“Биздин күткөнүбүз башка эле”: Кыргыз өкмөтүнүн экинчи антикризистик планы

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргыз өкмөтү антикризистик экинчи планын бекитип, кеминде 25 миң ишкерге жеңилдетилген шартта насыяларды бергени жатат.

Орто жана чакан бизнести колдоп, экономиканы көтөрүү үчүн өкмөт ички жана тышкы булактардан каражат издөөдө.

Антикризистик фонд

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт антикризистик фонд ачып жатканын, ага жакын арада 14 миллиард сомдон кем эмес каражат топтоо аракети көрүлөрүн билдирди.

"Ички булактар тууралуу айта кетсек: мамлекеттик бюджетти кайра өзгөртүп, чыгашаларды оптималдаштыруунун эсебинен бир топ каражатты үнөмдөп, ошол акчаны ишкерликти колдоого жумшайбыз. Ушул эле бюджеттин ичиндеги "Кумтөрдөн" мурда түшүп келген каражаттар бизнести коргоого жумшалат. Сырткы булактардан: KW жана Европа инвестициялык банкы менен сүйлөшүп, макулдашуу болду. Ушул эки өнөктөштөрүбүздөн жалпы суммасы 50 миллион доллардан ашуун алабыз деген пландар бар. Дагы башка биздин донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө",-деди вице-премьер-министр.

Кыргыз өкмөтү Орусия тараптан да колдоо күтүп, Евразиялык стабилдештирүү фонду жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна үмүт артууда. Деген менен өкмөттүн алдыңкы эки жылда антикризстик фонддун көлөмүн 40 милилард сомго чейин жеткирүү дымагы бар.

Жеңилдетилген насыялар

Өкмөт азыркы шартта өндүрүү, кайра иштетүү, экспорт, азык-түлүк коопсуздугу жаатында иш алып барган орто-чакан бизнеске жеңилдетилген шартта насыя берүүнү караштырууда:

"Насыялардын мөөнөтү 3-5-7 жылга чейин болот. Анын ичинде негизги сумма боюнча жеңилдиктер 12-18 айга чейин болот. Пайыздык үстөктөрү 4-8% чейин. Бул насыялардын баары сом менен берилет. Менин оюмча аталган пайыздык үстөктөр өтө төмөн. Кээ бир пайыздык үстөктөр инфляция деңгээлинен да төмөн. Коммерциялык уюмдардын пайыздык үстөктөрүнө салыштырмалуу бул эки, эки жарым эсе арзан", -деди басма сөз жыйынында вице-премьер Э.Асрандиев.

Өкмөт баштапкы этапта 25-30 миңдей ишкерди гана насыялар менен камсыздай алары белгилүү болду.

"Башканы күткөнбүз"

Өкмөттүн буга чейинки антикризистик планы ишкер чөйрөнүн купулуна толбой калган.

"Биз, чакан жана орто бизнес өкүлдөрү салык боюнча мөөнөттөрдү узартып бергиле, көп бизнесмендер насыя алып иштейт, доллар менен алгандар зыян тартып жатат дегенбиз. Бирок өкмөт салыктар боюнча мөөнөттү узартуу дегенди кабыл алган жок. Отчеттордун эле мөөнөтүн узартабыз деди. Бирок андан ишкерлерге анча деле жеңилдик болгон жок", -деген жеке ишкер Рустам Жунушев.

Өкмөттүн кезектеги планында бизнес өкүлдөрүнүн сунушу камтылды делген менен, анда ишкерлерди салыктан утурумдук бошотуу же жеңилдетүү каралган эмес.

"Бул деле жаман эмес. Жоктон көрө жогору. Бирок ачык айтканда, биздин күткөнүбүз башка эле. Антикризистик биринчи, экинчи пакет дегенде салыктардан бошотуу, социалдык төлөмдөрдү жеңилдетүүнү суранганбыз. Андан кийин гана насыя берилсе деп күткөнбүз", -деди Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов.

Кыргызстанда ишкерлердин көбү салык, социалдык төлөмдөрдөн качышат, себеби алар жалпы кирешенин 35% түзөт.

Ошондой шартта да чакан жана орто бизнес өкүлдөрү ички дүң өндүрүмдүн дээрлик жарымын камсыздап келет.

Бирок катаал карантиндик чаралардан улам ишкерлер чоң жоготууларга учурап, анын эсебинен мамлекеттик казына өткөн айда беш миллиард сомго зыян тартты.