You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арыз бергени белгилүү болду.
"Радиожыштыктар ресурстарын узартуу жана кайра тариздөөгө байланыштуу кылмыш иши боюнча өкмөттүн дарегине айтылган айыптоолордон улам, тергөөнү объективдүү жана ар тараптуу жүргүзүү кызыкчылыгында жана тергөө органдарына кысым көрсөтүү боюнча айып тагууларга жол бербөө үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө кетүү чечимин кабыл алгам. Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коет жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем. Бирок, тилекке каршы, иликтөө иши соңуна чыга элек. Бүгүнкү өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан татаал шартта, өкмөт туруктуу иш алып барып, жарандардын толук ишенимине ээ болуусу зарыл, ал эми белгисиздик абалы өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен өзүмдөн премьер-министри ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым",-деп айтылат өкмөт тараткан расмий билдирүүдө.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев майдын соңунда радиожыштыктардын мыйзамсыз берилиши жөнүндө кылмыш ишинин акыйкат тергелишине кысым кылды деген айыптоолор болбош үчүн кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө кеткенин билдирген эле. Ошондон бери жумушка чыга элек болчу.
Радиожыштыктардын мыйзамсыз берилгени жөнүндө ишке тиешеси жок экенин премьер-министр далилдесин деген талапты Жогору Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев койгон эле.
Жыштыктардын берилишинде мыйзам бузуулар боюнча шектүү катары беш киши камакка алынганы белгилүү, анын ичинде Мамлекеттик байланыш агенттигин мурунку директору Наталья Черногубова жана УКМКнын дагы кызматкерлери бар экен.
Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө тобу менен Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Мамлекеттик байланыш агенттиги уюлдук байланыш операторлорунун бирөө жана Мамлекеттик технология жана байланыш агенттиги менен жең ичинен сүйлөшүп, лицензиянын стандартын өзгөртүп, аны мыйзамсыз кайра каттап берип койгон.
Жыштыктарды берүүдөгү мыйзам бузуулардан мамлекет канча зыян тартканы эсептелип жатканын Башкы прокуратурадан билдиришкен, бирок бул жерде миллион-миллиардаган акчалар жөнүндө сөз болуп жатканы көп айтылууда. Абылгазиев мындан толук эки жыл мурун, тагыраагы Мухаммедкалый Абылгазиев 20-апрелде өкмөт башына келген эле.