УКМК Белиз мамлекетинен эч кандай документтер келбегенин билдирди

Белиз мамлекетинен «Мегакомдун» акцияларына байланыштуу эч кандай документтер Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине түшкөн эмес.

"Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы болгон эле.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы болгон эле.

Бул жөнүндө бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

" 2018-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан келип түшкөн каттын негизинде УКМК тарабынан "Мегаком" компаниясына тиешелүү акциялар боюнча Белиз мамлекетинен алынган трасттык документтердин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кызматтык иликтөө өткөрүлгөн. Кызматтык иликтөөнү обьективдүү жана толук өткөрүү үчүн 2018-жылдын 4-июнунда УКМК төрагасынын буйругу менен комиссия түзүлүп, УКМКнын ар кандай башкармалыктарынын компетенттүү кызматкерлеринен турган комиссия тийиштүү иш аракеттерин жүргүздү. Бул комиссиянын алдына "Белизден расмий түрдө УКМКнын дарегине Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын "Мегаком" компаниясынын акцияларын сатуу жөнүндө түзүлгөн трасстык декларацияга тиешеси бар деген документтер келип түшкөнбү? Эгерде келип түшсө, качан жана кандай номур менен катталган? Ал документтер бүгүнкү күндө кайда?",- деген суроолор коюлган. Аталган комиссия кызматтык иликтөө учурунда УКМКга тиешелүү бардык оперативдик башкармалыктар жана катчылык аркылуу маалымат алганда, 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө "Мегаком" компаниясына таандык акциялар боюнча трасстык документтер Белиз мамлекетинен расмий түрдө УКМКга келип түшпөгөнү жана ал документтер УКМКда катталбаганы аныкталган. Өткөрүлгөн кызматтык иликтөөнүн материалдары Башкы прокуратурага 10-июлунда түп нускада жиберилген",-деди Бакытбек Мүсүралиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев офшшордон келген документтер жасалма эмес, расмий түрдө алынган документ экенин белгилеп, аны президенттин колуна тийиштүү тартипте тапшырганын билдирип, бул ишти "Матрешка гейт" менен салыштыруу таптакыр орунсуз деп айтканы бар.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев офшшордон келген документтер жасалма эмес, расмий түрдө алынган документ экенин белгилеп, аны президенттин колуна тийиштүү тартипте тапшырганын билдирип, бул ишти "Матрешка гейт" менен салыштыруу таптакыр орунсуз деп айтканы бар.

"Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы болгон эле. Ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев "Ата Мекен" фракциясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Альфа Телекомдун" 50 пайыз акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго Индира Жолдубаевага Southfield оффшордук компаниясынын акцияларынын ЖКнын үч депутатына тийиштүүлүгү жөнүндө документтерди текшерип чыгуу жөнүндө тапшырма берген.

Кийин Жогорку Кеңеш "Мегаком" компаниясынын акцияларын оффшордук компанияга сатууга үч депутаттын кызыкчылыгы болгону жөнүндө башкы прокурор менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын маалыматын угуп, талкууга алган.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев офшшордон келген документтер жасалма эмес, расмий түрдө алынган документ экенин белгилеп, аны президенттин колуна тийиштүү тартипте тапшырганын билдирип, бул ишти "Матрешка гейт" менен салыштыруу таптакыр орунсуз деп айтканы бар.

"Ата Мекен" фракциясы "Белизгейт" жаңжалын атайын уюштурулган саясый чагым болгонун айтып, ага тиешеси барларды жоопко тартууну талап кылып келүүдө. (AbA)