БУУ: Кыз ала качуу - кыргыз салты эмес, кылмыш

БУУнун Кыргызстандагы уюмдар системасы ала качуунун натыйжасында чырактай бир кыз бычакталып өлтүрүлгөн окуяга катуу тынчсызданган билдирүү таратты. Анда Кыргызстандагы 24 жашка чейинки кыздардын 13,8% күчкө салып күйөөгө берилери белгиленип, бул мыйзамсыз көрүнүштү жоюу аракеттерин БУУ толугу менен колдору жана аны артыкчылыктуу багыт катары эсептей турганы айтылат.

"Ала качуу, күч менен күйөөгө берүү Кыргызстан элинин маданияты менен салт-санаасына жатпайт",-деп баса белгиленет билдирүүдө.

БУУ Кыргызстан жашы жете электер менен никеге турууга тыюу салган мыйзамдарды кабыл алганын белгилөө менен катар мындай кылмышты жасагандарды жоопко тартуу, жабыркагандарды коргоо үчүн кошумча чараларды көрүшү зарыл дейт.

Буга удаа эле Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев дагы маалымат таратып, кыздарды ала качуу токтобой жатканы кыргыз эркектери үчүн уят иш, ал эми Бурулайды өлтүрүүгө жол берген милиция кызматкерлери жазаланууга тийиш деп билдирди.

Акыйкатчынын билдирүүсүндө 19 жаштагы Бурулай ала качууга эле дуушар болбой, таш боорлук менен өлтүрүлгөнү үй-бүлө куруу жөнүндө туура эмес көз караштагы деградацияланган жаңы муун өсүп жатканын көрсөтөт деп айтылат.

Акыйкатчы институту өзүнүн ишине шалаакы мамиле кылган Жайыл райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине тиийштүү чара көрүү жөнүндө Чүй областынын прокурору Азат Ѳскөнбаевге атайын кат жолдогон.

Ошону менен катар акыйкатчы Кубат Оторбаев кыздарды ала качуу кылмышы үчүн каралган жазаны күчөтүү жөнүндө сунуш менен чыгып жатканын Би-Би-Сиге билдирди.

"Азыркы беш жылга эркинен ажыратуу мөөнөтүн он жылга чейин көбөйтүп күчөтүүнү сунуш кылып атабыз. Себеби, 2019-жылдын биринчи январынан күчүнө кире турган Кылмыш-Жазык Кодексинде дагы, азыркы кодексте дагы бул үй-бүлө курууга каршы кылмыш болуп эсептелет. Биз аны жеке адамдын эркиндигине каршы кылмыштын категориясына которууну сунуш кылып атабыз. Ошондо жазанын мөөнөтүү беш жылдан он жылга чейин көбөйөт",-деди Кубат Оторбаев.

Шейшембиде 19 жаштагы Бурулай Турдалиева аны ала качып бараткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн эле. Кызды ала качып бараткан таластык адам кармалып, бирок кийин милиция бөлүмүндөгү териштирүү маалында өзүнчө бөлмөгө бекинип алып, кызды бычактап, андан кийин өзүнө бычак урган. Оор жарат алган Бурулай эсине келбей ооруканадан жан берген. Бул кылмышка жол берген милиция кызматкерлерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (КС)