Казак бийлигине жакпай, калкына жаккан Атамбаев

Сүрөттүн булагы, official
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Президент Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрдагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзү ички да, тышкы да саясатта чыңалууга алып келген саясий жүрүш катары бааланып жатат.
Жарандык коом Баш прокуратурадан өлкө башчысынын шайлоо өнөктүгү тууралуу сөздөрүнө мыйзамдык баа берүүнү талап кылууда.
Ал эми Казакстандын ТИМи Атамбаевдин казак жетекчилиги тууралуу айткандарын жоопкерчиликсиз, чагым жана шайлоо алдындагы максаттарды ишке ашыруу үчүн жалган сөздөрдөн куралды деген билдирүү таратты.
Атамбаев казак социалдык желелеринде колдоо тапты
7-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 150 чамалуу адамга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Сыйлыктарды тапшыруу аземинде президент негизинен шайлоо темасына басым жасап, айрым талапкерлерди жана казак бийлигин катуу сындап өттү.
Атамбаев кошуна мамлекеттин жогорку жетекчилиги жана олигархтары Кыргызстандагы президенттик шайлоого кийлигишип жатканын айыптады.
"Мен Назарбаевдин Бабанов менен жолуккандагы "Кыргызстанда жаш адам президент болсо жакшы болот" деп айткан сөзүн колдойм. Бирок бизде президенттикке эң улуу талапкер Назарбаевдин 20 жашка кичүү. А мен андан 16 жашка кичүүмүн. Ошондо жаш президент кимге керек? Бизгеби же Казакстангабы?" - деген суроо койду Атамбаев.
Кыргыз президентинин бул сөзү казак социалдык желелерде кызуу талкууларга жем таштады.
YouТube видео-хостингинин казак сегментинде Атамбаевдин видеосу жарыяланып, алардын бири 400 миңден ашык көрүлүп, үч миңге жакын комментарийлер топтоду.
Комментарийлердин көбү Атамбаевди колдоо сөздөрүнөн турду.
"Президент байтараптуулукту сактасын"
Президенттин соңку билдирүүсүнөн көп өтпөй "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы билдирүү таратып, анда президент Алмазбек Атамбаев талапкерлерге карата бейтараптуулук принцибин сактабай жаткандыгы айтылат.
Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде "Өмүрбек Бабановго шайлоодон кийин кылмыш иши ачылышы мүмкүндүгүн эскертүүсү бул - ага добуш бербөө керек деген айдан ачык чакырык эсептелет" деп баа берилет кыймыл билдирүсүндө.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Президент өзүнүн талапкеринин сөзүн кайталап, Бабановду керек болсо түрмөгө камайм деген көз карашын коомго таратып, ал аркылуу талапкерге түздөн-түз басым жасап жатат. Коомдун колдоосун жок кылганга, аны коркутууга аракет кылып, президент өзүнүн калыстык милдетинен таюуда",- деди Би-Би-Сиге "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын мүчөсү Равшан Жээнбеков.
Бул себептүү "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы Баш прокуратурага кайрылып президент Атамбаевге "Президент жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамдарындагы талаптарды бузгандыгы үчүн расмий эскертүү берүүсүн талап кылды.
"Аймактагы чыңалууга алып келген билдирүү"
КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча россиялык эксперт, эл аралык-журналист Аркадий Дубнов аймакта ыраматылык Түркмөнбашы 2002-жылы Өзбекстанды ага карата кол салуу үчүн айыптагандан бери, коңшулардын мамилеси мынча чыңала электигин эскерди.
Бирок ал Түркмөнстан да, Өзбекстанда да анда дагы, азыр деле Россия менен союздаш мамлекеттерден эмес экенин белгиледи.
"Алардан айырмаланып Казакстан менен Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жана Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр. Чынын айтканда, эгер Атамбаевдин фаворити Жээнбеков шайланса, анан азыркы кызуу кандуу патрону үчүн ачык кечирим сураганга эрки жетпесе эле, эми өлкө президенттеринин жакын арада жолугушуусун элестетүү кыйын"- деп жазды "Эхо Москвы" сайтындагы өз колонкасында Аркадий Дубнов.

Сүрөттүн булагы, RFI
Дубнов Атамбаевдин эмоционалдуу билдирүүсү жана казак бийликтерин айыптоосун президенттик шайлоого байласа, казакстандык эксперт Досым Сатпаев бул айыптоолор жалаң гана шайлоолор менен байланыштуу деп эсептебейт.
"Таарынычтар көпкө топтолуп келген. Эки өлкө ортосунда жараңка мурун эле кеткен. Мисалы, Астанага карата кыргыз бийлигинин олуттуу дооматтары шайлоолорго чейин эле болуп келген. Кыргызстан ЕАЭБге кирер алдында Бишкек кыргыз продукцияларын жаңы рынокко алып чыкканга Казакстан атайын тоскоолдуктарды жаратты деген ойдо болду. Ишенимге ошондо доо кетип, кара мышык аралаган. Казакстандын андан кийинки берген 100 миллион доллары деле ал жараңканы бүтөй албады",- деген Сатпаев "Фейсбуктагы" баракчасында.
"Казак-кыргыз мамилеси салкындашы мүмкүн, бирок үзүлбөйт"
Кыргызстандын өзүндө Атамбаевдин айткандары боюнча бирдиктүү пикирлер жок. Айрымдар, президент катуу кеткенин айтышса, кээ бирлери туура сөздү айтканын белгилешүүдө.
Кыргызстанда социалдык баракчаларда президентти колдогондор "Атамбаев казак элинин көөдөнүнө эркиндиктин үрөөнүн септи" таризинде пикирлер жазышты.
Ошол эле маалда дипломатияда сын айтуунун жол-жоболору бар экендиги да жүйөө кылынып жатат.

Сүрөттүн булагы, official
"Тыйын-тыпыр бергени, колдогону билинсе, башка ыкмалар бар да. Нота деген бар. Президенттер телефон аркылуу сүйлөшүп, чара көргөнгө макулдашат. Башка мамлекеттерде ошондой тажрыйба. Жеке аброюна шек келтирген сөздөр айтылбайт. Тилекке каршы, абал азыр өтө татаалдашып кетти", - дейт экс-Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов.
Бирок анын пикиринде салкындаган мамиле шайлоолордон кийин баары бир оңолот.









