Эмнеге Казакстан менен Кыргызстанда коронавирус дарыгерлер арасында көп катталды?

    • Author, Наргиза Рыскулова
    • Role, Би-Би-Си, Бишкек

Казакстан менен Кыргызстанда Covid-19 вирусун жуктуруп алгандардын дээрлик төрттөн бири медицина кызматкерлерине туура келет.

Коомдук сайттарда өздүк коргоо каражаттары жок туруп эле, эпидемия менен күрөшкө тартылганын даттангандары болду.

Жыйынтыгында кайра дарыгерлердин өздөрү вирус алып жүрүүчү болуп калды. Ошол эле маалда бийлик дарыгерлердин өздөрүн айыптаган учурлар дагы жок эмес.

Бишкектеги мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери 48 жаштагы Анара Жунусова 23-мартта нөөмөттө турган экен.

"Түштөнүү үчүн үйгө келип, алсырап, табитим жоголуп турганын сездим. Эртеси күнү эле температурам 39 градуска чыгып, сөөктөрүм какшатып ооруду. ОРВИ болуп калдым го деп ойлоп, "Тез жардам" чакырдым. Бирок алар оорулуу балдар үчүн гана чакырууга барышарын айтышты. Жашаган аймагың боюнча кайрыл деп кеңеш беришти",-дейт ал.

Анара экинчи жолу тест тапшырганда инфекция жуктуруп алганы ырасталган. Ооруканага алты күндөн кийин гана оор абалда түшөт. Ошону менен инфекциялык ооруканада 17 күн жаткан. Анын алты күнүн реанимацияда өткөргөн.

"Башымдан өткөн оорунун азабын жана тарткан ызаамды жеңилдетип ыйлап алууга да күчүм жетпеди. Катуу депрессияга кабылдым. Биз, Бишкектин эпидемиологдору биринчилерден болуп шаардагы коронавирус очокторуна барып, аларды таап, анкета толтуруп, бейтаптар менен сүйлөшүп, экспресс-тесттерди алганбыз", -деп айтып берди Анара.

Анара иштеген мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда анын 51 кесиптеши вирус жуктуруп алган. Анаранын айтымында, биринчи учурларда алардын индивидуалдуу коргоо каражаттары жетишсиз болгон. Бирок бул жөнүндө ойлоно турган учур эмес эле.

Ошол маалда вирус өлкө боюнча активдүү жайылып, бийлик бейтаптар менен байланышта болгон кишилерди табуу үчүн дарыгерлерди үймө-үй тест алууга жөнөтүп жаткан болчу.

Анара Сovid-19 менен ооруган Кыргызстандагы 190 медицина кызматкеринин бири. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, дүйнө жүзү боюнча вирус жуктуруп алгандардын 16 пайызын медицина кызматкерлери түзөт.

Дарыгерлер арасында вирустун тездик менен тарашы - адистердин жана коргонуу каражаттарынын тартыштыгынан улам деп эсептейт эксперттер. Кыргызстандын аймактарындагы ооруканаларда инфекция боюнча адис жана эпидемиологдор жетишпеген учурлар көп.

"Эпидемиологдор мобилдик бригадалардын курамында иштейт. Алар чалуулар боюнча барышат. Обсервацияга барышат, эмкана, стационарларды көзөмөлдөшөт,-дейт медицина тармагы боюнча эскпрет Бермет Барыктабасова. - Бир эле эпидемиолог же инфекционист ар түрдүү участкада иштөөгө аргасыз. Бир күндүн ичинде бир нече объектиге барып, жумуш күнү аяктаганда үйүнө кайтат. Жыйынтыгында инфекция алып жүрүшү мүмкүн экенине эч кандай кепилдик жок".

Санитардык-эпидемиологиялык кызмат жылына бир жолу атайын машыгуу жана текшерүүлөрдү өткөрүп турат. Бирок пандемия менен күрөшкө даярданууга бул жетишсиз деп эсептейт 54 жаштагы врач-терапевт Гульнара (өзүнүн өтүнүчү менен ысымы өзгөртүлдү). Ал пандемия башталгандан бери мобилдик бригада менен иштеп жүрөт.

