Э.Нурушев: элдин үнү курултайда эмес, мыйзамда камтылат

Сүрөттүн булагы, social media
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, Кыргызстанда Элдик курултай институту болмокчу. Ал президенттен, өзүнүн төрагасынан жана парламенттин спикеринен отчёт алат деп жазылган. Андан сырткары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жумуштан бошотууну сунуштаганга укуктуу болот.
Би-Би-Си курултайдын мааниси, анын зарылдыгы тууралуу коомдук ишмер, публицист Эсенбай Нурушев менен маектешти.
Э.Нурушев: Курултай болгондо эле кыргыз мүйүздүү болуп кетпейт. "Курултай антет, курултай минтет, эл көзөмөлдөш керек" деп келе жаткандар бар. Курултай эмне экенин түшүнүп алыш үчүн кичине тарыхын караш керек. Европада грек полистеринен мурда пайда болгон. Адегенде аскерий жыйындар болгон. Ошондон азыркы замандагы парламент келип чыккан. Чыгышта болсо бул темага кайрылбаган тарыхчылар аз. Динлин деген эл болгон, кийин тараганда жарымы кыргыздарга кирген экен деп айтып жүрүшөт. Аларда сырткы коркунуч түзүлгөндө курултайга чогулуп, согуш маселесин чечип коюп тарап кеткен экен. Андан кийин хундарда жылына эки жолу төрөлөрдүн курултайы өтүп турган. Алар элдик курултай дегенди дегеле билген эмес деп Гумилёв жазып жатат. Түрктөрдү алсак, алар элден сурап, эл кандай чечсе ошондой кылган деген чындыкка дал келбейт. Алар Энесай кыргыздарына кол салышканда эл менен кеңешкен эмес. Кыргыздар өзүнчө болгону жатыптыр, бизге баш ийбей, кастык кылган атыптыр деп түн ичинде басып, аны чоң эрдик кылгансып ташка жазып калтырып жатпайбы. Андан кийин курултай монголдордо болду. Ага деле эл катышкан эмес, жалаң төбөсү көрүнгөндөрдү чакырган. Өзүбүздүн кыргызда Атаке бий Орусияга кошулуш керек, элчи жөнөтөлү деп учурунда курултай чакырган экен. Курултайда хандар бүжүрөп босогодо отурган дешет, Ормон хан курултай чакырып алып босогодо отурганын ким көрүптүр? Ормон хан эмне десе курултай ошону чечип берип тарап кеткени тарыхта бар. Курултай жалгыз эле кыргызда же чыгышта пайда болгон институт эмес. Бүт Европада аны билбеген эл жок. Ошолордон азыркы парламент чыккан. Курултайды киргизип алды, эми бизде эмне болот? Курултай баарынын отчётун угат, сунуш берет жана координациялайт деп жазылып жатат. Координациялоо - баарын тескегенге укук берип жатат. Эки-үч жагдайына кайрылайын. Биринчиси, Түркмөнстандагы жол болот. Түркмөн башы Сапармурат Ниязов келгенде "Халк маслакати" деген орган болгон, болгондо да конституциялык орган. Ал түркмөн башынын айткандарын жактырып, кол көтөрүп колдоп берген. Түбөлүк президент болосуң деп ошолор чечкен. Курултай бизде деле ошондой болот. Кечээ жакындагы эле Бакиевдин курултайын билебиз да. Бул эл мындай деп чечти деп, элдин атынан бийликти бекемдөөнүн эле амалы болуп калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Саясий кризис жаралган учурда айрым топтор, коомдук уюмдар курултай институтун сунуштап келишет. Сиз айткандай, бул элдин талабы деген пикирлер бар.
Э.Нурушев: Жомокко, мифке абдан ишенген элбиз. Бардык жерде мындай маселелерди азыр Конституциялык соттор чечет. Эл курултайга делегат болсо эле, эл ичинен пайгамбарлар чыгат деп ойлойсуңарбы? Болжолдуу 2000 киши деп жатат, алар ар кимиси ар нерсени сүйлөп, бирок макул деп колдоп берет. Азыркы парламенттен да жаман болот.Кокус курултайдын башына кердымактуу, амбициясы чоң адам келип калса, эртең ал өзүнө чоң бийликти талап кылат. Аппарат түзөт, жардамчылары болот, жер-жерлерде төрагалары болот, түзүлүшү түптөлөт, аларга айлык төлөш керек. Бир эле өлкөдө катарлаш эки мамлекет пайда болот.
Би-Би-Си: Курултайды жактагандар бүгүнкү парламент элдин үнү болбой калгандыктан ушул институт зарыл дешет.
Э.Нурушев: Бул чоң иллюзия, куру кыял. Саясий, экономикалык кризиске кептелдик деп жатышат, биз чын чынына келгенде улуттук кризиске туш болдук. Бир жагы курултай деп кыйкырып жатышат, экинчи тарабы курултайыңдын эмне кереги бар дешүүдө, бул жалпы улуттук жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. Бир тарабы курултайды тааныбайт, экинчи тарабы мамлекетти тааныбайт. Азыркы эле парламентти, бийликти тааныбай жаткан күчтөр бар да. Тополоң тоз болот. Өлкөдөгү 6,5 млн адамдын баары "айланып кетейин, ушундай бийликтен өткөн бийлик жок" деп жаткан жери жок да. Эл ичинде ар кандай адамдар бар. Ошол түрдүү ала-була күчтөрдүн баарын бириктирген бир гана мыйзам. Элдин эрки мыйзамда жазылат. Мыйзамдан чыктыңбы анда сен анархия болосуң, көчмөн турмушка кайтасың, көчмөн цивилизация деп азыр өпкөбүз көөп жатпайбы. Ар бир коктунун өзүнчө Конституциясы, мыйзамы, мамлекети болот. Бири бирине карабай тарап кетишет деген маселе. Ошондуктан азыркы дүйнөдө, 21-кылымда бизден башка элдер кантип жашап жатат, ушундай нерселерден кантип чыгып жатат деп кичине эки жакты караш керек. Түз эле ушундай болот деп эч жакты карабай, күчкө салып киргизгенде 3-4 жылда кайра эле ушундай чалды куйду, башаламандык башталат.
Би-Би-Си: Негизги маселе элди бийликке катыштыруу болуп жатса, сиз аны кандай жол менен ишке ашырыш керек деп ойлойсуз?
Э.Нурушев: Эл эч качан башкарып да көргөн эмес. Эл башкарган жерде будуң-чаң болгон. Байыркы тарыхтан азыркы күнгө чейин алып келсең, "эл жети баштуу желмогуз" деп айтышкан. Бири муну, экинчиси тигини айтып, атын таппай калат. Ошонун баарын салмакташ керек. Конституциялык реформа деген жөнөкөй иш эмес. Ким кепилдик берет? 30 жылдын ичинде жомоктордун канчасын уктук. Башка өлкөлөрдө алдабай, чын иштеген лидерлер 15 жылда көтөрүп коюп жатат. Андай болуш үчүн элдин жалпы маданияты, билими көтөрүлүш керек. Биринчи кезекте элди бийлеп жаткандар чынчыл, билимдүү, таза болуш керек жана өздөрү кабыл алган мыйзамды бекем сакташ керек. Андан башка азырынча жол жок.










