Шайлоолор: Кыргызстан саясий кризистен чыгуу жолун издөөдө

митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нааразылыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Кыргызстанда бийлик алмашты
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жогорку Кеңештин профилдик комитети парламентти шайлоо мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду. Айрым саясатчылар жана эксперттер өзгөргөн мыйзам менен келген парламент деле өлкөнү азыркы кризистен чыгарбай турганын айтууда. Айрымдар конституциялык реформа зарыл деген пикирде.

Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр депутаттар тарабынан сунушталды. Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет тарабынан колдоо тапты.

Бул маалыматты төраганын орун басары, аталган комитеттин мүчөсү Мирлан Бакиров ырастады.

"Комитеттин отурумунда концепциясы жактырылды. Дагы сунуштар болсо, экинчи окууда каралат. Ар кандай пикирлер болду, мисалы, мен Балтика өлкөлөрүнүн тажрыйбасын сунуштадым. Шайлоо бюллетенинде партияга дагы, номерин жазуу менен талапкерлерге да добуш берилет. Ошондо шайлоочуда жумшак рейтинг менен партияны да, талапкерди да тандоо мүмкүнчүлүгү болот. Анткени көйгөй ошол болуп жатат. Шайлоочулардын басымдуусу мажоритардык системага кайтып келүү жөнүндө маселе көтөрүп жатат. Ошол эле учурда бир бөлүгү анда конституциялык реформа, ага көп убакыт керек дешүүдө. Ошондуктан компромисстик вариант катары ушул сунушту колдошсо жакшы болот деген ойдомун",-дейт М.Бакиров.

Мыйзам долбоору эми жалпы жыйындын кароосуна чыгарылат. Үч окуудан өтүш керек. Парламенттин жалпы жыйындары шаршемби, бейшемби күндөргө коюлган.

алма сатып олтурган аял

Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо эки айда өтүш керек деген. Анда Жогорку Кеңеш мыйзамдарды 21-октябрга чейин өзгөртүп үлгүрүш керек. Акыркы учурда депутаттардын чогулуусу да маселе жаратып келди. Конституциялык мыйзамды өзгөртүүгө кворум үчүн депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнөн ашыгы керек.

"Депутаттар отурумдарга активдүү катышууга аракет жасап жатат,- деди Мирлан Бакиров. - Кворумду сөзсүз камсыз кылышыбыз керек. Депутаттардын келишин камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот деген ойдомун".

"Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо тууралуу" мыйзамына негизинен үч өзгөртүү сунушталды.

  • Шайлоо босогосун 7%дан түшүрүү;
  • Күрөөнү 5 млн сомдон азайтуу;
  • Шайлоо үчүн каттоого турууга уруксат берген "2-форма" документин жокко чыгаруу же колдонулушун өзгөртүү.

"Шайлоо мыйзамын өзгөртүү көйгөйдү чечпейт"

шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Депутаттарды тандоо эрежелерин өзгөртүүгө 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарына нааразылыктар, андан кийинки толкундоолор себеп болду.

Айрым байкоочулар шайлоолорду шашылыш өткөрүүгө каршы оюн билдирип жатышат.

Саясатчы, мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов шайлоолорду жылдырыш керек, болбосо кайра туруктуулукту бузчу маселеге айлануу коркунучу бар дейт. Ал учурдагы саясий жана экономикалык кризисти эске алганда алдыда өлкөнү мындан оор абал күтүп турат деген божомолдорго негиз бар экенин жазды.

"Божомолум туура болбой калышын абдан каалайм. Бирок "системаны толук бузуш керек" деген революциялык каршылыктын мизи кайтпаган, жаштар максималисттик каалоолорун алдатып жибербейин деп күтүп, кийинки лидердин аркасынан "акыркы жана чечүүчү күрөшкө" дагы барууга даяр турган абалда айтылган мөөнөттө шайлоолорду өткөрбөй эле коюш керек. Парламенттик шайлоо жаңы жылдын алдында бүтөт экен. Жыйынтыгы чыгып, талаш-тартыштар, добуштарды кол менен эсептөө бүткүчө президенттик шайлоонун үгүт айынын акыркы аптасы болуп калат. Жаңы жылдык эс алуу күндөрүнөн кийин эле дароо президенттик шайлоо экен", - деген Ф.Кулов жумшартып айтканда, шайлоолорду мындай өткөрүүнү "жиндилер үйү" деп атады.

