"Бул маселени аягына чыгарабыз": Жапаров президенттин отставкасы боюнча

Жапаров менен Жээнбеков

Өкмөт башчылыкка жаңы дайындалган Садыр Жапаров журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрдү.

Президенттин отставкасы боюнча берилген суроого жооп берип жатып, Жээнбеков "мыйзамдуу жолго салынгандан кийин арызын жазып кетерин, экс бойдон каларын айтканын" эске салды.

Өкмөт үйүнүн жанындагы эски аянтка Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан митингге чогулду. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын жана Жапаровдун тез арада премьер-министрликке дайындалышын талап кылды. НТС журналисти бул талап боюнча Жапаровдун пикирин сурады.

"Алар менин эле тарапташтарым эмес, бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот. Анткени бүткүл кыргызстандыктардын талабы бул - президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп келип жатат. Анан үчүнчү талабы, Садыр Жапаровду отургузуп келели деген талап менен чыгууда. Мен азыр бул жерден чыгып, президентке барып жолугам, сүйлөшөм. Бул маселени аягына чыгарабыз. Өлкөдө стабилдүүлүк болуш керек, элдин баары тынч жашаш керек. Бул маселени чечебиз",-деди Садыр Жапаров.

Качан чечилет, саясий кризис уланып кетпейби деген суроого:

"Менин оюмча, эң биринчи келишимге келишибиз керек. Президент мыйзамдуу жолго салып коюп, арызымды жазып берем, экс бойдон калайын деген. Макулдашылгандан бери он күн өттү. Биз элге чыгып муну айтканбыз. Бул бүгүн чечилиш керек. Бул менин талабым эмес, элдин талабы",-дейт Жапаров.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

"Кечээ Жогорку Кенештин төрагасы шайланды. Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат. Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм. Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан, бул токтомдор парламентке кайтарылды. Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды. Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок. Бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта, чогуу иштөөсүн баштайлы. Ошондуктан, парламентибиз маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенем. Кыргызстан - укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет. Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы",-деп айтылат кайрылууда.

Президент Жээнбеков премьер-министр жана төрага менен жолукту

Президент Жээнбеков премьер-министр жана төрага менен жолукту

Сүрөттүн булагы, official

Басма сөз жыйынынан көп өтпөй эле премьер-министр, Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаев менен президент жолукканы тууралуу расмий маалымат таратылды.

"Мамлекет башчысы аларды кызмат орундарына дайындалышы менен куттуктады. Иштерине ийгиликтерди каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишеним артты. Президент бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус инфекциясы пандемиясынын экинчи толкунуна ошондой эле күз-кыш жылытуу мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал кыска мөөнөттөгү пландардан сырткары, ичинде экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды дагы иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин баса белгиледи",-деп айтылат расмий таратылган кабарда.

Видеонун түшүндүрмөсү, Президент Жээнбековдун Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маеги.

Буга чейин президент билдирүү таратып, "өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын" деп билдирген. Бирок азыркы маалда айрым саясатчылар президентти отставкага кетпөөгө чакырган билдирүүлөрдү таратууда. Мындай кайрылууну парламенттин кезексиз жыйынында дагы бир катар депутаттар жасады. (AbA)