Сиднейдеги 47 градус ысык аба ырайы: 72 жылдан бери мындай болгон эмес

Сүрөттүн булагы, AllSport/Getty Images
Жекшембиде Австралиянын эң ири шаарында соңку 72 жылдан бери боло элек ысык аба ырайы орун алды. Абанын температурасы 47,3 градуска чейин жетти
Бийлик Сиднейдин бардык райондорунда абал кооптуу экенин эскерткен. Тургундарга от жагууга жана көчөдө шашлык бышырууга тыюу салынды. Анткени ушул айларда шаардын чет жакасындагы токойлордо өрт кооптуулугу жаралат.
Бул шаардагы мындай аба ырайы 1939-жылы катталып, анда абанын 47,8 градуска жеткен экен.
Эй-би-си телеканалы Mission Australia деп аталган диний кайрымдуулук уюму аптапта көчөдө калбасын деп, үйү жок селсаяктарды ооруканаларга жана атайын жайларга жайгаштырууга жардамдашканы тууралуу кабар таратты.
Жаңы Түштүк Уэльс штатында болжолу 7000 жакын турак жай электр жарыгы жок калган. Мунун себеби өтө ысыктан улам деп жазды Sydney Morning Herald басылмасы.
Ал ортодо Сиднейде Англия менен Австралия ортосунда крикет боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Стадиондогу абанын деңгээлин ченеген каражат 57 градусту көрсөткөн. Англиялык оюнчулардын мындай ысыкта ойногонго көнбөгөнү турган кеп.
Ал эми эл аралык Сидней теннис турниринин катышуучулары эрте мененки саат 10до эле күн ысып баштаганда теннис аянтынан кетип калышты.
Франциялык теннисистчи кыз Кристина Младенович австралиялык Эллен Перез менен беттешүүдөн баш тартканы үчүн күйөрмандарынан кечирим сурады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Журналист Жейми Пандарам "Твиттердеги" баракчасына ысыкка байланыштуу спорт фотографтары иштей албай калганын жазды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Виктория жана Түштүк Австралиянын айрым жерлеринде өрт кырсыктары орун алды. Бир нече турак-жайлардын күйгөнү айтылып жатат.
Эксперттер абанын температурасына жана деңиз суусуна климаттын өзгөрүшү таасирин тийгизи, бул экстремалдык аба ырайына алып келип жатканынын айтып жатышат. (AbA)

Сүрөттүн булагы, EPA