Ал шайлоолордун мөөнөтүн жылдырууга конституциялык мыйзам кабыл алып, парламенттик жана президенттик шайлоолорду шашпай өткөрүш керек деген сунушун айтууда.

Конституцияны өзгөртүү сунуштары чыгууда

Шайлоо мыйзамын жаңылоо менен өлкө саясий кризистен чыкпайт дегендер да бар.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев парламенттик-президенттик башкаруу системасы он жылда жараксыз экенин көрсөттү деп эсептейт. Ал ушу тапта Кыргызстан конституциялык реформага барыш керектигине ишенет.

"Референдум же Жогорку Кеңеш аркылуу Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл, - деди А.Акматалиев Би-Би-Сиге. - Толук парламенттик системага өтүп, президентти парламент шайлаш керек же президенттик мамлекет болуп, эл шайлаган президент премьер-министри жок эле өкмөттү башкарыш керек. Эл кайсыны тандаса, Конституцияга жазып туруп, анан шайлоону өткөрсө болот. Анткени азыр шайлоо өткөрсөк мурунку башкаруу системасынан келаткан проблемалар менен калабыз. Жоопкерчилиги жок өкмөт келе берет, президенттин аткаруу бийлигинде чоң укугу жок болуп, башка бир ыкмалар менен таасир эткенге аракет кылат. Биздин башкаруудагы негизги маселелер чечилген жок".

Акматалиев президент жок болгондуктан Конституцияны өзүнө жараша өзгөртүү коркунучу жок экенин, азыр реформага ыңгайлуу учур экенин белгиледи.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүнү жактайт. Ал эми эки шайлоону бир өткөрүү тажрыйбасы көп өлкөдө бар экенин белгиледи.

"Кандай бийлик болот деген маселе дагы бар. Бизде президент менен парламент бири-биринен көз каранды. Президент колаициянын колдоосу жок эч нерсе кыла албайт, система ошондой түзүлгөн. Анда шайлоо жарым жылдан кийин өтүш керекпи? Бирок президент жок болсо сырткы өлкөлөр үчүн толук легитимдүү болбой жатпайбызбы. Өзбекстандын премьер-министри өкмөт башчыны куттуктап, Орусиянын тышкы иштер министри өзүнүн кесиптешин куттуктады, президенттери эмес. Президенттин милдетин аткаруучуну тааный албайт да. Бир жагынан алар абалды түшүнүп, эл аралык коомчулук үчүн акырын жол ачып берип жатат. Орусия жол ачпаса бизди эч ким тааныбайт. 2010-жылы да убактылуу өкмөттүн перспективасы жок болчу, Путин биринчи болуп Роза Отунбаеваны тааныган", - деди Курманов.

Шайлоо адилетсиздигине айыпталган партиялар

Шайлоо өтсө мурунку партиялар катышабы?

Түрдүү пикирлерге карабай парламенттик шайлоо өткөнү калды деген оюн ошол эле Кулов айтып жатат.

Андай болсо добуш сатып алуу сыяктуу эреже бузууларга эл арасында айыпталган саясий партиялар шайлоого катышабы?

"Реформа" партиясы "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" партияларын жоюп салуу өтүнүчү менен Юстиция министрлигине кайрылганын жарыялады.

Кимдин айынан шайлоо адилетсиз өткөн болсо алар кийинки ат салышуудан четтетилиш керектигин БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова да айтып келатат.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров партиянын мүчөлөрү шайлоого катышуу же катышпоону жалпы чечет деди. "Биримдик" саясий партиясы аларды таратууга эч кандай негиз жок экенин жар салды. Бул эки партия шайлоодо 24 пайыздын, ал эми "Кыргызстан" партиясы 9 пайыздын тегерегинде добуш алышкан. Нааразылыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Кыргызстанда бийлик алмашты.