Бала сатуу боюнча шектүү дарыгерлердин ысымдары ачыкталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Саламаттык сактоо министрлиги бала сатуу боюнча шектелип жаткан дарыгерлердин ысымдарын атады. Маалыматка ылайык, алар Бишкектеги №1 жана № 18- үй бүлөлүк медициналык борборлордун кызматкерлери.
Шектелип жаткан дарыгерлер кимдер?
Элди дүрбөлөңгө салган бала сатуу кылмышына шектүү делген дарыгерлердин ысымы коомдук сайттарга жарыяланып, катуу талкууга алынууда. Маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо үчүн Би-Би-Си алар иштейт делген медициналык мекмелер менен байланышты. №18- үй бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси Тилек Жантайбеков шектелип жаткандардын бири аларда 2002-жылдан бери иштээрин ырастады.
"Бизге жеткен маалыматтар боюнча №18- үй бүлөлүк медициналык борбордо иштеген Чолпон Кененбаева аттуу гинеколог кылмыштуу иштерге шектүү катары сурак берип жатат. Бирок окуя биздин борбордон тышкары жерде катталган экен. Ал жеке медициналык мекемеде дагы иштечү. Ал эми иштен тышкаркы убактысын дарыгерлер кантип өткөрөт, биз көзөмөлдөй албайбыз. Тергөө жүрүп жаткандыктан, бизде деле толук маалымат жок".
№1-үй бүлөлүк медициналык борбордун жетекчисинин орун басары Бегайым Токтобекованын айтымында, Интернет айдыңында ысымдары жарыяланган төрт дарыгер алардын мекемесинде иштейт. Бирок ал кесиптештеринин аталган кылмыштуу иштерге катыштыгы жоктугун, алардын экөө эмгек өргүүсүндө экенин, жакында ишке чыга турганын айтып, дагы экөө кадимкидей эле тартипте иштеп жатышканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL
"Элвира Чудубаева жана Жибек Өмүрзакова бизде иштейт. Бирок булар өз ишин мыкты билген дарыгерлер. Ушунча болуп алардын терс кадамга барганын уккан эмесмин жана бизде андай мыйзамсыз иштер катталган эмес. Булар төрөт үйүндө иштебесе кантип бала сатмак эле? Ал эми Эркинай Молдакматова, Бактыгүл Турдалиева дегендер колоноскопия кылат, медициналык текшерүүдөн өткөрөт. Анан булар кантип кылмышка барат? Андай жолго барганга мүмкүнчүлүктөрү дагы жок",- деди Токтобекова.
Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Адил Эрмамбетов аталган маселе боюнча Би-Би-Сиге маалымат берип жатып, №1-үй бүлөлүк медициналык борбордун жетекчисинин орун басары Бегайым Токтобекова эмгек өргүүсүндө экенин билдирип, жакынкы күндөрү ишке чыгат деген эки дарыгер шектелгендердин катарында экенин айтты.
"№18-үй бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери Чолпон Кененбаева жана №1- үй бөлөлүк медициналык борбордун кызматкерлери Элвира Чудубаева менен Жибек Өмүрзакова учурда сурак берип жатат. Эгерде жогорудагы дарыгерлердин күнөөсү аныкталса, бир гана алар эмес, үй бүлөлүк медициналык борборлордун жетекчилиги дагы административдик жоопкерчиликке тартылат"- деди ал.
Ички иштер министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу көп маалыматты ачыктаган жок. Бирок министрлик жогорудагы аты аталган дарыгерлердин экөө убактылуу кармоочу жайда экенин билдирди.
"Мен учурда фамилияларын айта албайм, бирок жогорду сиз айткандардын экөө камакта. Алардын бири Элвира Чудубаева. Камакка алынган дарыгерлер кайсыл медициналык мекемеде иштегени тууралуу бизде так маалымат жок. Алардын арасында Казакстанда иштеген Кыргызстан жараны жана №4- төрөт үйүндө иштеген дарыгерлер дагы бар ",- деди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов.
Эскерте кетсек, 7-сентябрда бала сатууга шектелип Бишкектеги үй бүлөлүк дарыгерлер борборундагы гинекологдор кармалган эле. Ага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "адам сатуу", "мыйзамсыз бойдон алуу" жана "жалган документтерди даярдоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Иш боюнча беш дарыгер убактылуу кармоочу жайга камалган. Бири үй камагына чыгарылып, дагы эки дарыгер шектелүүдө. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.












