You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аялдарды алсыраткан зомбулук
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүү азайбай келет. Буга каршы жарым айга созулган атайын өнөктүк башталды. Эксперттердин пикиринде, аялдарды колдулоо бир гана эркектер тарабынан эмес, аялдардын бири-бирине жасаган зомбулугу менен да саны арбыйт.
Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсеси баштаган бир нече уюм уюштурган жыйынга өкмөт өкүлдөрү, жаштар, эксперттер катышты. Мектепти аяктай элек бейтааныш кыздын турмушка чыккан окуясын баяндап жаткан окуучу өзү теңдүү кыздарды эрте турмушка чыкпоого чакырып, билим алууга үндөп жатат. Ал ошол эле кыздын укугу чектелип, кийин зомбулукка кабылганын да кошумчалады.
Аялдардын укугун коргоо боюнча иш алып барган эксперттердин дээрлик баардыгы калктын билимсиздиги зордук-зомбулктун келип чыгышына негизги себептердин бири экенин айтууда.
"Ишибиздин жыйынтыктары көрсөткөндөй запкы тарткандардын көбү жакыр жашаган үй-бүлөнүн кыздары. Алар каржылык жактан да көз каранды абалда турушат. Жок дегенде кесиптик билими, иштей турган иши болсо алар өз жанын өзү багып кеткенге жарайт эле. Зомбулуктун кесепети аларга эки эсе оор тиет",- дейт аялдардын укугун коргоп келе жаткан активист Авазкан Ормонова.
Кыргызстан аялдардын укугун коргоо, аларды өнүктүрүү боюнча чөлкөмдө эле эмес, көп мамлекеттерге салыштырмалуу керектүү мыйзамдарды кабыл алганын өкмөт такай айтып келет. Бирок алардын көбү толук кандуу ишке ашпай жатканын айткандар да жок эмес.
Жогорку соттун конституциялык палатасынын соту Чынара Айдарбекова, 2012-жылдан баштап 2016-жылга чейинки статистикада, жабыркаган аялдардын доосу сотко жеткен учурлары өтө эле аз экенин Би-Би-Сиге билдирген.
Аялдардын зомбулукка кабылышына билимсиздик менен катар эле динди туура эмес чечмелегендердин да таасири тийип жатканын айткандар бар. Алардын пикиринде, шарият жол берет деген жактарын эске алганы менен милдеттендирет деген тарабын унут калтырып койгон мисалдар арбын.
"Коом канчалык билимисиз болсо алардын социалдык мамилелери да ошончо төмөндөп, начарлап кетет. Тилеккке каршы соңку жылдары калктын билимсиздиги тереңдеп бара жатат. Буга кошумча ислам дини деп эле радикалдуу идеяны кармангандардын саны аз эмес. Жалпылап айтканда кордук көргөн аялдар аз эмес, алардын эң басымдуусу жаңыдан турмушка чыккандар экенин байкоого болот",- дейт Адам укуктарын коргоо комитетинин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева.
Ички иштер министирлигинин маалыматына караганда, 2004-жылы 69 убактылуу кайтаруу ордери берилсе, өткөн жылы анын саны 6966га жеткен. Министирлик бул үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйүшү эмес, иштин күчөтүлгөнүнүн натыйжасы деп түшүндүргөн.