Бишкектин каршылык нотасына Казакстан катыра жооп берди

Наразбаев менен Бабановдун жолугушуусу.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 19-сентябрда казак президенти Нурсултан Назарбаев Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып, аны кыргыз калкы колдосо, казак калкы да колдойт деген каалоо-тилегин билдирген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү болуп жатканы жөнүндө Бишкектин дооматын четке какты. Бишкектин каршылык нотасына кайтарылган жоопто президент Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттикке талапкер Ѳмүрбек Бабанов менен жолугушуусу эл аралык тажрыйбага туура келет деп айтылат.

19-сентябрда казак президенти Нурсултан Назарбаев Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып, аны кыргыз калкы колдосо, казак калкы да колдойт деген каалоо-тилегин билдирген. Ошондон кийин расмий Бишкек бул эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп жатат деп казак элчисин чакыртып, каршылык нотасына колуна тапшырган.

Казакстандын жообу көп күттүргөн жок. Ошол эле күнү Астанадан келген жоопто Бишкектин дооматы суу кечпей турганы, ал түгүл эки элдин бир туугандык мамилесине зыяны тие турган сөз экени айтылат.

Мамлекет башчынын ар кандай өлкөлөрдүн көрүнүктүү саясий ишмерлери жана саясий партиялардын башчылары менен жолугушуусу байма-бай болуп келген көрүнүш жана эл аралык тажрыйбага толугу менен жооп берет деген Казакстандын Тышкы иштер министрлиги.

"Мисалы, 14-августта мамлекет башчы ошондой эле жолугушууну Кыргызстандагы президенттикке башка талапкер, экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен өткөргөн. Андан сырткары, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мамлекет башчынын сөзүн туура эмес чечмелегенине таң калганыбызды билдиребиз. Жогоруда айтылган жолугушуу учурунда Казакстандын президенти КР президентине кайсы бир талапкерди колдоп сүйлөгөн эмес. Ал түгүл, кыргыз өкүлдөрү менен Астанада жана Алматыда болгон жолугушуулар учурунда мамлекет башчы кыргыз калкынын ишенимине татыктуу болуп шайланган Кыргызстандын президенти менен эффективдүү иштөөгө даяр экенин билдирген. Ушуга байланыштуу, кыргыз тараптын ички иштерге кийлигишүү, Кыргызстан калкынын тандоо чечимине таасир көрсөтүү аракети жөнүндө жоромолдорун чечкиндүү түрдө четке кагабыз",-деп айтылат Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жооп катында.

Бийликти тынчсыздандырган биригүүлөр

Бакыт Төрөбаев 17-сентябрда Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуу учурунда Өмүрбек Бабанов менен бириккенин расмий жарыялады.

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бакыт Төрөбаев 17-сентябрда Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуу учурунда Өмүрбек Бабанов менен бириккенин расмий жарыялады.

Дипломатиялык бул кайым айтышуу Кыргызстандагы президенттик шайлоо ѳнѳктүгү кызыган этабына кирген учурда, бийликтеги СДПК партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго каршы оппозициядагы талапкерлердин биригүүсү күч алган учурда болуп жатат.

Жекшембиде негизги талапкерлер катары каралып жаткан Ѳмүрбек Бабанов ("Республика" партиясынын лидери) менен Бакыт Төрөбаев ("Ѳнүгүү-прогресс" партиясынын лидери) биригип, шайлоого бирге баруу жөнүндө тандем түзүштү. Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр болот деген келишим менен шайлоого бирге бармай болушту. Бул Бабановдун президенттик жарышта алдыга суруулуп чыга баштаганын жана башка талапкерлердин дагы анын айланасына биригүү ыктымалдыгы жогору болуп баратканын көрсөтөт.

Ошол эле учурда бийликтин талапкерине каршы биригүү идеясы дагы чоң талкуунун жемине айланды. Президенттик жарышка экинчи жолу катышып жаткан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров бийликтеги партиянын талапкерине каршы калган он эки талапкерлерди бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирүүдө.

Ошондуктан ушундай шартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып, ага колдоосун билдирип жатканы расмий Бишкектин, атап айтканда бийликтеги саясий күчтөрдүн тынчын кетирүүдө.

Атамбаев: "Башка элдин башчыларына алданып кетпейли"

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында катышып, сөз сүйлөдү.

Сүрөттүн булагы, President.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында катышып, сөз сүйлөдү.

Ушул күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындарына катышып жаткан президент Атамбаев эл аралык трибунадан сүйлөгөн сөзүндө соңку окуяларга өзүнчө бир реакция бергендей болду.

Ал өзүнүн сөзүнүн аягында Кыргызстандын калкына кайрылуу жасап, "кайрадан башка элдин башчыларына, башка элдин байларына алданып кетпейли! Кайрадан кыргыз ажосунун башына башкалар кашык менен ойнобосун!" -деп айта кетти. (КС)