Бишкек: эреже сактабагандан вирус кеңири тарап жатабы?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Соңку эки күндөн бери өлкөдө коронавирустун жаңы учурлары көбөйүп жатат. Вирус жуктуруп алган жаңы учурлардын көбү Бишкек шаарында аныкталды.

Жаңы конуштарды үймө-үй текшерүүнүн жыйынтыгында жаңы тогуз учур аныкталып, борбордун жака белиндеги конуштарда карантиндик чаралар күчөтүлүп жатат.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 35 адам катталды.

"Бишкекте -26, Чүй облусунда-2, Нарын облусунда-1, Жалал-Абад облусунда-5, Баткен облусунда бир адам ооруну жуктурган",- деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.

Жекшембиде вирустун жаңы 26 учуру белгилүү болгон.

Соңку эки күн ичиндеги коронавирустун жаңы учурларынын 80% Бишкекке туура келет. Шаардык мэрия вирус Бишкекте кишилердин карым-катнашы, байланыштары аркылуу тарап жатканын билдирүүдө.

"Бишкекте лабораториялык жол менен тастыкталган вирустун 231 учуру катталды. Анын 34 учуру сырттан кирген, 197 шаар ичинде жуктургандар. Ооругандар менен байланышта болгон дагы 194 адам медициналык көзөмөлдө", - деди Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова.

Анын айтымында, вирус жуктурган 69 киши жаңы конуштун тургундары. Бишкектин ичинде вирус Ленин районунда, Арча-Бешик конушунда көп аныкталууда.

Баш калаада бир миллиондон ашык киши жашайт деген маалыматтар бар. Калк жыш жайгашкандыктан, социалдык аралыкты жана жеке гигиеналык чараларды сактоо абдан маанилүү болуп турат. Бирок шаар тургундары ага кайдыгер мамиле кылууда.

"Мен кредит төлөгөнү барсам, укмуш тыгын, биринин кулагы бирине тиет. Бир кичинекей бөлмөгө 20-30 адам тыгылып алган. Биз ошо кезекте туруу маданиятын да жакшы билбей жатабыз. Вирус күчөп жаткан мезгилде биз аралыкты сакташыбыз керек. Адамдар канчалык бири-бирине жакын болгон сайын вирус жугат",- деди Бишкек тургуну Бектемир.

Борбордо 1-майдан тарта карантин чаралары жумшарып, мындан улам көчөлөр машинага толуп, короого чыгып топтошуп ойногон балдар көбөйүп, беткап кийгендер азайды.

Адистер мындай кайдыгер мамиле менен вирус кайра күчөп, экинчи толкун болушу мүмкүн деп кооптонууда.

"10-15-майда оорунун жайылышынын туу чокусун көрөбүз. Бирок ал ошону менен токтойбу же дагы жайылып кетеби, ал дагы суроо. Себеби өзгөчө абал жоюлса, элдин баары чыдабай ага чейин эшикке чыга баштаса,

майдын аяк ченинде оорунун жайылышын көрөбүз ",- деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин байкоочу кеңешинин мурунку мүчөсү Айбар Султангазиев.

Кыргыз өкмөтү 11-майдан тарта өзгөчө абалдан чыгуу чечимин кабыл алган.

Бишкек мэриясы соңку абалды эске алып, өзгөчө абал режими алынгандан кийин да автоунаалардын жана кишилердин жол кыймылына айрым чектөөлөрдү калтырууну көздөп жатат. Ал эми жаңы конуштарда карантиндик чараларды күчөтүү сунушталууда.

Шаарга кирүүнү каалагандар өткөрмө кагаз менен кошо коронавируска анализ тапшырганы тууралуу документ да көрсөтүшү керек деп айтылып жатат.