"Биздин райондо үй карантинге алынган кишилердин тобу бар экенин кабарлашты. Бизге аларга барып анализ алып, температурасын текшерип, изоляция эрежелерин кандай сактап жатканын билип келүүнү тапшырышты. Ошол маалда бизде коргонуучу бир гана костюм бар эле. Аны бөлүштүрүп олтурган жокпуз. Хирургиялык беткап жана мээлей менен эле, башыбызга жоолук байлап жөнөп кеттик. Элестет, мага оңдой берди болуп, мен текшерген киши таза чыкты",-деп айтып берди Гульнара.

Эл алдында кечирим суроо

Кыргызстан пандемияга каршы даярдыкты январда эле баштаган. ДССУ коронавирустун жайылышын пандемия деп жарыялагандан кийин Кыргызстан менен коңшулаш Казакстанда массалык иш-чараларды чектеп, жума намазга тыюу салынып, мектеп, окуу жайлар жабылган. Көп өтпөй эле чек араларын толук жабышты.

Covid-19 Кыргызстанда алгач Сауд Арабиясынан келген зыяратчыдан табылган. Алар чет жерден келери менен эле үй карантинге алынган экен. Бирок кийин алардын карантин эрежелерин бузуп, 150 чамалуу киши чакырып ажы той өткөргөндөрү ачыкка чыкты.

Ош менен Бишкектен бир нече учурлар аныкталган соң, бийлик өзгөчө абал жарыялап, коменданттык саат киргизди. Калктуу конуштар ортосундагы карым-катнаш токтотулду. Зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоо эскертилди.

Өлкө боюнча дарыгерлердин 300дөй мобилдик топтору уюштурулуп, алдарды өлкө аймагындагы очокторго жөнөтүшкөн.

"Биздин кесиптештер мобилдик топтогу эпидемиологдон жуктуруп алган. Ал болсо Covid-19 менен ооруган бейтап менен байланышта болгон",-дейт Гульнара.

Мурда атайын коргоочу кийимдер менен жабдуу оорукананын өзүнүн эсебинде болчу. Коронавирус очогу түштүк облустары болуп калганда, мындай каражаттар ошол жакка жөнөтүлгөн.

Медициналык каражаттардын көбү Кытайдан келет. Ошондуктан чек ара жабылышы абалды татаалдаштырды, дейт ДССУнун Европалык кеңсесинин регионалдык директору Ханс Клюге. Маселен, Кыргызстанда медициналык беткаптарга баа алты эсе кымбаттап кеткен.

"Индивидуалдуу коргоо каражаттарынын тартыштыгы дүйнөлүк маселе болуп чыга келгенин унутпашыбыз керек. Пандемияга чейин эле көп өнүккөн өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагы жеткиликтүү каржыланбай келгени көрүнүп калды. Ошондуктан бул жерде дарыгерлер каармандык менен күрөштү. Өзгөчө алгачкы жардам көрсөткөн дарыгерлер тобу оор шартта иштеп, соккуну биринчилерден болуп алды",-деп Клюге.

Көп өтпөй Кыргызстанга ДССУ жана АКШ тарабынан берилген гуманитардык жардамдар келе баштады. Өкмөт дагы беткап, коргоочу кийимдерди чыгарууну жандантты. Бирок эпидемия менен биринчилерден болуп бет келишкен дарыгерлерди сактап калуу мүмкүнчүлүгү өтүп кеткен эле.

"Вирус жуктуруп алган учурлар каттала баштаганда, аларга (дарыгерлерге) өз алдыңарча коргоо каражаттарын камсыздап алгыла деп айтышкан. Медиктер өздөрү индивидуалдуу коргоо каражаттарын караштырып баштады. Бириничи костюмдардын сапаты начар эле",-дейт Бермет Барыктабасова.

Айрым дарыгерлер тобокелчилик менен иштеп жатышканын, шарттар өтө начар экенин коомдук сайттарга сүрөт жана видеолоррду жарыялоо аркылуу көрсөтүштү.

