You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бурулайдын өлүмүнө бийлик эми үн катты
Президент Сооронбай Жээнбеков 20 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү катуу жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал өкмөт башчы менен жолугушууда билдирди. Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдары аялдарга жана балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иштерин биринчи кезекте жана тыкыр кароосу зарылдыгын баса белгиледи.
Президент менен өкмөт башчы бул темада коомчулуктун сынынан кийин үн катып жатышат.
Бурулайдын өлүмү тууралуу алгачкылардан болуп БУУнун Кыргызстандагы уюмдар системасы катуу тынчсызданган билдирүү таратып, “Кыз ала качуу - кыргыз салты эмес, кылмыш” деп билдирген. Ага улай акыйкатчы, ЖК депутаттары бул окуяны айыптаган билдируү тараткан эле.
Бул үрөй учурган окуядан кийин Кыргызстандагы аялдардын укугун коргогон бир катар коомдук уюмдардын, кризистик борборлордун жетекчилери бийликке кайрылып, өлкөдө аялдарга күч колдонуу, аялдар арасындагы өлүмдү азайтууну көзөмөлгө алууну талап кылды.
“Биз өлкөдөгү кыз-келиндерге карата зордук-зомбулукту, уурдоону, күч менен никеге тургузган зөөкүрлүктү токтотууну кылабыз. Тиешелүү мыйзам иштебесе, эч ким жоопко тартылбаса, убакыттын өтүшү менен кайра эле унутулуп калса, мындай үрөй учурган окуялар эртең дагы кайталанат. Бул окуя бизге сабак болушу керек”, - деди Би-Би-Сиге “Демократиялык процесстерди изилдөө” борборунун эскперти Гүлбарчын Жумабаева.
Өткөн аптада 20 жаштагы Бурулай Турдалиева ала качып бараткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн эле. Кызды ала качып бараткан шектүү кармалып, бирок кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган. Оор жарат алган Бурулай эсине келбей ооруканадан жан берген.
Бул кылмышка жол берген милиция кызматкерлерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Окуя коомчулуктун үрөйүн учурду. Коомдук сайттарда укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан тарта, эркектердин жоопкерчилиги, адамдык баалуулуктардын бузулуп жатышына чейинки маселелер козголуп, талкуу жүрүүдө. (SA)