You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Пандемия: Кыргызстанда 800 миңге чукул киши жумушсуз
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Эл аралык эмгек уюму пандемиядан улам дүйнөдө эмгекке жарамдуу калктын жарымы быйыл жумушсуз калуу коркунучунда турганын билдирди.
Кыргызстанда карантин учурунда жумушсуз отургандардын саны 800 миңге чейин жетиши мүмкүн.
Коронавирустун кесепетинен улам дүйнө жүзүндө тейлөө тармагы, орто жана чакан бизнес, биринчи болуп туризм жабыркады.
Европа өлкөлөрү кирешенин 10 пайызын туризмден алганына карабай, эпидемия коркунучунан улам туристтер үчүн чек араларын ачууга шашылган жок.
Кыргызстандын экономикасынын 5 пайыз үлүшү туризмге туура келет. Пандемия башталганда эле аба каттамдары токтоп, көп мамлекеттер карым-катышын чектегенде, бул тармак дароо эле солгундаган.
Чет жерден туристтерди тарткан Бишкектеги AFA Travel туристтик агенттиги жумушун таптакыр башка багытка өзгөртүүгө аракет кылып жаткан экен.
"Быйыл турист болбойт деп эле жумуштарды кийинки жылга пландадык. Бир жыл жашап туруу үчүн башка багыттагы долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Биз ага мурдатан эле аракет кылчубуз. Өзү бизнести диверсификация кылыш керек окшойт. Азыр көп турфирмалар жабылып калды. Негизи туристтерибиз деле бар, биздин кардарлардын басымдуусу европалыктар, алар саякатын бир-эки жыл мурда уюштурат. Бул жылга акчасын төлөп койгондор, келем дегендер бар. Бирок аба каттамдары маселе болуп жатат", - деди туристтик агенттиктин өкүлү Асел Кожомжарова.
Экономиканын 39 пайызы орто жана чакан бизнеске туура келет.
Ишкерлер союзунун аткаруучу директору Эрлан Ерешеев орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү жумушсуздардын катарын толуктап калат деп кооптонот.
"Ишкерлер имараттын ижарасын төлөш керек, насыяларын бериши керек. Аларды убактылуу жылдырып эле койгону болбосо, ишкерлерге эч кандай колдоо болбой турат, - дейт Ерешеев. -Алар бизнесте айланта турган акчасын карантинде чыгымдарга жумшап салды".
Кыргызстандын өкмөтү башка мамлекеттер өңдөнүп ишкерлерге каражат же жеңилдетилген кредит берүүгө кудурети жок экенин айтып келүүдө.
БУУнун Эл аралык эмгек уюму дүйнөдө эмгекке жарамдуу калктын жарымы же 1,5 млрд киши маянасыз калышы мүмкүн дейт. Уюмдун башчысы мындай абалда чабал өлкөлөргө жардам берүүнүн маанисин белгиледи.
"Айрым экономикасы өнүккөн өлкөлөр пандемиянын социалдык жана экономикалык кесепетин жоюу үчүн чоң суммадагы акчаны жумшап жатат. Бирок Африка сыяктуу аймактарда көп каражат бөлүүгө мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр дагы арбын. Чынында, кризисти алдын алуу үчүн абдан көп акчага муктаж болгон өлкөлөрдүн ага мүмкүнчүлүгү жок. Демек, бүгүнкү күнү эл аралык кызматташуу, глобалдык тилектештик абдан маанилүү. Тилекке каршы, пандемия кризиси учурунда ал байкалбай жатат", - деди Эл аралык эмгек уюмунун башчысы Гай Райдер.
БУУнун Эл аралык эмгек уюму негизинен эмгек келишими жок иштегендер, тейлөө жана тамак-аш тармагындагылар жумушсуз калуу коркунучунда деди.
Кыргызстанда тигүү тармагында күнүмдүк акча табуу менен көп киши жанын багат.
"Тигүүчүлөр бүгүн эле жумуш издеп чыгышыптыр, сизде жумуш барбы деп келишти, - дейт Бишкектеги тигүү цехинин ээси Гүлзат Момунбекова. -Биздин жумушубуз тигүүгө буюртма берчүлөргө көз каранды болот. Колумда иштеген 20 чакты кыз-келиндин басымдуусу жанын эптеп багып туруу үчүн айылдарына кетишкен. Бишкекте калгандары акыркы акчаларыбызды жеп жатабыз деп жумуш күтүп отурушат. Биз буга чейин жайкы товарларды тигишибиз керек болчу. Биздин иш бул жылы толугу менен эле токтоп калат окшойт".
Экономика министрлигинин эсебинде карантин учурунда 800 миңге чейин жаран жумушсуз отурат. Бирок министрдин орун басары Афтандил Алыбаев бул убактылуу экенин, четинен баары жумушуна кайтып келет деген ишеничин билдирди.
"Коронавирус дүйнөнүн 200дөй өлкөсүнө таасир этти. Анын ичинде Кыргызстанда да кесепети сезилбей койгон жок. Негизинен кызмат көрсөтүү тармагына, орто жана чакан бизнеске, өнөр-жайга таасирин тийгизди. Ал ишканалар токтогондон кийин жумушсуздук пайда болду. Бул убактылуу деп айтсак болот, анткени ишканалар иштей баштаса, кайра акырындык менен калыбына келет деген үмүт бар. Бирок ага бир аз убакыт талап кылынат", - деди Би-Би-Сиге Алыбаев.
Кыргызстанда өткөн жылдары жумушсуздук 6 пайыздын тегерегинде болчу. Өкмөт быйыл ал 8 пайызга чейин жетет деп божомолдойт.