You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жергиликтүү өндүрүшчүлөр: бут тосууга туш болдук
Кыргызстандык өндүрүшчүлөр ири дүкөндөр менен иштешүү кыйындап, базардан чыгууга аргасыз болгонун айтып чыгышты. Алардын билдиришинче, карантинден пайдаланып, айрым соода түйүндөрү монополистке айланууда. Ал эми антимонополиялык агенттик мындай баа берүүдөн мурун алды менен териштирүү керек деп билдирди.
Жергиликтүү өндүрүшчүлөр базарды ээлеп алган ири азык-түлүк дүкөндөрү кандай жол менен болбосун арзан товарды алууга кызыктар экенин айтууда.
“Мисалы, Казакстандан арзан баада, 60-70 сомго жумуртка алышкан. Биздин өндүрүшчүлөр мындай баада жумуртка табуу мүмкүн эмес деп түшүнбөй калды. Демек, бул жерде чоң күмөн жаралат”,- деди Агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башчысы Темирбек Ажикулов.
Алар ошондой эле ири дүкөндөрдө Казакстандын товарлары көбөйүп, жергиликтүү азыктар азайып баратканына көңүл бурууда.
“Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ишин токтотуп коюуш оңой эле. Ири дүкөндөргө киргизбей койсоң, сатканга жай жок сата албай калышат. Бул өндүрүмүн түшүрөт. Анда продукциянын баасы кымбаттай баштайт, - дейт Ажикулов - Кыргызстандын жашылча-жемиштерди консервациялап саткан “Сонун” деген бренди ири дүкөндөрдө жок болуп кетти. Анткени коюлган шартты алар көтөрө алышкан жок, аларды кыйнап коюшту. Өндүрүш тынымсыз иштеп турса, өнүгөт, баасы арзан болот. Улам баштап, анан кайра токтото бергенде кымбат болуп калат”.
Ажикулов белгилегендей, мыйзамга ылайык дүкөндөгү товарлардын кеминде 25 пайызы жергиликтүү болушу керек. Өндүрүүчүлөр соода түйүндөрүн көзөмөлдөш үчүн “Ички соода жөнүндөгү” мыйзамга толуктоо киргизүүнү сурап, парламентке да кайрылды.
“Мисалы, Казакстанда биздин товарларга расмий эч кандай чектөө жок. Бирок бизден эт, сүт азыктарын алып баргандарды киргизбей, дүкөнгө жеткирбей базарга саттырып, кадимкидей эле кыйнайт. Дүңүнөн алып өздөрү сатат. Бул боюнча өкмөткө айтсаң “биз анте албайбыз, биз алардан алсызбыз” деген жоопту берген”, - деди Ажикулов.
Базарды ээлеген ири соода түйүндөрү
Ишкерлердин айтымында, акыркы айларда айрыкча “Народный” жана “Глобус” соода түйүндөрү бир гана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү эмес, бардык ишканаларга өзүнүн шартын коюп, басым кылууда.
Биримдиктин маалыматында, Бишкекте миң чамалуу дүкөн болсо карантинде жүздөйү гана иштеп, калгандары жабылып калды. Андыктан ири дүкөндөр базарда монополистке айланды дейт.
Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн кайрылуусу боюнча анализ жүргүзө баштаганын Би-Би-Сиге билдирди.
“Чарбалык субъект монополист же андай эмес экенин аныктоо үчүн товар базарын анализдеп чыгыш керек. Ал үчүн биз тиешелүү мамлекеттик органдарга, Улуттук статистикалык комитетке маалымат сурап кайрылдык. Анын товар жүгүртүү көлөмү канча, Бишкек боюнча карайбызбы же республика боюнчабы деген сыяктуу маалыматтарды билишибиз керек. Анализди ошону алганда гана жүргүзө алабыз. Албетте, буга убакыт керек”, - деди агенттиктин товар базары жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова.
“Народный” жоопкерчилиги чектелген уюму териштирүү бүтмөйүнчө комментарийден кармана турганын билдирди. Алар Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигине тиешелүү маалыматтарды бергенин кошумчалады.
Бул соода түйүнү ишкерлерди коргоп жаткан биримдиктерге баарына тегиз мамиле кылаарын айткан.
Кайсы бир мекемени монополист деп эсептеш үчүн базардагы үлүшү кеминде 35 пайыз болуш керек.
"Өкмөт менен бизнесте диалог жок"
Өндүрүшчүлөр өкмөттүн баага чектөө койгону аларга экинчи тараптан чоң сокку экенин белгилешүүдө. Мисалы, жергиликтүү ун өндүрүүчүлөргө бир килограмм ундун баасын 35 сомдун тегерегинде деп бекиткен менен базар баасы 39 сом деп эсептешет.
Ишкерлер өкмөт бизнести чектегенден мурда көйгөйлөрүн угуп, диалог түзүш керектигин белгилешет.
Өндүрүшчүлөрдүн айтымында, эң зарыл деп эсептелген 11 азыктан 3-4 түрүн Кыргызстан өзүн өзү, дагы 4-5 түрүн жарым-жартылай камсыздай алат. Пандемияга байланыштуу коңшу Казакстан буудай, ун, май сыяктуу азыктарын сыртка сатууну чектеди.
“Продукциянын баасына чоң таасир этип жаткан доллардын курсу, чек аралардын жабылышы сыяктуу жагдайлар тууралуу өкмөт бизнести угуш керек болчу. Бизнес бааны көтөрбөсүн деп бир тараптуу тыйып койгондо, эч кандай диалог болбой калат”, - дейт Ажикулов.
Кыргызстандагы өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев жергиликтүү азыктарды сатып алууга чакырган үгүт ишин уюштурууда. Ал ар бир адам Кыргызстанда жасалган азык-түлүктү сатып алуу менен жумуш орундарынын көбөйүшүнө, пенсия менен айлыктардын өсүшүнө, экономиканын жогорулашына салым кошоорун белгилейт.