Британияда төрт сааттын ичиндеги 15 миң чагылган
Британиянын түштүк бөлүгүндө катуу күн күркүрөп, чагылган түшүп, арты нөшөргө айланды. Ишембиден жекшембиге караган түнү төрт сааттын ичинде 15 миң чагылган түшүп, рекорд койду деп кабарлады BBC Weather.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Станстед аэропортунда чагылган учактарга май куйган системаны иштен чыгарды. Мунун айынан көп каттамдар кармалып калды.
Британиянын метеорологиялык кызматы коркунучтун сары жарыгын жарыялады. Адистердин болжолунда, жакынкы күндөрдө катуу жамгыр жаап, арты Англиянын чоң бөлүгүндө жана Уэльсте суу ташкындарына алып келиши мүмкүн.
Жекшемби жана дүйшөмбү күнү кайрадан күн күркүрөп, чагылган түшүшү мүмкүн деп эскертти синоптиктер. Бул электр жарыгын үзгүлтүккө учуратып, коомдук транспорттун ишин кыйындатышы мүмкүн.
Көптөгөн британдыктар кыйма-чийме түшкөн чагылганды сүрөткө тартып калышып, коомдук сайттарга видеолордон бери жайгаштырышты.

Сүрөттүн булагы, PA/TowerRNLI

Сүрөттүн булагы, Ems - Hayling Island/@auntymems

Сүрөттүн булагы, Andrew Lanxon Hoyle/@Batteryhq

Сүрөттүн булагы, Jason Arthur

Сүрөттүн булагы, Roy McDonald

Сүрөттүн булагы, Ben Hensel

Сүрөттүн булагы, Yulia Emelianenko

Сүрөттүн булагы, Paul Greenford tyres/@Atko80

Сүрөттүн булагы, Harry Neary/@grumpyrocker

Сүрөттүн булагы, @samueltwilkinson/PA

Сүрөттүн булагы, Reuters
(AbA)








