Дүйнөдө болуп көрбөгөндөй ысык: кишилер көз жумган учурлар бар
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-10-июлга чейин өлкөдө күн катуу ысый турганын эскертти. Министрликтин маалыматына караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарында абанын температурасы 40 градуска чейин жетет.

Сүрөттүн булагы, EPA
Экстремалдуу ысык аба-ырайы бир катар өлкөлөрдү каптады. Канаданын айрым райондорунда, АКШ, Жакынкы Чыгыш, Улуу Британия жана бир катар европалык өлкөлөрдө күн катуу ысыды. Күндүн аптабы рекорддук температурны көрсөтүп, айыл чарбасына чоң чыгым алып келүүдө. Өрттүн чыгышына себеп болуп, дарыгерлердин коптонуусун жаратты.
Азыркы учурда Канаданын Квебек провинциясында 18 киши көз жумду. Мунун себебин дарыгерлер аномалдуу температура жана нымдуулуктун жогору болушу деди. Өнөкөт оорусу барлар жана кары-картаңдар каза тапкан. Алардын көпчүлүгүнүн үйүндө кондиционер болгон эмес экен.

Жергиликтүү саламаттыкты сактоо адистери кишилерге этият болуп, ар дайым өзү менен суу алып жүрүүгө, ысык мезгилде көлөкө жерде болууга кеңеш берди. Бирок, баары бир медициналык мекемелер күнү-түнү тынымсыз иштөөгө аргасыз болду. Монреалда күнүнө 1200 киши дарыгерлерге жардам сурап кайрылып жатат. Бул мурдагыдан үч эсе көп.
Мындай жагдай Канаданын премьер-министри Жастин Трюдону билдирүү менен чыгууга аргасыз кылды. Ал жарандарга кайрылып, аптаптан сактанууга чакырган.

Сүрөттүн булагы, Oliver Jones
Улуу Британияда дагы күндүн ысыгы мээ сызгырат. Айрым шаарларда рекорддук ысык аба-ырайы катталууда: Глазгодо 31,9 C° жана Белфастта 28,5 C° ысык.
Мындай аба-ырайы бир топ чыгымдарга алып келди.
Австралиянын бир штатында ысыктан асфальт жол ээрип кетти. Жыйынтыгында жолго батып калган бир нече авто унааны чыгарып алышты.

Сүрөттүн булагы, Tyne and Wear Fire and Rescue Service
Аномалдуу ысык аба-ырайы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө байкалып жатат. Баку, Тбилиси, Ереванда болуп көрбөгөндөй температура катталды.
Омандын Кураят кыштагында температура - 42,6 C° болууда. (AbA)












