А. Өмүрбекова: Парламентти азыркыдай алсыратуу болбошу керек

Алтынай Өмүрбекова: 2020-жылы Баш мыйзамга карата коюлган мараторий алынат. Ошондо чындап Конституциялык реформа жасашыбыз керек

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алтынай Өмүрбекова: 2020-жылы Баш мыйзамга карата коюлган мараторий алынат. Ошондо чындап Конституциялык реформа жасашыбыз керек
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жаңы шайланган президенттин кызматка киришүүсү менен удаа эле Кыргызстандын Баш мыйзамындагы өзгөртүлгөн бир нече беренелер да күчүнө киргени турат. Би-Би-Си бул кайсы беренелер жана мурдагыдан кандай айырма болот деген суроо менен Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбековага кайрылды

Алтынай Өмүрбекова: 1-декабрда Баш мыйзамдын беш беренси күчүнө кирет. Дал ушул беш берене аябай кызуу талкууларды жаратканын баарыбыз билебиз. Биринчиси, фракциялардын көпчүлүк коалициядан чыгуу тартиби. Мурда кайсы бир фракция чыгам деп туруп эле коалициядан чыгып кетчү. Эми фракция чыга турган болсо добуш берилет, чыгам деген ар бир депутат кол коюшу керек. Менимче бул туруктуулукка алып келе турган жакшы норма болду. Мурда болсо кайсы бир маселеси чечилбей калса деле, лидерлер бири-бирин коркутуп чыгам дей берчү.

Экинчи, депутат премьер-министр, вице-премьер-министр ошол эле убакта депутат да боло алат. Мен ойлойм бул туура эмес. Премьер-министр, вице-премьер-министрлер аткаруу бийлигинин өкүлдөрү. А депутат мыйзам чыгаруучу. Булар эки башка бутак да . Эми элестетип көрөлү, премьер-министр же орун басары экөө тең депутат болсо бул конфликтке алып келе турган норма. Себеби бири-бирине баш ийбей, менде да мандат бар деп чыгат. Бюджет же башка маселе карала турган болсо алар өзүнө-өзү добуш береби?

Үчүнчү, көпчүлүк коалиция кулап атканда шайланган төрага дагы өзүнүн ыйгарым укугун дагы бир жолу бекитиши керек болуп калат. Бул туура эмес. Анткени төрагалыкка көпчүлүк коалициянын эле өкүлү шайланбайт да. Балким оппозициядан шайланып калат. Анда кандай болот? Опозициядан шайланган төраганын ошол тарапаткан коалицияга кандай тиешеси бар?

Төртүнчү, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейди. Бул да бир аз туура эмес норма болуп калды. Айтайын дегеним 120 депутат үч окуудан өткөрүп бюджетти кабыл алды деп коёлу. Кол коюу үчүн аны президентке жөнөтөт. Азыр премьер-министр президентке барып кол койбоңуз, өкмөткө бул жакпай жатат деп айтышы мүмкүн, жаңы өзгөрүүдө өкмөт башчыга ушундай укук берилип жатат. Албетте кийинки жолу депутаттар ал өкмөт башчыга каршы чыгып, конфликт болот. Биз 120 депутат чечим кабыл алып атсак, сиз бизди сыйлабай президентке барып сүйлөшүп алдыңыз дебейт деп ким кепилдик берет. Конфликт бар экени айдан ачык көрүнүп турбайбы. Мурун мындай берене жок болчу.

А. Өмүрбекова: 2020-жылы Баш мыйзамга карата коюлган мараторий алынат. Ошондо чындап Конституциялык реформа жасашыбыз керек
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, А. Өмүрбекова: 2020-жылы Баш мыйзамга карата коюлган мараторий алынат. Ошондо чындап Конституциялык реформа жасашыбыз керек

Бешинчи, кадр маселесине байланыштуу. Мисалы өкмөт башчы кайсы бир министрди кызматтан алуу үчүн президентке кайрылат. Беш күн ичинде президент жооп бербей турган болсо анда премьер-министр министрди өзү эле кызматтан алып койгонго укуктуу. Мунун кереги жок болчу. Эгер мындай боло турган болсо президентке кайрылып же кайрылбай коюунун мааниси барбы? Эксперттер да бул боюнча пикирин билдиришкен.

2020-жылы Баш мыйзамга карата коюлган мараторий алынат. Ошондо чындап Конституциялык реформа жасашыбыз керек.

Би-Би-Си: Дүйшөмбү күнү президент Алмазбек Атамбаев, парламенттик системаны өнүктүрүү керектигин билдирди. Баш мыйзамдагы ушул өзгөрүүлөр президенттин айтканына канчалык өбөлгө түзө алат?

Алтынай Өмүрбекова: Ага шарт бар. Азыр бийликтин 3 бутагы тең күчтүү. Болгону узурпацияга жол бербей так иштеши керек. Президент сөзүн келечекте чыныгы парламенттик мамлекет болушубуз керек деген ойдо айтты деген ишенимдедмин. Балким Германиядагыдай болуп, президентти парламент шайлап калышы мүмкүн. Парламенттин ыйгарым укуктары көбөйүшү керек. Ал азыр деле аз эмес, бирок парламентти азыркыдай алсыздандырган болбойт. Эмне үчүн алсыз деп айтып жатам? Иш козгоп, коркутуп-үркүтүү болбошу керек. Андай болбошу үчүн парламентке таза, артында ыпылас иши жок адамдар келиши зарыл. Бизге мокок эмес, курч парламент керек. Парламенттин микрофон, трибуна деген гана күчү бар.