You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Парламент өкмөттүн ишине алымсынбай кое албады
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңеш эки күн талкуулап, өкмөттүн 2019-жылга карата отчетун канааттандырарлык деп тапты. Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөтү былтыр өлкөдө ИДП 4,5%, өскөнүн билдирүүдө.
Депутаттар элдин жашоосу чынында оңолбогонун, премьердин отставкага кетүүсүн талап кылышты. Бирок ачуу сын, кер какшыктарга карабай парламент өкмөттүн кезектеги отчетун кабыл алды.
Пандемия шартында 1,5 ай карантинде отурган элдин бийликке болгон ишеними өтө төмөндөп кеткен маалда өкмөт парламентте былтыркы жыл үчүн отчетун берди.
Жогорку Кеңеште 96 депутат өкмөттүн отчетун колдоого макул болуп, бешөө каршы чыкты
"Элде азыр нааразылык өтө күч. Кеп коронавируста деле эмес, ага чейинки өкмөттүн эч кандай реформаларга барып, экономикалык секирик жасай албай, кадр саясатынан аксаганынын жыйынтыгы. Коронавирус өкмөттүн, бийликтин жүзүн, иштөө жөндөмдүүлүгүн, компетенттүүлүгүн ачыкка чыгарып берди. Атамбаевдин учурунда ТЭЦдеги коррупция ачыкка чыкпады беле, ошол эле сыяктуу азыркы бийликтин дараметин коронавирус жылаңачтап ачып берди", - деди "Эркин эл" саясий партиясынын тең төрагасы Айбек Мырза.
Мухаммедкалый Абылгазиев ушуну менен өкмөт башчы катары үчүнчү жолу отчет берип жатат.
Ал премьерлик кызматын мындан эки жыл мурун баштап, 2010-жылдан бери эң узак мөөнөттө кармалган өкмөт башчы болууда. Бирок бул убакыт аралыгында Абылгазиевдин баштапкы командасынан үч гана киши калды: өзү, орун басары Кубатбек Боронов жана ИИМ министри Кашкар Жунушалиев.
Абылгазиевдин өкмөт башчылыкта көпкө кармалышынын сырын айрымдар президенттин колдоосу менен байланыштырып келишет.
"Парламент депутаттары популизмге алдырып, сындашып, бир топ эле бакылдашты. А бирок жыйынтыгына келгенде, сөзү менен иши дал келген жок. Сындап-сындап туруп аягында өкмөттүн жасаган ишин канаттандырарлык деп колдоп коюшту. Парламенттин V-VI чакырылыштары ушундай болуп калды. Өкмөттү камчылап, маселе чечүүнүн ордуна парламент өкмөт менен кошо бир органга айлангандай. Аткаруу бийлигинин бир бутагындай болуп калды. Президенттик аппарат тараптан ишара болгондо гана өкмөттү сындап, аны кетирүүгө батыл чараларга барып калышат", -деди учурда бозгунда жүргөн КСДП саясий кеңешинин өкүлү Мирбек Айтикеев.
Жогорку Кеңештин өзү деле коронавируска каршы күрөштө борбордук күч боло албады деп сындалып жатат. Кычагансып карантин маалында мамлекеттик башкарууну аныктап алуу тууралуу депутаттардын демилгеси да көпчүлүк кыжырына тийди.
Мындан улам элдин социалдык нааразылыгы эми саясий багытка ооп баштагандай. Аны бийликке нааразы радикал күчтөр оңой колдонуп жатышат.
"Чоң казат" урааны менен эл ырыскысын жеп, чоң байлык топтоду делген чиновниктерге, депутаттарга чабуул күчөп турган чагы.
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн бөлүнгөн тышкы жардам ортодо "желип" кетпейби деген шектенүү да күч болууда.
Бирок премьер өз отчетунда өкмөткө болгон эл ишеними жөнүндө өзүнчө пикирде:
"Калктын ишеним индексине токтолуп кетсем, бул жарандар тараптан берилген ишеним. Интегралдык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасына өкмөттүн ичинде ачык саясаттын жүргүзүлүшү, өлкөгө санариптин кириши өз натыйжасын бере баштады деп эсептейбиз".
Соңку эки айда карантинден бюджет эңшерилди, мигранттар жапырт кайтып, башка өлкөлөр менен соода-сатык дээрлик токтоду. Ишкерлер күткөн салыктан жеңилдик берилбей,ИДПнын дээрлик жарымын камсыздаган чакан жана орто бизнес өкмөткө нааразы болууда.
Өзгөчө кырдаал режимине өтүүдөгү беткап, справкаларга байланыштуу чакчелекей саясат ансыз да каржалган элдин кыжырына тийип жатканын жазбаган жалкоо же жармач гезиттер эле калды окшойт .