“Барометрдин" сурамжылоосу: саясатчылардын сап башында ким?

Садыр Жапаров, Бакыт КАлмаматов, Адахан Мадумаров

Кыргызстандагы саясий кырдаал жана президенттик шайлоого бараткан талапкерлер жөнүндө биринчи сурамжылоолордун жыйынтыгы чыга баштады.

"Борбордук Азиянын Барометри" регионалдык көз каранды эмес институту жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 80% президенттик башкарууну колдой турганын билдирген.

Ал эми 64% президенттик кызматка негизги талапкер болуп жаткан Садыр Жапаровду жакташкан.

"Шайлоо азыр болсо, кайсы талапкерге добуш бермексиз?"- деген сурамжылоонун жыйынтыгынын таблицасы

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Шайлоо бүгүн болсо, кайсы талапкерге добуш бермексиз?"- деген сурамжылоонун жыйынтыгынын таблицасы

Сурамжылоо 2020-жылдын 9-17-декабрында жүргүзүлгөн. Респонденттерге Кыргызстандагы саясий жана экономикалык кырдаал, 5-октябрдагы бийликтин алмашуусу, алдыдагы шайлоого катышуу ниети, мамлекеттик башкаруу формасы, референдумга мамилеси, саясатчыларга жана Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, сот бийлигине болгон ишеними жөнүндө суроолор берилген.

Жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 58% бийликтин алмашканын толугу менен колдой турганын билдирген. Ал эми 73% 10-январдагы президенттик шайлоого катышат, 64% Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдойт. 17% кимге добуш берерин чече элек. Ошол эле убакта саясатчыларга болгон ишеним жөнүндө суроонун жоопторуна караганда, Жапаровго ишенгендер 48% түзөт.

Айтмакчы, талапкерлердин бир тобу Садыр Жапаров шайлоого теңчилик принцибин бузуп баратат деп айыптап, аны жарышан чыгарууну талап кылышкан эле. Ал эми Клара Сооронкулова анын каттоосун жокко чыгарууну талап кылып БШКны сотко бергени маалым.

Жарандык активисттер президенттик башкаруу кайрадан бир адамдын диктатурасына алып келет деп каршы чыгышууда.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарандык активисттер президенттик башкаруу кайрадан бир адамдын диктатурасына алып келет деп каршы чыгышууда.

Коомчулукта көп талаш-талкуу жараткан референдум маселесине келгенде, сурамжылоого катышкандардын 76% Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдой турганын билдирген. Ал эми 7% референдум жөнүндө билбейт. Ошол эле убакта алардын 80% президенттик башкаруу формасын колдошкон. Парламенттик башкарууну жактагандар 14% түздү.

Референдум боюнча жарандык активисттердин каршылык акциялары уланууда. Бул жекшембиде дагы Бишкекте мыйзамдуулукту колдоо боюнча жарандык жүрүш болду.

Референдум мыйзамы одоно укук бузуулар менен кабыл алынды деп Конституциялык саясат институту Конституциялык сотко кайрылганы маалым.

Эксперттердин пикирине караганда, сурамжылоо өлкөдөгү коомдук саясий маанайды көрсөтүп турат. Социолог Медет Султанбаевдин пикиринде, бир талапкерди колдоп добуш бергени жаткандардын жогорку көрсөткүчү анын областтарга жакшы таанымал экени менен байланыштуу. Ошол эле учурда кадыр-баркы жогору башка атаандаш талапкерлердин жок болуп жатканында.

Профессор Зайнидин Курмановдун баамында, азыркы шартта шайлоочулардын көбү укуктук маселелер менен иши жок, элдин оюн көбүнчө саясий популисттик ураандар имерип турган учур.

"Тилекке каршы, коом кандайдыр бир процедураларды сактоо, укуктук талаага кайтып келүү, ж.б. кайсы бир чаржайыт жана фантасмагор идеяларга алаксып жатат, аларды карапайым адам түшүнбөйт. Байыркы Римден бери келаткан чындык, карапайым калкка бир эле нерсе керек - "нан менен той-тамаша". Андан бери көп деле өзгөрүү болгон жок. Ким муну берсе, шайлоону, саясий күрөштү ошол утуп чыгат",-дейт профессор.

Борбор Азиялык Барометр институту - баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан коомдук пикирди сурамжылоого адистешкен регионалдык көз каранды эмес институт. 2017-жылдан бери регионалдык изилдөөлөрдү жүргүзүп келатканын айтууда. Би-Би-Си буга чейин аны билген эмес, анын изилдөөлөрүн биринчи жолу колдонууда. (КС)