"Президентке жакын, сырдана киши": премьер-министр кызматына биринчи талапкер

Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүк Кубатбек Бороновду премьер-министр кызматына талапкерлигин бир добуштан колдоого алды. Бир эле учурда өкмөтүн түзүмү, курамы жана программасы кошо бекитилди. Мухаммедкалый Абылгазиев дүйшөмбүдө кызматынан кетүүгө арыз жазып, бүгүн президент аны канааттандырды.

Шайлоого төрт ай калганда келе турган премьер саясат, партиялар жана шайлоо менен көп иши жок адам болуш керек. Кубатбек Боронов коалициялык көпчүлүктүн жыйынында өзү эле эмес, азыркы министрлердин эч кимиси шайлоого барбай турганын билдирип, техникалык өкмөт башчы болууга даярдыгын көргөздү.

"Бүгүн өлкөдөгү кырдаалды жакшы түшүнүп турабыз. Карантин маалы болсо, шайлоого үч-төрт ай калса, мындай кырдаалда техникалык өкмөттөн башка эч ким деле азыр өкмөттү башкарганга келе бербейт. Шайлоого катышпайм дегендер гана барып атат. Ошого тууралап жасалган өкмөт катары кабыл алып атабыз. Өзү карантинге жооп берген комиссиянын төрагасы эмеспи. Ошол милдетин аркалап, оорунун күчөп жайылып кетпеш үчүн бүгүнкү кырдаалга жооптуу адам катары турат. Биринчи кезектеги милдети ошол. Экинчиден, кырдаал өлкөнүн экономикасын биротоло чөк түшүрбөй, шайлоону чуру-чуусу жок өтүп кетишине шарт түзүү деген эки маселе коюлуп атпайбы",-деди коалициялык көпчүлүккө кирген депутат Чыныбай Турсунбеков.

Боронов Кубатбек биринчи кесиби боюнча курулуш инженери, кийин юриспруденция боюнча да окуган. Алай районунда сүт товардык ферманын каттоочудан башталган эмгек жолунда курулуш ишканаларында иштеди. 2003-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүм башчысы болуп келип, ал жерде министр кызматына чейин көтөрүлүп, баш аягы он беш жылдай иштеди. 2018-жылы апрелден тартып биринчи вице-премьер-министр.

Март айында коронавируска каршы карантин башталгандан тартып, өкмөттүн эң чукул маселелерин чечип, бүт ишти координациялап жатат. Азыркы учурда өкмөттөгү эң маалыматтуу жана эң компетенттүү адис катары оозго алынып турган убагы.

Мурда кийин шайлоого катышып, саясий партиялар менен мамиле күткөнү жөнүндө маалымат жок. Кыскача айтканда, саясат менен көп иши жок, чарбакөй адис катары белгилүү. Ошондуктан шайлоонун алдында техникалык өкмөттү башкарууга эң ылайыктуу адам катары каралып жаткандай.

"Биринчиден, бул жерде өкмөттү бүтүндөй алмаштырып отуруунун зарылдыгы жок, анткени шайлоо жакын. Ошондуктан азыр өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Кубатбек Боронов ишин уланта берсин деген чечим кабыл алынды. Экинчиден, Боронов президентке жакын, сырдана болуп, анын командасындагы эң жакын кишилердин бири",-дейт кыргыз саясатын жакшы билген эксперт Айданбек Акмат уулу.

Эң башкысы, Бороновдун мурда кийин кыңыр иштерге аралашып, жаманатты болгон учуру жок өңдүү.

Ага кедерги боло турган анын биографиясы эмес, географиясы. Өзү Өзгөн районунда туулган, бирок түбү Алайдан деп айтышат. Азыр эле коомдук сайттарда президент Оштон шайлангандан кийин эмне үчүн дагы бир оштук премьер болуш керек деген контекстте пикирлер болуп жатат. (КС)