К. Абдулметин: Чек ара кайтарууда Кыргызстан Түркия моделин алса болот

Ван кыргыздары

Сүрөттүн булагы, Abdulmetin Keskin

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Баткендеги кандуу окуядан улам аймактын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түрдүү демилге, сунуштар айтылууда. Айрымдар жергиликтүү тургундарга чек арачы же сакчы макамын берип, атайын даярдыктан өткөрүү демилгесин көтөрүүдө.

Алар мындай тажрыйбаны Түркия ийгиликтүү ишке ашырып, Ван кыргыздарын бул ишке тартканын мисал кылууда. Президент Садыр Жапаров дагы "элдик кошуундар" түзүлө турганын өз кайрылуусунда билдирди. Бирок качан, кимдерден, кантип түзүлөрү азырынча белгисиз.

Би-Би-Си бул боюнча Ван аймагындагы кыргыздардын өкүлү Абдулметин Кескинди кепке тартты.

Абдулметин Кескин

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдулметин Кескин

Абдулметин: Бир эле Ван кыргыздары деп айтпайын, жалпы Түркиядагы, дүйнөдөгү кыргыздар буга абдан капа болду го. Кыргызстаныбыз бир дөөлөт, күчтүү, элинин колу ачык. Буюрса кыйрагандарды тез эле калыбына келтирет. Эми мындан ары мындай болбосо экен деп тилек кылабыз.

Би-Би-Си: Абдулметин мырза, Ван кыргыздары тууралуу учкай айтып өтсөңүз?

Абдулметин: Биз 1982-жылы Түркияга көчүп келгенбиз. Ал кезде "террор" деген жокко эсе эле. 1987-88-жылдары Түркияда "террор" деген пайда болду. Биз Ван деген аймагында жашайбыз. Бул Иранга 2-3 сааттык аралыкта турган эле жер. Анан террорист деген пайда болуп жөн эле кишини жолунан тосуп, тоноп, кээ бирин өлтүрүп койгондор болду. Шаарларга барып бомба коюп, аскерлер турган жерлерди аткылап, тынчын ала баштады. Ошол жылдары биз менен келген өзбек, казак, түркмөндөр шаарга жакын жерлерге жайгаштырылды. Кыргыздарды ошол жерге алып барды. Түрк өкмөтүнө жараткан ыраазы болсун! Биз муну такай айтып жүрөбүз. Жаштарыбыз эң жакшы жерлерде окуп, эң алдыңкы жерлерде иштеп жатат. Ошентип "террор" деген баш көтөргөндө 1990-1992-жылдары аскерге жардамчы деп айылдыктарды ала турган болду. Коңшу айылдардан да алды. Себеби, ал учурда ошондой кылыш керек болду. Биздин айылга да 2-3 террорист кол салды. Кудайга шүгүр, мерт кеткен эч ким болгон жок. Бирок эл коркуп, тынчы кетип, андан ары ал жерде жашай албачудай эле көрүнүп калды. Азыр Баткенде да ошондой көрүнүш болсо керек.

Ван аймагындагы Түркиянын чек арачылары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ван аймагындагы Түркиянын чек арачылары

Би-Би-Си: Жер кезип жүрүп эми жайланыштык окшойт деген кыргыздар ал окуяны кандай кабыл алды?

Абдулметин: Биз Кыргызстанга кетсекпи же башка жерге орун которсокпу деп тынчыбыз кетип калган. "Коркунучтуу" деп мамлекет тараптан келген жетекчинин баарына айта бердик. Анан бизге аскер, мамлекет жетекчилер келип "Түркия бөлүнбөйт", "биз мекенди сакташыбыз" керек деп түшүндүрүштү. "Биз Түркияны террорлорго бербейбиз, керек болсо булар менен согушабыз!", деп айтты. Ошондон кийин биздин айылдан 150 кишини айыл корукчусуна алды. Алар аскерге жардамчы болмок болду. Кокус чоңураак чатак чыкса, анда аскер келет. Баягы тандап алгандарды үч, төрттөн кылып топторго бөлүп, кезекке койду. Алар бир күнү коруп, болгон жерди кыдырат, анан эс алат. Кийинки күнү башка топ чыгып күзөттө турат. Террорист барышы мүмкүн деген жерлерди кычыгына чейин көз салат.

