Баш мыйзамдын жаңы долбоору: бийлик кандай бөлүштүрүлдү?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жогорку Кеңештин сайтында Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланды. Конституциялык кеңешме анын үстүнөн дээрлик үч ай иштеген. Документ буга чейин коомчулукка жарыяланбай келгени сын-пикирлерге себеп болду.

Президенттик башкарууга ылайыкталып жазылган долбоордо бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары кандай бөлүштүрүлгөн?

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык президент аткаруу бийлигин жетектеп, өкмөттүн курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат.

Мындан тышкары Башкы прокурорду, УКМК төрагасын, Жогорку Соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өз демилгеси менен референдум жарыялай алат жана мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

"Талаш болду, президентке көп ыйгарым укуктар берилип калды, Жогорку Кеңеш байкуш болуп калды деген сөздөр болду. Биз мындай оор маселеден кантип чыктык? Биз кимисинде канча функция болсо, ошончо укук берели да, ошондой жоопкерчиликти тагалы дедик. Карасак, президенттин функциясы көп экен",- деди Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев.

Жаңы документ менен президент аткаруу бийлигин да башкарат, бирок өкмөттүн ишине жоопкерчиликтүү эмес. Конституциянын соңку долбооруна эң көп сын ушул жагдайга байланыштуу болууда.

"Референдум өткөрөр алдында жана жаңы конституциялык долбоорго киришер алдында дагы бир тезисти так айтып келгенбиз. Өлкөдө жоопкерчиликти бир киши алып, иштин натыйжасына да жооп берсин деп. Бирок бул Конституцияда андай жоопкерчилик жок. "Президент аткаруу бийлигинин башы, аны башкарат" деп турат. Ошол эле убакта "өкмөттүн ишине Жогорку Кеңеш кандайдыр себептерден улам ишенбөөчүлүк көрсөтсө, анда президент өкмөттүн жоопкерчилигин карай"т дейт. Өзүнүн жоопкерчилигин эмес. Мындай айтканда президент баарын башкарат, баарынын башында турат, бирок иштин натыйжасына жооп бербейт, өкмөт бар деп атат" ,- деди Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Эмилбек Каптагаев Би-Би-Сиге.

Ал өкмөт башчысы президенттик администрациянын да башчысы болот деген жобого да ичи чыкпаганын билдирди. Каптагаев кезинде Роза Отунбаеванын президенттик администрациян жетектеген киши катары бул эки кызматтын табияты такыр эки башка, мындай бириктирүү логикага сыйбайт, деген пикирде.

Жаңы документ менен Жогорку Кеңешке берилчү мандаттар санын 120дан 90го түшүрүү сунушталды. Депутаттарды шайлоо партиялык тизме менен жүрөбү же мажоритардык система аркылуубу, көрсөтүлгөн эмес. Аны парламент өзү конституциялык мыйзам менен аныктай алат.

"Азыркы долбоор менен президент, анын администрациясына, Баш прокуратура, Курултай, өкмөткө да мыйзам демилгелөө укугу берилип жатат. Ошондо баары мыйзам жазса, анда Жогорку Кеңеш нотариус катары эле ошол мыйзам долбоорлорун бекитип береби?", -деп суроо салды укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Жогорку Кеңештин депутатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү да киргизилип жатат. Бекбосун Бөрүбашев жаңы долбоор президенттик башкарууга ылайыкташып жазылса дагы, парламентке деле бир топ укуктар берилди дейт.

"Биз парламентаризмден артка кеттик, парламентаризм болбой калды деген сөздөр айтып атышат. Биздин долбоор боюнча Жогорку Кеңештин укуктары бир топ эле. Мисалы, Жогорку Кеңешке президентке импичмент жарыялай алат, анын процедурасы жазылган. Ал эми президенттин Жогорку Кеңешти таратканга акысы жок. Биз балансты, тең салмактуулукту сактаганга болгон күчүбүздү жумшадык".

Конституциялык кеңешме 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларды эске алуу менен, эгер президент мөөнөтүнөн мурда кызматынан чегине турган болсо, өлкө башчысы милдети убактылуу премьер-министрге өтсүн деп сунаштап жатат. Өкмөт башчы да ал милдетти аркалай албай калган күндө гана, өлкө тагдыры Жогорку Кеңеш төрагасына өтмөкчү.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча коомдук талкуу бир айга созулат, ал азыр сын-пикирлерге ачык.