн кыздар чогулган
"Мырзалар тарабынан силер эмнени жыргатмак элеңер, деген сыяктуу терс пикирлер айтылууда. Бирок биз баштаган ишти аягына чыгарабыз. Алгач топко балдарды дагы кошолу дегенбиз. Бирок, алар аралашканда кыздар четке чыгып калат экен. Биздин пикир менен жигиттер эсептешпей турганын байкадык. Ошондуктан жалаң кыздар ишке ашырууну чечтик",- дейт долбоордун дагы бир активдүү катышуучусу Жадырайым Акунова.
Аларга НАСАнын адистери дагы кеп-кеңештерин берип келет. Кыздарга билим берип жаткан окутуучулардын бири Алина Анисимованын айтымында, долбоор эки жылга багытталган. Бир жылга чукул кыздар окутуудан өтөт. Андан соң мыктынын-мыктылары тандалып алынып, алар спутник курууга киришет.
"Учурда окутуунун алгачкы этабы жүрүп жатат. Кыздар инженердик иштин негиздерин, ширетүүнү, тетиктерди туура бириктирүү сыяктуу нерселерди үйрөнүүдө. Жылды ортолоп алар Литвада биринчи спутникти коё берген Nano Avionics компаниясынын өкүлдөрүнүн жардамы менен түздөн-түз спутникти курууну үйрөнүүгө өтүшөт. Кыргызстанда келечекте аял-эркектин тең укуктуулугу сакталып, дүйнө таң калаарлык ачылыштар жасалат деп ишенем. Өлкөнүн алгачкы спутнигин жараткан кыздар, жаштар үчүн үлгү болуп, тарыхта калаарына үмүтүм чоң", - деди Алина Анисимова.
Спутник көлөмү жагынан кичинекей жана жөнөкөй болот. Анткени алгачкы жаратуучулар үчүн бул жетиштүү. Анын чыгымы болжол менен 100-150 миң долларды түзөт. Учурда демөөрчүлөрдүн жардамы менен ай сайын 800 доллардын тегерегинде каражат чогулууда. Ал эмнеге багыттала турганы азырынча тактала элек. Эки жылдан соң даяр болгон спутник Эл аралык космос станциясына жиберилип, орбитага коё берилет. (AbA)