Ван кыргыздары

Сүрөттүн булагы, Abdulmetin Keskin

Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан корукчу же сакчы кандайдыр бир шектүү жагдайды көрсө эмне кылат?

Абдулметин: Кокус террористти көрүп калса корукчу кабар берет, барып аны менен согушат. Ошондон тарта биздин айылга эле эмес, жакындагы түрк айылдарына дагы террористтердин кол салуусу тык эле токтогон.

Ван аймагы

Би-Би-Си: Ван кыргыздары жай турмушта жөн эле жашоочу, ошол эле учурда сакчы экенин билебиз. Ошол тажрыйбаны Кыргызстан пайдаланса кандай болот деп ойлойсуз?

Абдулметин: Менин оюмча, балким Баткенде, чек ара чатагы болгон жерлерде "Түркия модели" деп башталса жакшы болот. Биринчиден, аскерге жер-сууну билген, мыкты жардамчы керек. Мисалы биздин аймакка, Стамбулдан аскер барса алар жердин уусун жакшы билбейт да. А ошол жерде туулуп-өскөн жардамчы ал жерде суусу кайда, коктусу кайда экенин коён жатагына чейин билет. Ошол иш жүзөгө ашкандан тарта биз жакта көйгөй чечилди. Эл көңүлү кадимкидей тынч болуп, жайбаракат жашап калды.

Тойдо ат ойноткон Ван кыргызы

Сүрөттүн булагы, ABDULMETIN KESKIN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тойдо ат ойноткон Ван кыргызы

Биздин айылды эле өрнөк кылып жакшылап айтып берейин. Маселен, сырттан машина бара турган болсо айылга киргенге чейин токтотуп - ким, кайдан келди, эмнеге, кимдикине экенин алдын ала тактап коёт. Ошентип айылдын ичинде тынчтык болуп, абдан жакшы болуп калды. Балким, Баткен тарапка дагы ошондой кылса болоттур. Эми аны изилдеп, керек болсо бул жакка келип жеринен өз көздөрү менен көрсө болот. Ишке ашса эл көңүлү ток жашап калат. Экинчи жагынан ал жактан иш издеп Туркияга, Орусияга чейин кетип жатышканын билебиз. Аларды сакчы кылып ала турган болсо, жигиттердин айлыгы менен иши да болуп калат. Үйүндө эле туруп өз оокатын да кылат, айылын да коргойт. Эми жакшылап айтып берейин. Бизде Улуу Памир айылында ичкилик ичкен киши жок. Корукчу кылып алып жатканда абдан кылдат текшерет. Алар ичпейт, маңзат пайдаланбайт, чуркоодон, сыноодон өтүп текшерилет. Андан соң корукчу кылып колуна курал берет, ок дарысын берет. Алар жиндилик кылган, бирөөнү аткан кишилерди эч убакта албайт. Азыркы Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркияны жакшы билет, биздин айылга чейин барган. Кабары бар.

Ылайым мындай болбосун бул жакында эле болгон окуя үчүн эмес, келечек үчүн да маанилүү иш. Биздин айылдагы корукчулар террористтер менен көп согушкан. Арасында окко учуп, майып болгондор да бар. Аларды мамлекет акысын төлөп, пенсияга чыгарган. Бул дөөлөт үчүн акыны кайтардык десек болот. Бул жакта кыргыздарга ишеним абдан жогору. Бул өтө маанилүү маселе. Түркия бизге ишенип, ошонун аркасында ушуга жетип олтурабыз.