"Президент аткаруу бийлигине өз башы менен жооп берет": Конституциянын жаңы долбоору даяр

Кыргызстанда конституциялык кеңеш жаңы жылдан кийинки биринчи жыйынына чогулду. Конституциялык кеңештин төрагасы баш мыйзамдын жаңы долбоору иштелип бүтүп калганын, анда негизги өзгөчөлүк - мамлекеттик башкаруу формасы катары президенттик башкаруу каралганын билдирди. 10-январдагы референдумда добуш берүүгө катышкандардын 80% ашыгы президенттик башкарууну колдогон.

Ошентип, Кыргызстанда жаңы баш мыйзамдын долбоору негизинен даяр болуп калгандай. Анда президент мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигинин башчысы катары көрсөтүлдү. Негизинен бийликтин эки тизгин бир чылбыры, президенттин колуна топтолгону коомчулукка жаңылык деле болбойт. Анткени, январдын башында өткөн референдумда добуш берүүгө катышкандардын 80% президенттик башкарууну колдоп добуш беришти.

"Президентти аткаруу бийлигинин башына коюп атабыз. Президент аткаруу бийлигине жеке өзү башы менен жооп берет деген жобо турат. Мына ушул убакка чейин, азыркы иштеп аткан баш мыйзам боюнча мамлекеттик иштерге ким жооп бере турганы айтылган эмес. Биз жоопкерчилик тактык. Президентке көп ыйгарым укук кетип калды деген сөз болуп турат. Мисалы үчүн президенттин беренесин карасаңыздар, ал кишинин беш-алты функциясы бар. Ал мамлекеттин башчысы, ал аткаруу бийлигинин да башчысы, ал ички жана тышкы саясатты аныктайт, баш мыйзамдын гаранты болот. Андан башка, эң негизги жобосу бар, мамлекеттик бийликтердин ымалашып иштешине кам көрөт. Мына ошончолук көп функция бергенден кийин, ошончолук чоң ыйгарым укук беришибиз керек",-деди конституциялык кеңештин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы дагы бир чоң өзгөчөлүк, көптөгөн талаш-тартуулардан кийин элдик курултай институту коомдук өкүлчүлүктүү жыйын, кеңеш берүүчү, коомдун өнүгүү багыттарын аныктоочу түзүм катары ордун тапты. Аны өзүнчө бийлик бутагы катары киргизүү жөнүндө сунуштар көп болгонуна карабай, колдоого алынган жок.

Ошол эле учурда коомдун бир бөлүгүндө президенттик башкаруу кайрадан бир адамдын жеке басар бийлигин, диктатурасын орнотот деген кабатыр маанай болуп жатканын айта кетели. Анын ичинде, экс-президент Роза Отунбаева, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган күчтөр президенттик башкаруу өлкөнү кайрадан отуз жылга артка алып кетет деп эскертип, парламенттик башкаруу жолунан тайбоого чакырып жатышканы белгилүү.

"Борбордук Азия регионундагы тарыхый саясий кырдаалды, бул региондогу элдердин менталитетин, саясий маданиятын эске алганда, Кыргызстанга элдик бийлик, парламенттик башкаруу керек экени талашсыз. Кыргызстан өзүнүн эгемендик тарыхынын акыркы отуз жылында иш жүзүндө президенттик башкарууда жашап келди. Жеке адамдын бийлигин өзүм билемдикке, зордук-зомбулукка алып келип, экономиканын өнүгүүсүнө зор залакасын тийгизди",-дейт "Ата Мекен" партиясынын лидери.

"Нотариус парламент"

Алардын жүйөсүнө караганда, 2010-жылдан кийин дагы Кыргызстанда иш жүзүндө эч кандай парламенттик башкаруу болгон жок. Шайлоо партиялык тизме менен жүрүп, жеңип келген партиялар коалиция түзүп, өкмөттү кураган тышкы көрүнүшү окшошкон менен иш жүзүндө саясий процесстин башында президент өзү турду. Керек болсо, Атамбаевдин убагында ал партиялардын тизмесине чейин киришип, өзү бекитип берип, мандаттарды бөлүштүрүүнү өзү каалагандай калчаганы кийин ачыкка чыкты.

Натыйжада басымдуу түрдө капчыктуу ишкерлерден, бай чиновниктерден турган, президенттин көзүн караган, анын айтканын эки дебеген депутаттык корпус түзүлүп, ал "олигарх парламент", "нотариус парламент" атка конуп, жаманатты болду. Депутаттын ушундай кубулма түрүн көрүп турган элдин ишеними кетпей койгон жок.

Баш көтөрүп, каршылык көтөрүүгө батынган депутаттарга президенттин колундагы күч түзүмдөрүнүн чокмору даяр турду, алар керек учурда кылдан кыйкым таап камап, айласын кетирип турду дешет.

Ошондой буйрукту аткарууга катышкан деп жаткан мурдакы жетекчилердин бүгүн өздөрүнүн башына ошондой мүшкүл иш түшүп турган убак. Бир күн мурда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев кармалып, бир кезде өзү башкарган кардуу мекеменин тергөө абагына камалды. Ага "Белизгейт" окуясы боюнча ЖК депутаттарын ак жерден күнөөлөп, жаманатты кылган деген айып коюлууда. (КС)