Балдарын саткан энелер

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Акыркы төрт жылда Кылмыш-жаза кодексинин "адам сатуу" беренеси боюнча 17 кылмыш иши катталган. Анын 60 пайызы балдарды сатуу менен байланыштуу. Кейиштүү жагы, балдар үчүнчү жактын гана эмес, ата-энелердин катышуусунда сатылып кеткен дагы учурлар бар.
Бала сатуу боюнча дагы бир окуя
Аты-жөнүн атагысы келбеген Бишкектеги бала бакчалардын биринин тарбиячысы Би-Би-Сиге кайрылып, бала сатууга байланыштуу окуя тууралуу сыр чечти. Анын айтымында, ошол эле бала бакчада иштеген жаш кыз быйыл никесиз кош бойлуу болуп калган. Ичи чоңойгондо кесиптештеринен корунган келин, иштен кеткен. Соңку учурда кыздын ата-энеси менен дагы мамилеси бузулуп, ошол эле бала бакчада иштеген башка тарбиячынын үйүндө туруп калган. Бирок келин ошол бойдон дайын- оту чыкпай жок болуп кеткен. Кийинчерээк ал көз жаргандыгы жана баласын сатып жибергендиги тууралуу айың кептер тарай баштаган.
"Бир күнү кызды жигити издеп келди жана бала сатылып кеткенин айтты. Баланын энеси дагы келип, келиндин кыз төрөгөнүн уктук. Менин кыз балам жок эле өзүм эле багып алмакмын деп анын дарегин сурады. Бирок кыздын телефону өчүк болгондуктан байланыша алган жокпуз. Ал эми аны баласын сатып жибергенин бир эмес эки киши тастыктады",- деди тарбиячы билгенин ортого салып.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда энеси өз баласын саткан учурлар буга чейин деле катталып келген. Маселен, быйылкы эле жылдын мартында Ошто 59 жаштагы аял ымыркай жээнин сатып, жыйырма миң сом алып жаткан жерден кармалды. Кийинчерээк укук коргоо органдары бул ишке баланын энесинин дагы катыштыгы бар экенин аныкташты. Эне баланы багууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан сатууга аргасыз болгонун айтыптыр. Аталган иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козгоду.
Ал эми эки жыл мурун укук коргоо органдары Чүйдө эне үч баласын тең 82 миң сомго сатып жибергени тууралуу маалымат тараткан.
2015-жылы дагы Нарын облусунун тургуну үчүнчү баласын Бишкектин тургунуна жыйырма миң сомго сатып жиберген.
Ошол эле жылдын жайында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 61 жаштагы тургуну анын кызы 2013-жылы 3,5 жашар баласын 25 миң сомго сатып жибергенин айтып милицияга арызданган.
"Кылмыш-жаза кодексинин "адам сатуу" беренеси боюнча 2014-жылы сегиз, 2015-жылы беш, 2016-жылы бир, 2018-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча үч иш козголду. Он жети кылмыш ишинин ичинен он төртү тергелип бүтүп сотко жиберилди. Айыпталып жаткандардын бири дагы акталган жок. Ал эми калган үч иш тергелүүдө", - деди ИИМдин Тергөө кызматынын Көзөмөл жана усулдук башкармалыгынын башчысы Рустам Махмудов.
ЮНИСЕФдин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Мунир Мамедзаденин айтымында, өлкөдө балдарын саткандардын көбү жакыр турмушта жашаган ата-энелер жана никесиз кош бойлуу болуп калган жаш кыздар. Ал өлкөдө бала сатуу фактысын алдын алуу үчүн бардык мамлекеттик кызматтар жапа тырмак иш алып барып, жалпы медициналык мекемелерге болгон көзөмөл күчөтүлүшү керек экенин айтат.
"Кыргызстанда кайсыл гана система болбосун, реактивдик ыкма менен иш алып барат. Балдарга болобу же башка ишке байланыштуу болобу, чуулгандуу маселе жаралса ошол замат баарыбыз дүрбөй баштайбыз. Ал эми убакыттын өтүшү менен ал маселе унуткарылып, кайра эле таз кейпибизге түшөбүз. Маселени жөнгө салуу үчүн үй-бүлөнү жана балдарды коргоо системасы туура түзүлүшү керек".
Адистердин айтымында, төрөттөн кийин ар бир эне стресске туш болот. Мындай учурда аял социалдык кызматкердин жана психологдун жардамына муктаж. Кыргызстандын медициналык мекемелеринде төрөттөн кийин аялдарга психологиялык жактан жардам берүү жагы каралган эмес. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдүн баарында мындай кызмат көрсөтүү бар жана психологдор көз жарган эненин баланы жеригенине жеткирбей, аны сатуу аракетин токтотуп калат.
Белгилей кетчү жагдай Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 124, тактап айтканда "адам сатуу" беренеси өзгөчө оор кылмыш катары эсептелип, аталган берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар 15 жылдан 20-жылга чейин эркинен ажыратылат жана эч кандай жеңилдик берилбейт.












