Баш мыйзамдын долбоорунда жарандардын укуктары чектелгенби?

Бир катар юристтер азыркы Баш мыйзам менен сунушталып жаткан анын жаңы долбоорун салыштырган анализ даярдаганын айтышты. Анын авторлору референдумдун мөөнөтү, биринчи кайсы шайлоо өтөөрүнө эмес долбоордун мазмунуна көңүл бурушубуз керек дешет.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева 45 беттен турган анализде Баш мыйзамдын долбоору менен азыркы Баш мыйзамдын айырмачалыктары талданганын айтты.

"Жарандардын бир катар укуктары жокко чыгарылып жатат. Биринчиси, маалыматка жетүү жана маалымат алуу укугу чектелип жатат. Экинчиси, республикалык жана жергиликтүү бюджетти түзүү укугу чектелүүдө. Аны түзүүдө жөнөкөй жарандар өкүлчүлүк кыла алат, билесиздер. Андан сырткары бул бюджеттер боюнча отчет суроо укугу кыскартылып жатат. Үчүнчүдөн, мамлекеттик мекемелердин иши боюнча кайрылып келсек, эми алар жабык мекемелерге айланууда", - дейт Эргешбаева.

Юрист Сания Токтогазиева чечмелегендей, жаңы долбоорго ылайык, президент көп укуктарды алган менен эл алдында жооп берүү милдети каралган эмес. Ал ЖКнын милдеттери болушунча кыскартылганын кошумчалады. Импичмент жарыялоо татаалдашат, ага Башкы прокурордун чечиминен сырткары Конституциялык соттун чечими да керек болот. ЖК референдум өткөрө албайт деди ал.

Юристтин айтымында, Конституциялык сотко көп укук берилип жатат. Ал мында мурунку конституциялык соттун милдеттери менен укуктары кайтып келип жатканына көңүл бурду:

"Биз тарыхтан мурунку конституциялык соттун жетекчилери Акаевге, Бакиевге саясий курал болгонун билебиз. Ошондой болбош үчүн 2010-жылы Конституциялык палатанын укуктары кыскартылган. Азыр ошол укуктар кайра кайтарылып жатат. Бул президент референдум баштап, Конституциялык палата аркылуу андан ары өз укуктарын кеңейтишине жол бериши мүмкүн".

Юристтер бийлик бутактарынын арасындагы тең салмактуулук жоголуп, президент институту жада калса мыйзам чыгарууга чейин кирип кетип жатканын айтышууда.

Алар белгилегендей, ошондой эле сөз эркиндиги коркунучта.

Юрист Азим Жээнбаев сөз эркиндиги адамдын фундаменталдуу эркиндиги менен укугу экенин белгиледи:

"Баш мыйзамдын долбоорундагы 23-беренеде басылмалар жалпы кабыл алынган моралдык баалуулуктарга каршы келген иш-чараларды чагылдыра албайт деп жатат. Бул берененин ансыз да начарлап бараткан сөз эркиндигине, тынч чогулуп пикир билдирүүгө олуттуу кесепети тиерин баса белгилешибиз керек. Коомдук баалуулуктарды чыңдоонун арты менен бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарына жана алардын саясатын сындагандарга басым жасайт деген кооптоону бар".

Жогорудагы юристтер Баш мыйзам сунушталгандай болуп өзгөрсө Кыргызстанагы көп партиялык система жоюларын, мындай система демократиялык коомдун негизи экенин белгилешти.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, илимпоз Абылабек Асанканов парламенттин аброю төмөндөгөнүн белгилеп, жаңы долбоор аны сапаттуу кылууну көздөй турганын айтты.

"Партиянын лидерлери өздөрү каалагандай түзүп, алдыңкы онго "алтын" орунду берип, ошол жерден коррупция жүрүп жатпайбы. Мыйзам чыгара турган билимдүү юристтердин, окумуштуулардын каражаты жок да. Тээ 101-орунда жүрүп өтпөй калып жатпайбы. Ошондой болбосун деп жатабыз", - деди Асанканов.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юрист Нурлан Исмаилов жаңы долбоордо бийликти үч бутакка бөлүп, арасындагы тең салмакты сактоого катуу аракет көрүлүп жатканын белгилейт. Ал азыркы Конституцияда тең салмактуулук сакталбагандыктан президенттер кенен укуктары менен оппоненттерин кодулап, камап келгенин белгиледи.

"Бүгүнкү Конституция боюнча президентте өтө чоң бийлик бар, - деди Исмаилов. -Ал УКМКнын жетекчисин дайындайт. Демек, эң күчтүү тергөө органы анын көзөмөлүндө турат. Башкы прокурордун талапкерлигин ЖКга сунуштайт жана аны кызматтан алуу укугу бар. Жергиликтүү судьяларды сотторду тандоо кеңешинин сунушу менен дайындайт".

Ал президенттин мындай укуктары менен бийлик бутактарында эч качан тең салмактуулук сакталбай турганын, бийлик узурпацияланаарын кошумчалады.

Конституциялык кеңешмеде, жаңы долбоордун жактоочуларында Курултай институту боюнча пикирлер өзгөрүп жатат. Кеңешменин мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Курултайдын азыр жазылгандай формада болсо Курултайдын кереги жок, ал мамлекеттик органдарды координациялабай, коомдук башталгычта гана болуш керек деди.

Абылабек Асанканов да Курултай боюнча кайчы пикирлер бар экенин айта кетти.

"Ал мамлекеттик органдын бутагы болобу же болбосо элдин атынан кеңеш бере турган кошумча орган болобу деп бир жыйынтыкка келбей будуң-чаң болуп жатканыбыз ушунда. Ошондуктан курултайчылар өзүңөр бир чечимге келгилечи деп ачык айтканга туура келди", - деди Асанканов.

Конституциялык кеңешме 20-ноябрда түзүлүп, иш алып барууда. Андан үч күн мурда аталган долбоорду ЖК алып чыккан. Белгилүү юрист Бекбосун Бөрүбашев төрагалык кылып жаткан кеңешмеде 89 мүчөсү бар экени айтылды.