Эпидемиолог Ч. Жумалиева: калктын 20 пайызы бекер эмделет

Эпидемиолог Чынар Жумалиева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эпидемиолог Чынар Жумалиева
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Быйыл COVAX альянсы аркылуу кыргызстандыктардын 20 пайызына жете тургудай бекер вакциналар келгени жатат. Бул 1 миллион 200 миңдей адам бекер эмделет дегенди түшүндүрөт.

Калктын 20 пайызы эмделсе, коллективдүү иммунитет пайда болушу мүмкүнбү? Дарыгер-эпидемиолог Чынар Жумалиева жооп берет.

Ч.Жумалиева: Кээ бир изилдөөчүлөр калктын 20 пайызында коронавируска карата анти-тулку пайда болсо эле коллективдик иммунитет пайда болот деп жатышат. Бирок буга көбү макул эмес. Көпчүлүк изилдөөчүлөр качан гана калктын кеминде 60 пайызында COVID-19 каршы иммунитет пайда болгондо гана коллективдик иммунитет болот деп жатышат. Бекер вакцина менен бизде калктын 20 пайызында жасалма иммунитет пайда болот, ага кошумча бизде вирус менен ооруп бүткөндөрдүн табигый иммунитети кошулганы жатат. Андай шартта, балким жетиштүү болот.

Би-Би-Си: Коронавируска каршы вакциналарды алып келүү, сактоо маселеси да бар. Кыргызстан үчүн кайсы вакцина ыңгайлуу болот эле?

Ч.Жумалиева: Азыр эми коронавируска каршы вакцина өндүрүүчүлөр арасында үч лидер чыгып атат. Бул америкалык Moderna, АКШ-Германия биргелешкен Pfizer менен Biontech жана орусиялык Спутник-V. Орусиялык вакцинанын сактоо эрежелери жумшагыраак. Анын эки түрү бар: эритме түрүндө, суюк, тоңдурулган вакцина жана кургак порошок. Тоңдурулган түрүн сактоо шарттары -18 °C градустан жогору болбошу керек. Ал эми кургак порошокту сактоо эрежеси жеңилирээк +2,+8 °C кадимки холодильникте сактаса болот. Ошондуктан бул вакцина Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болуп жатат.

Ал эми Pfizer менен Moderna вакциналарынын сактоо эрежеси -70, -80°C градус болуп, бир аз татаалыраак болуп жатат. Мындай сактоо системасы бир эле Кыргызстан эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө машакаттуу.

Би-Би-Си: Бирок Орусиянын өзүндө деле бул Спутник-V вакцинасына кооптонуулар болуп жатпайбы...

Ч.Жумалиева: Мен жогоруда атап кеткен үч фирма өздөрүнүн клиникалык сыноолорунун натыйжаларын жарыялаган. Мисалы, Pfizer отуз миң адамды сыноого алган. Анын ичинен он беш миңи вакцина, калган жарымы плацебо алган. Ал адамдардын ичинен 95 адам ооруп калган. Бирок анын 90 ошол плацебо алган адамдар болгон. Чынында, вакцина алгандардын ичинен беш гана адам жеңил ооруган. Так ошондой маалыматты Moderna да жарыялаган. Ал 44 миң адамга вакцина берип, ал жакта да жарымын чындап эмдеп, жарымына жөн гана плацебо беришкен. Жыйынтыгында 170 адам ооруганын билдирген. Анын, калп айтпасам 167 плацебо алгандар болуп чыккан. Ошону менен эффективдүүлүгүн аныкташкан.

Ал эми орусиялык вакцинага карата жаралып жаткан ишенбестик эмнеден улам орун алып жатат?

Орус изилдөөчүлөрү толугу менен вакцина өндүрүшү, сыноолору боюнча маалыматты ачыкка чыгарган жок деген жүйөөнү айтып жатышат. Экинчиден, Орусиянын Эпидемиология жана микробиология боюнча Гамалеи институтунун жетекчиси дагы ыктыярчыларга плацебо бергенди токтоттук деп жарыялады. Бул дагы ошол клиникалык сыноолордун аягына чыкпай калганынын себеби.

Видеонун түшүндүрмөсү, Covid-19 вирусуна каршы вакцина алган дүйнөдөгү биринчи бейтап

Бирок клиникалык сыноолордун мөөнөтү өттү дегенге болбойт. Pfizer, Moderna ыктыярчылары быйылкы жылдын май айына чейин сөзсүз көзөмөлдө болушат.