Алардын ичинен жаш дарыгер Бектур Апышевдин коомдук сайттагы баракчасына жазган билдирүүсү катуу реакция жаратты. Ал беткабынын сүрөтүн коюп, "мындан Covid-19 эле эмес, чымын-чиркей дагы өтүп кетет" деп жазган. Көп өтпөй бул билдирүүсү үчүн жетекчилиги чакырганы тууралуу жазды.

Ушундан кийин анын аккаунту убактылуу иштебей калды. Ал эми интернетте анын "жалган маалымат үчүн кечирим сураган" видеосу тарады.

Бул окуя кыргызстандык интернет колдонуучулардын назарына дароо илинип, начар шартта иштеп жаткан дарыгерлерге колдоо иретинде #BekTur хештэги менен билдирүүлөрдү жаза башташты. Би-Би-Си Апышевдин өзү менен байланыша алган жок.

Анын окуясы дүйнөлүк медианын көңүлүн буруп, өлкө парламентинде талкууланды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы депутаттардын кайрылуусуна жооп кылып, "эл алдында кечирим сурагандар өз ыктыяры менен ушуга барганын", аларга эч кандай басым, кысым болбогонун билдирген.

Өздөрү күнөлүүбү?

Дарыгерлер жарыялаган коомдук сайттардагы башка видеолордо киши толгон автобуста эч кандай санитардык эрежелерди сактабай баратышкандары тартылган. Тосмолордо туруп калышканы, велосипед менен жумушка барып жатышкандары көрсөтүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул сыяктуу даттанууларга жооп кылып, дарыгерлер өздөрү коргоо каражаттарын туура эмес колдонуп же жумуштан сырткары учурда вирус жуктурган кишилер менен байланышта болгон деп айтып чыкты.

Вице-премьер Кубатбек Бороновдун Оштогу балдар ооруканасынын дарыгери кесиптешине вирус жуктурган деп айтканы катуу талкууга түштү.

Вице-премьер ал дарыгер ажылык зыяратка барып келген коңшусунун үйүндө конокто болуп, андан кийин жумушка камырбай келип жүргөнүн айткан эле.

Көп өтпөй ошол медицина кызматкери кайрылуу жазып, Бороновдун айткандары менен макул эместигин, оорукананын кызматкери вирусту Covid-19 менен ооруган бейтаптан жугузуп алганын билдирди. Кийин вице-премьер кечирим сурады. Бирок ушундай эле мааниде сүйлөгөн башка дагы расмий кишилер болду.

Тагыраагы, медиктер арасындагы вирустун тарашы боюнча суроого жооп берип жатып, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов "индивидуалдуу коргоо каражаттарын туура эмес колдонуудан улам дагы болушу мүмкүндүгүн" айткан.

Мындай позициясын коңшулаш Казакстандын министрлиги дагы билдирип чыкты. Бул жерде дагы вирус жуккандардын төрттөн бири дарыгерлерге тиешелүү. Казакстандын расмийлери медиктер "эпидемиологиялык нормаларды сактабаганы үчүн" массалык жуктуруп алышы мүмкүн деген эле.

Эң оор кырдаал Алматыдагы шаардык клиникалык ооруканада болду. Бул жерде 360 кызматкерден коронавирус аныкталган. Алматынын башкы санитары дагы медиктерди коопсуздук чараларын сактаган эмес деп айыптап чыкты.

Оорукананын башкы дарыгери жумуштан кетип, оорукана карантинге жабылды. Вирустун массалык жугушу боюнча атайын иликтөө башталды. Шаардын башкы санитардык дарыгери дагы отставкага кетти.

Алматыдагы окуядан соң Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык дарыгерлерди коронавируска каршы анализ тапшырууга милдеттендирди. Ошондой эле оорукананы эки зонага бөлүүнү чечти. Кыргызстанда азырынча бул тууралуу маселе көтөрүлө элек.

Эки өлкөдө тең пандемия маалында дарыгерлерге кошумча төлөм убада кылышкан. Бирок дарыгерлер андай төлөмдү алыша электигин дагы айтып чыккан эле.Ошондой эле өкмөт вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте төлөп берүү жагын дагы убада кылган.